Пятница, 19 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Идеология – улуттук баалуулуктарды камтыган идеялардын жыйындысы

19-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында  Президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын жана “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу” тескемесинин алкагында “Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары жөнүндө” кереге кеңеш болуп өттү.

Кыргызстандагы коомдук-гуманитар-дык илимдердин, улуттук, мамлекеттик идеологиянын, мектептерде, атайын орто, жогорку окуу жайлардагы коомдук-гуманитардык билим берүүнүн азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кеңешме КР УИАнын Президиуму тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдер багытында алектенген 300дөн ашык илимпоз-окумуштуулар катышышты. Аны менен катар кереге кеңешке чакырылгандардын дээрлик көпчүлүгү өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунда (КУУ, ОШМУ, БГУ, КТУ, КМУ) онлайн катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынды КР УИАнын вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Ч.И.Арабаев ачып: “Өлкөбүздөгү коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу” аталышындагы кереге кеңештин кезектеги жыйынын өткөн жылы Улуттук илимдер академиясында коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштууларынын катышуусу менен эки жолу өткөргөнбүз. Ал эми бүгүнкү өткөрүп жаткан кереге кеңеш Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 13-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий жактан өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун идеологиялык стратегиясы” аттуу тескемесиндеги коюлган тапшырма-милдеттерди аткаруу максатында өткөрүлүүдө. Учурда идеология боюнча ар кандай кайчы пикирлер айтылып, массалык маалымат каражаттарында ар түрдүү макалалар жарыяланып келүүдө. Идеология – бул көз караштардын, пикирлердин, жүрүм-турумдардын, психологиялык мамилелердин, ишенимдердин теориялык жактан иштелип чыккан системасы. Менимче Кыргызстандын мындан аркы идеологиялык багыттарынын булактары болуп – улуттук нарк, элибиздин кылымдарды карыткан каада-салты, жакшылык жамандыкта таянган үрп-адаты жана Баш мыйзамыбыз саналышы керек”, – деди.

Жыйында алгы сөз КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор К.Е. Абдрахматовго, КР мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетовго, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулуна, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулуна берилди. Андан соң саясат таануу илимдеринин доктору Ж.С. Сааданбеков, президенттин кеңешчиси Б.И.Бөрүбашов, окумуштуулар: М.М.Мамытов, А.А.Асанканов, А.А.Акматалиев, З.К.Курманов, Н.К. Саралаев, Дж.С. Джаилов, Э.М.Мамбетакунов, Ж.Ж.Жоробеков, Ж.А. Касаболотов ж.б. баяндама жасашты.

Окумуштуулар Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдер, улуттук, мамлекеттик идеология, мектептерде, атайын орто, жогорку окуу жайлардагы коомдук-гуманитардык билим берүүнүн азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, сапатын көтөрүү жана айрым коомдук-гуманитардык предметтердин таптакыр алынып салынгандыгы, окуу китептериндеги мүчүлүштүктөр жөнүндө өз ой-пикирлерин ортого салышып, учурдун актуалдуу маселеси экендигине токтолушту.

Коомдук илимдердин проблемаларын талкуулоо учурунда өлкөдө коомдук-гуманитардык илимдер боюнча илимий-изилдөө иштеринин абалы тынчсыздандырганын билдиришип, мамлекетке зарыл болгон кайсы бир тармактагы маселелерди изилдөө боюнча мамлекеттик тапшырыктын жокко тете экендигин, изилдөөчүлөр өзүлөрү каалаган темага гана кайрылып жатышкандыктары айтылды. Окумуштуулар 90-жылдардагы коомдук-саясий системанын либералдык-демократиялык трансформациясы идеологиялык принциптердин өзгөрүшүнө жана коомдогу руханий баалуулуктардын башка нукка бурулушуна түрткү бергендигин белгилешти. Ошондой эле 2000-жылдары коомдо жана мамлекеттик структураларда илимге карата риторика жакшы жакка өзгөргөнү менен мамлекеттик илимий-техникалык саясатта реалдуу өзгөрүүлөр болбогондугу, илимий кадрлардын ишмердүүлүгүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизип, коомдук илимдердин ролунун төмөндөшүнө алып келгендигин баса белгилешти.

Коомдук-гуманитардык илимдердин окумуштуулары фундаменталдык жана прикладдык илимдердин артыкчылыктуу багыттарына кризистен чыгуунун жолдорун изилдөөдө чыгармачылык жигердүүлүктү жана инновациялык духту көрсөтпөй жатышкандыктары, илимди каржылоонун деңгээли жетишсиз боюнча калгандыгы жана илимий кадрлар башка өлкөлөргө чыгып кетип жаткандыгы тууралуу, ошондой эле КР УИА фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн координациясын натыйжалуу ишке ашырууга тийиш экендиги, анын ичинде коомдук илимдер боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишмердигин бириктирип, илимдердин өз алдынча өнүгүшүн гана эмес, коомго жана мамлекетке реалдуу пайда алып келе турган, тагдырды өзгөртүүчү орчундуу программалардын, маселелердин чечилишине өбөлгө түзүүсү керектиги айтылды.

Кереге кеңеш коомдук-гуманитардык илимдерди өнүктүрүүнүн, координациялоонун жана интеграциялоонун, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, жыйынтыгында: 1. Республикада коомдук-гуманитардык изилдөөлөрдү координациялоо жагынан илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана негизги багыттарын жыл сайын талкуулоо; 2. КР УИАнын коомдук-гуманитардык изилдөөлөрүнүн төмөнкү багыттары боюнча илимий иштерди активдештирүү; а) Коомдун руханий өнүгүүсүнүн социалдык-философиялык аспектилери; б) Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, потестардык (бийликтик) жана саясий процесстер (байыркы доорлордон баштап бүгүнкү күнгө чейин); в) Кыргыз мамлекетинин саясий системасынын жана улуттук коопсуздугунун түзүмү; г) “Манас” эпосунун ролу; д) ЕАЭБ жана КЭРдин “Бир алкак  – бир жол” демилгесинин алкагында Кыргызстандын экономикасы: жыйынтыктар жана өнүгүү перспективалары. 3. КР УИАнын ЖОЖдор жана тармактык илимий изилдөө мекемелери менен илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана интег-рациялоо; 4. Коомдук-гуманитардык илимдер боюнча кадрдык потенциалды чыңдоо максатында КР Билим берүү министрлигине төртүнчү муундагы стандарттарга “Философия”, “Саясат таануу”, “Мамлекет жана укук” предметтерин киргизүү, ошондой эле бул адистик боюнча ЖОЖдорго бюджеттик негизде кабыл алуу сунушунун негизинде токтом чыгарылып, кереге кеңештин Резолюциясы кабыл алынды.

КР УИАнын вице-президенти Ч.И.Ара-баев кереге кеңештин отурумун жыйынтыктап жатып, өлкө жарандарын руханий жактан өнүктүрүү жана калыптандыруу идеологиясы өтө жоопкерчиликтүү жана ыйык, ага өтө кылдат мамиле кылуу керек деген пикирин айтты. Ошондой эле ал: “Албетте, Кыргыз Республикасынын эң жогорку, улуттук илимий мекемесинде окумуштуулардын этикасын сактоо менен бүгүнкү кереге кеңешти жогорку деңгээлде жыйынтыктадык деген ойдомун. Анткени Резолюциянын долбоору бир добуштан кабыл алынды”, –  деди. Соңунда жыйындын катчылыгы бардык сунуш-пикирлерди топтоо менен Резолюциянын долбоорун КР Президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине жибере тургандын билдирди.

КР УИАнын президенти, профессор Канатбек АБДРАХМАТОВ: “Кыргыз тарыхчыларында бөлүнүү пайда болду”

– Бүгүнкү жыйынга коомдук-гуманитардык илимдер багытындагы белгилүү окумуштууларды, академиктерди,  жогорку окуу жайлардын окутуучуларын чакырдык. Себеби, акыркы мезгилдерде коомдо бул багытта бир катар көйгөйлөр жаралды. Ошол көйгөйлөрдү биргеликте чечип алалы деген максатты көздөдүк.  Жакында эле россиялык тарыхчы Виктор Козодой Россиядан Кыргызстанга келди. Ал былтыр “Сибирь кыргыздарынын тарыхы” деген китепти жазган. Ал китеп бир күндө 2 миң нускада сатылган. Китеп жарыкка чыкканы кыргыз тарыхчыларында бөлүнүү пайда болду. Биринчиси – В.Козодойдун жазганын колдогондор, экинчиси – В.Козодойдун жазганын туура эместигин айтышып, ага каршы чыккандар. Ошондуктан бүгүнкү жыйында бул боюнча да сиздердин пикириңиздерди угалы дедик.

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу” боюнча тескемесине жооп бергенге жана кыргыз идеологиясын иштеп чыгууга күчүбүз жетеби, жазып чыга алабызбы деген суроолор жаралууда. Менимче бүгүнкү жыйында мына ушул суроолорго жооп берип, резолюция кабыл алып, сунуштарыбызды Президентке жолдойбуз деген ишеничтемин.

Мамлекеттик катчыь Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Идеологиялыкь багыттардыьаныктоодо илимге таянышыбыз керек”

– Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы учурдагы абалы тууралуу маалымат угалы деп бүгүнкү жыйынга келип отурабыз. Президенттин Указы менен “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу” узак мөөнөткө бекитилди. Идеологиялык иш алып баруунун негизги багыттарын аныктоодо илимге таянып иш алып барабыз деген абдан жүйөлүү пикир айтылды.

Бүгүнкү жыйынга келерде Президентке жолугуп, “Аксакалдардын акылына таянып, кылымдарды карытып келген элбиз, администрациянын кызматкерлери менен биргеликте УИАсында, академиктердин окумуштуулардын кеңешине баратабыз” десем, аябай кубанып, “илимге таянган кандай гана мамлекет болбосун анын кадамы ишенимдүү да, кенен да болот, ошол жерде айтылган сөздөрдү коомчулукка жеткиргиле”, – деди. Мамлекет башчы түзгөн жумушчу топ, ар бир ушундай жыйындарда айтылган ой пикирлерди, сунуштарды таблица түрүндө топтоп келе жатат.

Идеологиялык багыттарды аныктоо боюнча аймактарда көптөгөн жыйындардагы пикирлерди, маалыматтарды жыйнап жатабыз. Кыргызстандын соңку 30,40 жылдык тарыхынын идеологиясы тууралуу сунуштарыңыздардын баарын ЖМКларга, интернет булактарына жарыялоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Улуттук, мамлекеттик идеология жөнүндөгү сунуш-пикирлериңиздерди сиздер менен кеңешип, талкуулап, кайсы учур болбосун кабыл алууга даярбыз.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул АБАЗБЕК уулу: “Баалуулуктарды билген адам гана жашоодо өз ордун таба алат”

– Азыркы мезгилде коомдук-гума­нитардык илимдердин маданиятты калыптандырууда, коомду өнүктүрүүдө жана тарыхыбызда мааниси баа жеткис. Биз улуттук маданияттын жана тарыхтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бул тармакты активдүү өнүктүрүүгө умтулушубуз керек. Ар бир жаш өспүрүм өз мекенин жана жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз эли-жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада салтын билген, аны баалап түшүнө алган билимдүү адам гана жашоодо өз ордун таба алат.

Азыр биз кескин өзгөрүүлөр коштогон мезгилде жашап жатабыз. Бул абал байыртан келаткан руханий баалуулуктарга маани берилбей таалим тарбиянын солгундап кеткендигинен, адеп-ахлактын бузулгандыгынан, адамдын нарк-насилдик баалуулуктарынын төмөндүгүнөн түзүлүүдө деп окумуштуулар айтышууда. Адамзаттын түбөлүктүү баалуулуктары күнүмдүк материалдык кызыкчылыктардын көлөкөсүндө калып, улам четке сүрүлүп барат. Албетте, биз адамзаттык өнүгүү жолунан четте калууга акыбыз жок. Бизге жалпы улуттук деңгээлдеги калкыбыздын биримдигин, анын ар бир жаранынын жашоо маңызын аныктай алган идеялар керек. Бул багытта концепцияларды ишке ашырууда коомдук-гуманитардык илимдердин ролу абдан маанилүү. Буга чейин болуп келген жетишсиз каржылоо жана мамлекеттик колдоонун алсыздыгы коомдук-гуманитардык тармактарда илимий иштерди өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдугун жараткан. Өткөн жылда мамлекет тарабынан колдоо иретинде 120 миллион сом каражат бөлүнүп берилди. Коомдук-гуманитардык илимдерди өнүктүрүүдө каржы, кадрларды даярдоо маселесин чечип, кызматташтыкты жогорулатууну жолго коюшубуз керек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
Чыңгыз ЭСЕНГУЛ уулу:
“Жаштар интернет аркылуу дүйнө таанымын калыптандырууда”

– Учурда Кыргызстандын калкынын 70 пайызын жаштар жана балдар түзөт. Анын 35 пайызы 14 жаштан 35 жашка чейинкилер. Кыргызстан эгемендигин алган жылдарда төрөлгөн балдар бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын жаштары. Алар кандай идеология менен чоңойду? Бүгүнкү күндө элдин 95 пайызы интернетти колдонгондор, анын ичинен телевидение артка жылып, эң көп маалымат алуу булагы интернет болуп калды. Көпчүлүк социалдык тармактар аркылуу маалымат алып жатышат. Демек, алар интернет булактары аркылуу өзүнүн дүйнө таанымын калыптандырып жатышат. Жаштар интернетте өзүнүн тарыхын, уруусун изилдөө боюнча бир топ маанилүү видео роликтерди жаратып жатышат.

Ошондуктан биз улуу муундагылар менен жаштарды айкалыштырып, алардын көз караштарына, дүйнө таанымына ылайык келген маалыматтарды камтыган видеолорду чыгарып, аларга жайылтуу жолун дагы өздөштүрүүнү уюштурсак. Интернет булактарынан агылып келген ар кыл багыттагы маалыматтын көптүгүнөн жаштар эмнени окуурун, кимге ишенерин билишпейт. Биз жаштарга ылайыктап, муну оку, булардан таасир ал деген маалыматты берсек. Жаштарга идеологиялык багыт берүүдө мамлекет аралашпаса болбой тургандыгын убакыт өзү көрсөттү.

КР УИАнын ардактуу академиги Жумагул СААДАНБЕКОВ: “Илимдин доктору болуп туруп 15 000 сом айлык алуу уят”

– “Коомдук-гуманитардык илимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тес-кемесин ишке ашыруу боюнча милдеттер жөнүндөгү” баяндамамдын бардыгын окуунун кажети жок. Анткени ал бул жыйындын катышуучуларынын ар биринин алдында турат жана ал ЖМКларга жарыяланган. Мен токтолоюн деген дагы бир орчундуу маселе бар. Ал Улуттук илимдер академиясында эмгектенген кызматкерлердин, окумуштуулардын эмгек маянасынын аздыгы, академияда илимдин доктору болуп туруп 15 000 сомдон айлык алуу уят. Өзбекстанда бул маселе эбак чечилген. Аларда илимге камкордуктар көрүлүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Биздин мамлекетте да илим адамдарына карата шарттар түзүлсө жакшы болмок. Учурдан пайдаланып, Мамлекеттик катчы ушул маселеге көңүл буруп, өлкө бийлигине жеткирет деген ишеничтемин.

Президенттин кеңешчиси Бекбосун БӨРҮБАШОВ: “Идеология – маалыматтардын, принциптердин жана окуулардын жыйындысы”

– Бүгүн актуалдуу маселе көтөрүлүп жатат. Идеология деген эмне?  Менимче идеология адамдардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий көз караштарын ишке ашыруу боюнча маалыматтардын, принциптердин жана окуулардын жыйындысы. Биринчиден, ак калпак кийсек эле кыргыз улуттук идеологиясын көтөрүп жүрөт деген түшүнүк туура эмес. Биз аны жүзөгө ашыруу үчүн ал идеяны аткарышыбыз керек. Идея, рух, дух болушу шарт. Экинчиден, улуттук идеологиянын негизги үч принциби бар.  Улуттук кызыкчылыктын артыкчылыктары, улуттук жалпылык, руханий биримдик. Мына ушул 3 принциптин негизинде түзүлгөн баалуулуктар улуттук идеологиянын негизин түзөт. Бул багытта Мамлекеттик программа кабыл алынып, иш-аракеттер көрүлүп келе жатат, кемчиликтер да жок эмес. Конституциялык институтта кабыл алынган мыйзамда коом жана мамлекет өнүгүүсүндө илимге таянат деп жазылып турат.

Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Абылабек АСАНКАНОВ: “Идеология – бул идеялардын топтому”

– Бүгүнкү күнгө чейин 4 жолу улуттук идеологияны иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлүп, иштелип чыккан. Биринчиси, А.Акаевдин тушунда академик О.Ибраимов “Хартия” деген программаны иштеп чыккан. Бул прог-рамма өз учурунда ишке ашкан жок. Экинчиси, Т.Койчиев “Слово Кыргызстана” газетасына “Государственная  идеология” деген кеңири макаласын жарыялаган. Бул дагы ишке ашкан жок. Үчүнчүсү, К.Бакиевдин мезгилинде Д.Сарыгулов мамлекеттик катчы болуп турганда 27 кишиден турган топ түзүп, улуттук идеологияны иштеп чыгуу аракетин көргөн. Бул дагы ишке ашкан жок. Улуттук идеологияны табуунун өзү татаал. Анткени биз көп улуттуу элбиз. Ошон үчүн улуттук идеология деген сөз кимге таандык, кыргыздарга элеби же бардык улуттарга да тиешелүүбү? Же мамлекетти кошкон улуттук идеология болуп эсептелеби деген суроо жаралат. Анткени англис тилдүү элдерде “улуттук” деген сөздө “мамлекеттик” деген түшүнүк жатат. Мүмкүн, азыркы түзүлгөн жумушчу топ жакшы идеологияны иштеп чыгаар. Идеология – бул идеялардын жыйындысы. Балким, ошол идеялардын топтому идеологияны түзөөр.

Көптөгөн өлкөлөрдө улуттук идеология жок, Конституция, либерализм же ар бир кырдаалга, абалга жараша идеялар. Менимче, улуттук жана мамлекеттик идеологиянын негизин кыргыз жараны түзүш керек. Себеби, кыргыз жараны деген, “кыргыз” деген эле сөз эмес, биринчи иретте этникалык иденттүүлүктөгү Кыргызстандын жараны деген түшүнүк…

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик
Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ:
“Чыдамыбыз чегине жетти”

– Эгемендүүлүк башталгандан кийин жалган илимдер пайда болду. Ал тилде да, ада-биятта да болду. Манастын сөөгүн да таап жиберишти. Тарыхта болсо ата-бабаларыбыз алгач маймылдан жаралган кыргыздар деп чыкты ж.б. Биз ошолорго туруштук бере алган жокпуз. Анткени бизге камкордук болгон шарт түзүлгөн жок.  Улуттук идеология, улуттук идея, мамлекеттик идеология боюнча иш-аракеттерибизди көрүп келе жатабыз. Бул чоң тема, бир күндө эле такталып, жыйынтыкталып калбайт, аны ушул жыйында колдон келишинче талашып-тартышып көрдүк. Буга чейин КР УИАнын Тарых, археология жана этнология, Философия жана укук, Тил жана адабият институту  “Улуттук идея” жөнүндө ар бири 3 томдон турган, 500 нускалуу китептерди чыгарышты.

Л. И.Брежнев “Нан болсо – ыр да болот” дегендей, нан болсо, илим да болот, илимге да көңүл бурулуш керек. Биз 12 000-15 000 сом айлык менен иштеп жатабыз. Айрым кызматкерлер университеттерде сабак берүүгө аргасыз болушууда. Илимди бул жерде отуруп алып жазыш үчүн шарт түзүлүш керек. Эки жылдан бери эмгек маяналарыбыздын көтөрүлүшүн күтүп келе жатабыз. Чыдамыбыз да чегине жетти. Илим изилдеген 7 кандидатыбыз айлыктарынын аздыгынан мектептерге кетип калды. Андыктан эмне кылуу керек деген жүйөлүү суроо жаралууда. Коомдук илимдер бөлүмүндө  270 кызматкер, анын  50дөн ашууну доктор, 100дөн ашууну кандидаттар эмгектенишет. Жалпы бөлүнгөн каражат 40 млн. сом, башка бир 30 киши иштеген мекемеге 45 млн. сом берилип жатат. Калыстык кайда?!

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар