Среда, 24 апреля, 2024
24.1 C
Бишкек

Китепканалар реформага муктаж

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 156 китепкана капиталдык оңдоого муктаж экендигин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 1059 китепкана болсо, анын 80%ы авариялык абалда. Ар бир айылда китепкана болгону менен алардын айрымдары көчүрүлгөн же башка уюмдун имаратында “квартирант”.

Өлкө аймагында республикалык маанидеги эки, облустук – 11, райондук – 39, шаардык – 86, айылдык – 883 китепкана бар. Балдар китепканалары – 35.

Облустардан китепкананын саны боюнча алдыда Чүй облусу (210 китепкана), артта Талас облусу (74 китепкана) турат. Баткенде Таласка салыштырмалуу калктын саны эки эсеге көп болгону менен китепканалар аз, болгону 80 китепкана бар. Эгер калктын санына жараша алсак, анда Нарында китепкана көп, бул 300 миңге чукул калкы бар тоолуу аймакта 128 китепкана бар. Ош облусунда жашаган калкты 182 айылдык китепкана тейлейт.

Китепкана фонду тууралуу айтсак, өлкө боюнча 19 367 760 китеп бар. Мунун эң көбү — 6 000 926сы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада, эң азы Таласта – 806 421.

Эң аз китеп фонду бар айылдык китепканалар: Коо-Чаты айылдык китепканасы – 484, Ак-Талаа айылдык китепканасы – 836, Чек айылдык китепканасы – 600 китеп.

1064 китепкананын 165и гана типтүү имаратта, 329у маданият үйлөрүндө, 420сы турак жай бөлмөлөрдө, 126сы жеке бөлмөлөрдө, 6оо мектепте, 18и айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан.

Бул жогорудагы статистика өлкө аймагындагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү китепканалардагы кейиштүү абалды ачык эле көрсөтүп турат десек болот.

Айталы, китеп фондусу 1000 китепке жетпеген Коо-Чаты, Чек, Ак-Ата айыл-дык китепканаларын китепкана атоого болобу? Китеп фондунун санын айтпаганда, анын сапаттык көрсөткүчү, китептердин абалы, сакталышы тууралуу суроолор арбын. Айылдык, райондук, шаардык, облустук китепканалардагы китеп фондусун негизинен союз убагында жарык көргөн китептер түзөт. Анын айрымдары советтик мамлекет, андагы колхоз-совхоздордун жетишкендиктери тууралуу китептер болушу да ыктымал. Андыктан, республика аймагында мынча китепкана жана китеп фонду бар деп отчет берүүдөн мурда респуб-ликадагы китепканаларды инвентаризация жасап, ал китепканаларга акыркы жолу кайсы жылы кандай аталыштагы китептер сатылып алынганын, жылына канча окурман китеп алып окуй турганын, кандай китептерге суроо-талап бар экенин тактап койсок жаман болбос эле.

Китепкана, китеп фонду маселеси өлкөдөгү китеп чыгаруу иштери менен тыгыз байланышкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2022-жылы 1367 аталыштагы китептер жана брошюралар чыккан. Китептердин жана брошюралардын саны 1,6 млн. нускадан ашкан. Бирок, бул статискалык көрсөткүч реалдуу абалды чагылдыра албайт деп ойлойбуз. Себеби, жылына болжол менен 1200-1300 аталыштагы китептер жана брошюралар чыгып, китепте же брошюрада 1000 нуска көрсөтүлгөнү менен, алардын дээрлик көбү 200-300 нускадан ашпайт. Акыркы 30 жылда 1000 нуска менен чыккан көркөм адабият чанда. Басмадан чыгып жаткан китептердин 30-40 пайызы гана 500 нуска менен чыгат.

Ал эми анын арасынан канчасы облустук, шаардык, райондук, айылдык китепканаларга жетет деген суроого келсек, бул да өтө талаштуу маселе. Өлкө аймагына маданият министрлиги аркылуу китептер таратылбай калганы качан? Илгери үмүт менен түзүлгөн “Кыргыз китеп” бар-жогу деле билинбей калды.

Билим берүү мекемелериндеги китепканалардын абалы тууралуу маалымат алалы деп Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып жооп ала алган жокпуз.

2022-жылы мектептер үчүн 123 миң нускада китеп басылса, 2023-жылы 1 млн. 278 миң окуу китептери басылып, көрсөткүч 10 эсеге көптүк кылды. Негизи жаманбы-жакшыбы, соңку 30 жыл аралыгында мектептер үчүн миллиондогон акчаларга миллиондогон нускалар менен китептер жана окуу куралдары басылып жатат. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларынын китепканалары жыл сайын канча аталыштагы, канча нускадагы китептер менен толукталып жатканы тууралуу эч кандай статистика жок. Кийинки жылдары окуу жайларында электрондук китепканалар түзүлүп жатканы менен китепкана кызматкерлери минимумга кыскартылып, окуу залдары жабылып жатканы да белгилүү. Дагы бир көйгөй – билим берүү мекемелериндеги китепканачылар статусу боюнча же жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын курамына кирбей, же маданият кызматкерлеринин катарына кошулбай, мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин айлык акылары көбөйгөндө арабөк абалда калгандыгы.

Баарынан таң калычтуусу, жогорку окуу жайларындагы китеп фонду жыл сайын жаңыланып, толукталып турбагандыгы, буга окуу жайдын бюджетинен каражат каралбагандыгы десек болот. Эгер окуу жайда китепкана болбосо, окуу залдары болбосо, окуганга китеби болбосо, студент кантип билим алып жатты экен?!

Жаштар китеп окубай калды дейбиз! Жаштар окуш үчүн китеп болушу, китепканалар болушу керек эмеспи. А сырты жылтырак, ичи калтырак китепканалардын кимге кереги бар?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар