Таза кандуу тайгандар тандалды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун алкагында өткөрүлгөн “Тайган көргөзмөсү” кыргыздын таза кандуу тайгандары өтө сейрек экенинин көрсөттү.

Айта кетүүчү нерсе бул жолу Аравиядан келген Аль Мухаммед Мансуринин  айтылуу салюки тукумундагы тайганы Салбуурун оюндарынын “Тайган жарышында” белгиленген аралыкты 34 секундда чуркап өтүп, баш байгени алып кетти. Тилекке каршы сүрөткө тарта албай калдым.

Ал эми экинчи орунду болгону 1 секундга кечигүү менен (35 с.) Таластын Бакай -Ата районунун Көк-Арал айлынын тургуну Мухидин Карабаевдин “Кыл Жейрен” деген тайганы алды. Бул тайган IIДүйнөлүк көчмөндөр оюунунда “Тайган жарышында” баш байгени алыптыр. Ал кезде 11 айлык же дээрлик күчүк тайган болсо, азыр 2,5 жашка келип болуп турган учуру экен. Ээсинин айтымында карышкырга салына элек. Бирок, түлкү, чөө дегенди көрсө Саякбай айтмакчы тимеле каткырып жиберет экен. Башкача айтканда буйдамга келтирбейт.

 

Сүрөттө: М.Карабаев

“ Тайгандар көргөзмөсү” тууралуу сөз кылсак сынакка 11 дөбөт, 2 күчүк тайган, 8 ургаачы тайган, 1 “таза” тукумундагы тайган катышты. Сынак катуу болду. Атайы жыйынтыгы чыкканча күтүп отурдум. Кошумчалай кетсем “таза” породасындагы тайганы менен Өзбекстандан Рустем Бекиров катышты. Ошондой эле Казакстан, Венгриядан дагы өкүлдөр келишкен.

Тайгандын күчүгүн колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөн Өзбекстандан келген, “Өзбекстан жаңылыктары” гезитинин кабарчысы Евгения Гранде буларды айтты:

“Биз Өзбекстандан жүздөн ашуун киши келдик. Бардык оюндарга катышып жатабыз. Көчмөндөр оюну эң мыкты уюштурулуптур. Чолпон-Атада дагы, Кырчында дагы укмуштуудай өтүп жатат. Салбуурун оюндарына бизден төрт адам катышууда. Экөө тайган алып келсе, экөө куш алып келди. “Тайган жарышында” кызыктыруучу сыйлыкка илиндик, ал эми бүгүнкү “Тайган көргөзмөсүндө” алдыңкы орундарга жетишебиз деген үмүтүбүз бар. Карачы биздин тайган кандай керемет…”.

Дөбөт тайгандардан Үмөтеев Алмаздын “Акбар” аттуу тайганы биринчи, орунду, ургаачы тайгандардын ичинен Өмүралиев Муратбектин “Ак таман”  биринчи орунду алды.  Эксперттер  3 тайганды таза тукумундагы тайгандын каны аралашкан деп табышып сынактан чыгарып салышты. Тандалган 5 тайганга “Эң мыкты” деген баа берилди. Баса, күчүк тайгандардын арасынан Сооронов Марлендин “Аюу” аттуу 7,5 айлык тайганы байгеге илинип, таза кандуу кыргыз тайганы катары таанылды.

Ал эми Россиядан келген абройлуу эксперт К.О.Карамушкина мындай дейт:

“.Мурдагыга салыштырмалуу жакшы тайгандар көбөйүп калыптыр. Мен биз тандаган тайгандардын тукуну таза сактап, көбөйтүүнү сунуш кылат элем. Анан тайган кармоочуларга эскерте кетейин. 9 айлыгына, дегеле бир жашына чейин тайганга сөөк бербегиле. Жакшы тиштей албай калат».