И. Өмүркулов: Президенттик жарышка 5-7ден көп эмес талапкер катышат

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов быйылкы президенттик шайлоого буга чейинки шайлоо өнөктүгүнө салыштырганда кыйла аз талапкер катышат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Аталга жолугушууда шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды.

«Буга чейинки президенттик шайлоого 80ден ашуун талапкер катышкан болсо, быйыл бул сан кескин кыскарып, 5-7ден ашпаган сандагы белгилүү саясатчы катышат» деди Өмүркулов.

Фракция башчысы эл аралык байкоочулар, көз каранды эмес журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн чакырыларын айтып, шайлоону 15-октябрда өткөрүү туура болот деген пикирин  кошумчалады.