Томпойлору торпоктой…

 

“Ордо” кыргыздын улуттук төл оюну. “Таштаман ордо чийишип…Тамашага киришип”,- айтылат Манаста. Ага жараша III Дүйнөлүк көчмөндөр оюунунун көркүн ачкан да ушул ордо оюндары болду.

Бул оюндун дүйнөгө таанылып баратканын 7 өлкөдөн 8 команданын келип катышканынан улам байкоого болот. Алсак, Чехия, АКШ, Тажикстан, Россиядан эки команда (Свердлов облусунун жана Москва шаарынын командалары), Казакстан, Монголиядан келишиптир.

Кырчында “Ордо” оюнун өткөрүү үчүн өзүнчө эле ордо курулуп, тегерек четин торпоктой болгон томпойлор менен курчап коюшуптур. Бир томпойго бери болгондо эки киши минип алып, жыргап оюн көрө берет экенсиң.

Баарынан тамашасы Россиянын эки субьектисинен (Москва шаарынын жана Свердлов облусунун) келгендер өзүбүздүн кыргыз балдар экен.

 

   Москва шаарынан келген ордочу Максүтов Элдияр мындай дейт:

“Биз Москва шаарынан атынан 9 ордочу келгенбиз. Эми ошол жакта жашап жаткандан кийин Россиянын жарандыгын алууга туура келген. Эми оюндун жүрүшү жөнүндө айта турган болсом биринчи оюнда Чехиядан келген команданы уттук. Бирок, Кыргызстандын курама командасынан утулуп калдык. Ошентсе да алдыңкы орундардын катарында болобуз деген үмүтүбүз бар”.

Ошону менен Көчмөндөрдүн Салбуурун оюндарынын алкагында 3-6-сентябрда өткөн “Ордо” оюнунун жыйынтыгы да чыкты. Кабыл алынган эрежеге ылайык командада 9 адам, башкача айтканда 8 оюнчу 1 тренер болду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча күтүлгөндөй эле Кыргызстандын командасы биринчи орунду алып, алтын медалды алды. Экинчи орунду Тажикстандын курама комадасы багынтып күмүш медалды эңип кетти. Үчүнчү орунду Казакстандын командасы алды.

     Кошумчалай кетсек биринчи орунга — 500 миң сом, экинчи орунга — 300 миң сом, үчүнчү орунга — 150 миң сом байге берилди.