Сузакта 6 жашар бала зордукталганы айтылууда

Жалал-Абад облусунун милициясы бачабаздык боюнча маалыматты текшерүүгө алууда. Ички иштер башкармалыгынын билдиргенине ылайык, 6 жаштагы баланы зродуктоо фактысы боюнча юридикалык баа соттук-экспертизадан кийин берилет. Бул тууралуу “Акипресс” маалымат агентиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, милиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.

Мындан мурдараак, 7-каналдын журналисттери бул боюнча сюжет даярдашкан. Анда, апасы 6 жашар баласынын зордукталганы тууралуу айтып берүүдө. Апасынын айтканына караганда, кылмышка шектүү 14 жаштагы жашы жете элек кошунасы. Апасы, жашы жете электерди бачабаздык боюнча жоопко тартууга болбой турганын уккандан кийин ЖМКга кайрылууну чечкен.

«7-каналдын» (Жалал-Абад) журналисттери даярдаган сюжет