Кыргыз маданиятын тааныткан кыз-келиндер

III  Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун көркүн адаттагыдай эле кыз-келиндерибиз ачты. “Кырмызы көйнөк, кымча бел…Кызы сонун кыргыздын..”, -дегендей улуттук кийимдерибиз ушунчалык жарашкан, кызыл гүлдөй буралган кыздарыбызга  суктанган чет өлкөлүк меймандар, туристтер, журналисттер бура бастырбай сүрөткө, видеого тартып, өздөрү кошо түшүп жатышкандарын көп эле көрдүм. Өздөрүнүн улуттук  кийимдерин кийген көп эле элдин өкүлдөрү келди, бирок  кыргыздын  кылым арыткан арыткан улуттук кийимдери  өзгөчө экен. Айрыкча кыз-келиндерибиз  ажары артылып, көрк-келбеттерине чыга келишет тура. Бар болгула  кыргызымдын сулуулары!