Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Кызмончок жар түбүнөн акырын сызылып чыгып, таштан-ташка урунуп, сайды көздөй эдиреңдеп чуркаган тармал булактан чакаларына толтуруп алып, суунун шыңгырын тыңшап, мөлтүрөк тунугуна суктанып, көпкө чейин ойлуу отурду. Суу түбүндөгү көз тайгылткан кооз таштарды терип алып, алаканындагы ошол кооздукка суктана карап отуруп, кандайдыр бир шыбырт, дабыштан улам жүрөгү «болк» деп, бирок кылчайып кароого даабай, денесин майда калтырак басып кетти. Байлоодогу кулундай эт-жүрөгү дикилдеп туйлап турду! Ойлору чакчалекей түшүп, алда кайда чачырап кетти. Артында Жан турганын, өзүнүн ар бир кыймыл-аракетине үзүлө түшүп, кирпигинин ирмелишинен бери көз жаздымга кетирбей, тирмийе тиктеп турганын сезди кыз! Демейде «шарт» бурулуп тура калып, тегерене издеп:

– Жан? Жан! – дечү акырын кыйкырып, – Каяктасың?! О, анан экөө кучакташып калышчу да, тээ бир далайга чейин шапшынып, суу чачышып ойношчу.

– Келсең, мен сени жуунтуп, сулуу кылайын! Керелди кечке жер сүзүп жүрөсүң! Бетиңди жууп алсаң боло! – деп кыз жыланды көк желкеден басып, сууга салар эле. Андайда Жан да калп эле кетенчиктеп, тырышып качып калчу. Атайын ошентчү. Бат эле анан Кызмончок жыландын денесин суунун агымына карай, узатасынан салып койчу да:

– Карачы, кандай сулуусуң? Сенин денең ушунчалык жакшына, – деп анын суу ичиндеги жылтылдап, күнгө чагылышкан ак денесин мактачу. Жыланга бул ушунчалык жакчу. Кызмончоктун аппак, жумшак алакандары дулкусун жууп, сылаган сайын денеси балкычу. Кай бирде экөө сууга шапшына беришип, Кызмончоктун көйнөгү сыгып алма суу болуп кетчү.

– Карачы, экөөбүз булакты аябай ылайлап салыппыз! Көйнөгүм да суу болду. Бирөө-жарым келгиче кетип калалы, – дечү кыз. Жыланга бул жага бербей калчу. Кээде атайылап эле куйрук-башын сууга туш келди чалпылдатып, Кызмончоктун муздак сууга ичиркенип, күлгөнүнө маашырланчу. Курганыш үчүн анан экөө кырды ашып кетишер эле. Жыландын өзүнө болгон ашыктыгынан түк кабары жок, тек гана анын адамдай акылдуу, ак көңүлдүгүн, достукка бекем, туруктуулугун жандили менен жакшы көрчү кыз. Андан эч бир сырын катчу эмес. Атургай тизесине башын жөлөп, эркелеген жыланга эринбей отуруп адегенде жомок айтып, кийин эс тарткандан баштап күү чертип, ырдап берчү. Атүгүл атасынан уккан – Адам ата, Обо энеден берки адамзаттын жашоосунан кеп кылчу. Он сегиз миң ааламдын али адамзатка ачылбаган, жазылбаган сырлары бар экенин айтчу. А бирок Жан ошол сырды жалгыз гана Кызмончок билчүдөй, ошонун бардыгынын ажайып ачкычы анын акылдуу, сулуу көздөрүнүн ары жагында, акылынын тереңинде катылып жаткандай сезчү Жан. О, анан да Кызмончоктун авазы укмуш! Бүтүн дүйнө, ай ааламдын өзү кошо ошол үнгө болбурап эрип, тунжурай түшкөндөй сезилчү. Убакыт да, булак да, атүгүл жашоонун өзү да токтоп калгандай, Жандын кулагына ырдан башка эч нерсе угулбай калчу. Андай кездерде, Кызмончоктун кылактап кырды ашып баратканын байкагандар:

– Ай, карагыла! Асылбектин ажыдаар кызы баратат! – деп бири-бирине кол булгай, тээ кыраңга сереп салып, чындап эле кыз  жыланга кубулууга кетип бараткандай  карап калышар эле. Эгерде алар кыздын жанында адам баласы окшоп, төбөсү көккө жетип, кудуңдап, кубанып бараткан ак жыланды көрүшсөбү!.. Анда эмне болот эле?!

* * *

Булактын жанындагы дүпүйгөн чычырканак – булакка келген кездерде  Жандын чоочун  көздөрдөн далдаланчу жайы. Эми да бу жерге Кызмончоктон мурда жетип келип, ошол чычырканактын арасына кирип кетти да, демейдегидей эле кыздын тура калып, тегеринип издешин самап, атайын эле белги берип,  чөп-чарды куйругунун учу менен шилегилеп,  шуудуратып койду.  Демейдегисиндей эркелегиси келди. Кызмончоктун киринткенин, бирок бу саам жомок  эмес, сүйүү жөнүндө гана сүйлөп, ырдап берүүсүн каалады.

Кызмончок болсо: «Ушундай кантип болсун?! – деп турду оюнда, – Кантип болсун?! Мен Жандын бул мамилесине, сезимине кантип жооп беришим керек?! Эгерде Жан адам баласы болгондо, анда кеп башка эле го?!… Ырас, мен да аны жакшы көрөм. Бирок мунун баары бирге өскөн, коюн-колтук алышкан курбум катары деп келбедим беле! Же кандай?..»

Баарынан кыйыны эми болду!

Жыландын шыбыртына удаа эле аттын дубүртү угулду!

Артына элеңдей караган кыз – так жылан жашынган чычырканакын  жанында атчан  турган Бектемирди көрдү! Улан аттан ыргып түшкөнү менен  кызды тик багып карай  албай, кайпактап турган.

Коркконунан Кызмончоктун кулагы тунуп, көздөрү караңгылай түштү.

Кыздын  эмнеге шашып, алдастай түшкөнүн улан түшүнгөн жок…  Өзүн-өзү көкүтүп, өзүнүн намысына өзү тийип: «Сүйлөшүүң керек! Сүрдөгүдөй сен эмне, кыз белең?! Кана, бол эми! Качантан бери камдаган сөзүңдү айтып, жанына барбайсыңбы!» – деп жатты. Өз оюнан өзү чыйрала, жоргосун  анан так ошол Жан жаткан жерге жакын бир бутакка байлай салып, Кызмончоктун жанына келди да, дирилдеген добуш менен үн катты:

– Кызмончок? Сага көптөн бери айта албай жүргөм…

Жигиттин эки бети өрт каптап кеткендей дуулдап, алоолонуп чыкты. Денесин жыбыраган толкун каптап, ошентсе да өзүн-өзү түрткүлөп, Кызмончоктун колун  кантип кармаганын өзү да байкабай калды.

– Мен… Мен сени сүйөм, Кызмончок! – деп айтып алды анан. Жандүйнөсүндөгү кызга болгон так ушул булактай тунук, ыйык, алгачкы аруу махабатын кандай болсо так ошондой кылып оозу менен эмес, жүрөгү менен айтканга окшоп кетти.

Кызмончок ансайын ыңгайсызданып, эмне дээрин билбей турду. Бектемирдин  бала күнүнөн ашыктык сезими бар экенин билген менен, так  ушул күнү өчөшкөнсүп, Жан экөө тең жарышып айтат деп ким ойлоптур?!

Жүрөгү дүкүлдөп, алапайын таппай кеткен кыздын көздөрү улам Жан тарапка элеңдейт. Анткени, бир канча курдай Жан бул жигитти жек көрөрүн айткан. Мына  азыр учуп жетип, жигит менен кыздын ортосуна тикесинен тура калып, атүгүл кызганычтан Бектемирге кол салып ийчүдөй сезиле берди. Жылан да так ушул маалда ошону ойлоп, а бирок Кызмончоктон тартынып, алапайын таппай турган.

– Мени апам издеп калды го, – деп кыз чакасына эңкейди эле, Бектемир андан мурда озунуп:

– Мен көтөрүп барайын, – деп ала койду. Айласы түгөнө түшкөн кыз жерден апкөчүн алып, жигиттин соңунан басты. Бадалдын тушуна келгенде Жан менен Кызмончоктун көздөрү урунуша түштү. Баятан берки сөздөрдү угуп, жигитке болгон жек көрүүсү башынан – куйругунун учуна чейин каны менен кошо чуркап, кайра мээсине чыгып, ызасы ичине батпай чыңалып, мына-мына азыр «тарс!» жарылып кетүүчүдөй денеси чатырап турган жылан адатынча кышылдап, катуу бир онтоп алды! Анткен менен бир эле ирмем тиктешүү аркылуу алар көп нерсени айтышып алышты:

– Сен ага ишенбегин, Кызмончок! Ал сени мен сүйгөндөй сүйө албайт! Мен сен үчүн керек болсо азыр… алдагы адамчага эле эмес, бүт айылга, ай-ааламга алаамат салып ийүүгө даярмын!

– Анткениң жакшы эмес, Жан! Анда сен мендеги бардык жакшы сезимдерди, жакшы ойлорду кошо ойрон кыласың!

– Кызганыч менен жек көрүүдөн өрттөнүп баратсамчы?!

– Өрттү акыл менен бас! Айтпадым беле, адам баласы менен аралашкан соң, сен да алардай айкөл, сабырдуу, кечиримдүү болушуң керек!

– Адамдай сүйүүгөчү?! Ага акым жокпу?!

– Ал жөнүндө дагы ойлонуубуз керек!..

Кызмончоктун ушинтип кеткени жыландын жанын бир аз жай алдырганы менен, ордуна ого бетер ныгыра басып, башы жерге «шылк!» дейт түштү. «Ойлонуубуз керек!» – бул сөз анын үмүтүн үлпүлдөтүп, улап турду. «Сабырдуулук! Айкөлдүк!..» Деги бул эмне деген түшүнүксүз, оор жүк?! – деди оюнда жылан. – Кечире бил! Көтөрө бил!.. Унчукпа! Тийбе!..» Тээ кенедей кезинен эле Кызмончок ушуларды анын кулагына куюп келет! Демек, Жан Кызмончокту башкалар сүйүп, башкалар жандап жүрсө да макул болуп, сабыр кармап, кечирип, денесине батпай кеткен ушунчалык ызаны көтөрүп жүрө берүүсү керекпи?! А эгер антпесечи?! Кудум жыланча алиги адамга айбаат кылып, аны кармашка чакырсачы?! Эрдик көрсөтүп, көөдөнүн кере, көкүрөгүн көтөрүп, анан ашыгынын аяк алдына сойлоп келип, башын тартуу кылсачы?!. Жок! Кызмончок анда кечирбейт! Анткени анда аны да, ата-энесин да айылдын эли таш бараңга алышат… Муну ал далай ирээт Сырга ападан уккан. Демек… чыдаш керек! Ушуларды ойлогону менен, баары бир кызганычтан Жандын өзөгү өрттөнүп, жандүйнөсү сыздап, дүйнөсү астын-үстүн болуп талкаланып жатты! Тээ бир оокумда гана жер чапчып, кошкурган аттын добушунан баш көтөрдү. «Жада калса Айтуягын да унуткан тура!..» – оюнда ушинтти да, ордунан жылып чыгып, түбүнөн булак сызылып агып чыккан береги асканын боору менен өйдө чыгып баратып, качан гана айылды көздөй кетип баратышкан кыз менен жигиттин карааны даана көрүнгөндө токтоп, экөөнү карап жатты Жан. Ушул убакта суу алганы булакка кыз-келиндер келишти. Так төбөсүндө өздөрүн карап жаткан жыланды алар адегенде байкашкан жок.

– Ай-ий, жанагы Кызмончок деген кызыңар кер маралдай керилип, укмуштай сулуу экен, ээ? – деди ушул айылга жакында эле келген жаш келин.

– Ий, ошону койчу! – деди кетирекей кара кыз ичи тарыгандай, жактырбай мурдун чүйрүп, – Эмнеси марал болуп кетиптир?! Аны деген айылдыктар бүт «ажыдаар кыз» дешет!

– Апей! Эмнеге?!

Кыз бир укмуш нерсе айтуучудай адегенде көздөрүн алайта, оозун ача жеңесин саамга тиктеп турду да:

– Билесизби, ал деген түнкүсүн жыланга кубулат дешет. Ал эми баралына келгенде ажыдаарга айланып, бүт айылды оп тартат имиш!

– И-ий, койчу кызыке! Антип жүрөгүмдү түшүрбөсөң!

– Калп айтсам элеби, алиги Караалы таздын катыны болоюн! Ошон үчүн анын ата-энеси эч кимге кошулбай, ээндеп жашайт. Үйүнө оңой менен киши киргизишпейт!

– Койчу?!

– Койбой эле! Сиз эмне, уккан жок белеңиз?! Коңшу айылдыктар бүт билишет го?

– Уккам дечи. Бирок ишенген эмесмин.

Андан ары угууга Жандын дарманы жетпей кетти. Адамдардан алыс-алыс, кайдадыр кетип калгысы келип, ордунан жылганда, суу алып олтурушкан кыз-келиндердин чакаларына өйдөтөн майда шагыл менен топурак-кум куюлуп түшө баштады. Адегенде анчалык деле этибар албай,  жогору караган кыз-келиндер жакын эле жерде, жар боорунда сойлоп чыгып бараткан сомодой ак жыланды көрүштү  да, чындап эле Кызмончок жыланга айланып келип калгандай  чаңырып, туш тарапка чачырай качышты…

(Уландысы бар)

 

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.