Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” майрамы

Бүгүн, 25-май мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” майрамы. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат боюнча, быйыл жалпы өлкө боюнча 9-классты 92 миң окуучу, 11-классты 62 миң окуучу бүтүрөт. Бул күнү миңдеген окуучулар он бир жыл окуган мектебин калтырып, чоң турмушка кадам таштайт.

Ошондой эле бүгүн өлкө боюнча баардык мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган“Акыркы коңгуроо” салтанаттары өткөрүлөт.

Жылдагыдан айрымаланып, быйыл бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык иш-чарасы мамлекеттик символдор менен кооздолуп, мамлекеттик гимн менен коштолушу керек. Мындай буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 25-апрелде кол койгон.

Андан тышкары министрдин буйругу менен мектеп директорлоруна “Акыркы коңгуроо” кечелерин өткөрүү үчүн акча чогултууга,мектептен тышкары бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелердин катышуусунда көңүл ачуу жайларында, кафе, ресторандарда жана жаратылышта сый тамак иш-чараларын уюштурууга тыюу салынган. Бул тартиптин бузулушуна директорлор жекече жооп берери эскертилген.

Бүтүрүүчүлөр кечелериндеги коопсуздукка Өкмөт дагы катуу көңүл буруп жатат. Бул максатта Бишкек шаарында эле “Акыркы коңгуроо” салтанаты учурунда 4 миңден ашык күч кызматкери коопсуздукту камсыз кылат. Андан тышкары 3 миңден ашуун элдик кошуун мүчөлөрү коопсуздукту сактоого тартылары айтылган.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына суткалык кезмет уюштуруу жана майрамдык иш-чаралар убагында окуучулардын техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого администрациялык жоопкерчилик күчөтүлөт. Аны менен катар мектеп директорлоруна, класс жетекчилерге жана ата-энелер комитетинин жетекчилерине акыркы коңгуроону өткөрүү боюнча жекече жоопкерчилик тагылат.

Булак «Марал»

One thought on “Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” майрамы

Комментарии закрыты.