Эртеңкини ойлобой,бүгүнкүгө карк боло беребизби?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Ааламдашуу алкагында дүйнө элдеринен артта калбоону көздөп, турмушубузга технологияны болуп көрбөгөндөй киргизип, аны менен жашообуз жеңилдеди, жакшырды дейбиз. Социалдык түйүндөр менен мобилдик телефондор каражат табуунун, ошондой эле коомчулуктун көз карашын кайсы бир багытка бурууда жалпыга маалымдоо каражаттарынан ашып түшкөн эң ыңгайлуу жана эң оңой жол. Айрым адамдарды каралоодо үчүнчү тарап колдонгон курал. Жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялай албаган, этикага туура келбеген, жазылбай, айтылбай турган одоно сөздөрдү да коомчулукка жарыялап, оңой эле келекелеп шардана кыла берет. Буга көзөмөл кылган мекеме жок.

Келечек  жаштардыкы.  Ал  эми  жаштарыбыздын  гаджеттерге берилип,  реалдуу  жашоону кабылдабай виртуалдык дүйнө менен жашап калганын байкасак да байкамаксан,  көрсөк  да  көрмөксөн болобуз. Жаштардын арасындагы мындай көрүнүшМухтар Шахановдун “муздак логикалуу, компьютер баштуу муун өсүп келатат” дегенинин айныгыс чындыгы. Кайсы үй-бүлөдөгү баланы алып карабайлы колунан телефону менен кулагынан кулакчыны түшпөйт. Телефонун карап келатып, машинага сүзүлүп калгандар, калпыс басып алып  бутун  чыгарып  алгандар  да  жок эмес. Маршруттук таксилерде отургучка жөлөнүп туруп алып, барар-барганча телефонун чукулап барышат. Алар кары адамдардын жанында турганын да байкашпайт.

Буга чейин компьютердик түнкү клубдарды жабуу чечими кабыл алынганы менен айрымдары азыркы күндө иштеп келет. Бишкекте Ахунбаев менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 24 саат бою тынымсыз иштеген “СПОРТ АРЕНА” интернет клубунан мектеп жашындагы балдар үзүлбөйт. Ушундай эле көрүнүштү Кичи Жал районундагы “EVOLUTION”, Карл Маркс менен Сүйөркулов көчөсүнүн кесилишиндеги, Манас проспектиси менен Москва көчөсүндөгү “Народный” магазининин жанындагы интернет клубунан көрүүгө болот. Канчалаган ата-эне балдарын бул компьютердик клубдардан чыгара албай жүрүшөт. Оюнга берилген бала төлөй турган акчасы калбай калса, мобилдик телефонун күрөөгө коюп ойнойт. Убагында төлөп бере албай телефонун алдырткандар, оюндардан чыга албай суицидге кабылгандар да жок эмес. Түнү бою компьютерде ойногон бала электро-магниттик нурданууга чалдыгып, нерви, жүрүм-турумуна чейин өзгөрөт. Мындай терс таасирден баланын ден соолугу начарлайт. Ал эми эртеден кечке телефон тиктеген жаштарыбыздын көрүүсү начарлап жатат.

Ата-эненин көз жашы, балдардын ден соолугу менен каражат топтогон аталган интернет клубдарды жогорку бийликтегилер жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери түнкүсүн келип көрүшсө, кулакчын кийип башка дүйнөгө кирип кеткен өспүрүм курактагылардан тартып, мектеп жашындагы балдарын көрүшмөк. Үйүнөн бир суткалап жоголуп кеткен балдарды да ата-энеси интернет клубдардан тапкан учурлар катталган.

Жаштардын  акыл-эсин,  жүрүм-турумун  талкалаган  түнкү  эс  алуучу жайларсыз,  оюн-зоок  интернет  клубдарсыз, кумарканаларсыз эмне өлкөбүз өнүкпөйбү? Келечегибизге балта чапкан бул жайлардын пайдасынан зыяны көп болуп жатпайбы. Аны эмнеге аңдабайбыз?

Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери, окумуштуулар балдарды мектеп жашынан тартып кызыктырган союз кезиндегидей “Октябрят”, “Пионер”, “Комсомол” дегендей идеологиялык уюмдарды эмнеге ойлонушпайт. Он чакты таланттуу, ата-энеси акчалуу балдар үчүн ийримдерди ачышат. А калгандары эмне кылыш керек?!

Ушу  тапта  3  үй-бүлө  болсо  анын экөөсү ажырашкан же атасы каза болуп, натыйжада ата-эненин мээрими, тарбиясы толук жетишпей өскөн балдар. Мындай үй-бүлөлөрдөн чыккан айылдан келген же шаардык балдарды интернет оюндарына тарткандар, маң заттын жеңил түрүн саткандар, бачабаздыкты жайылтууга аракеттенгендер өз катарына тартууга аракеттенишет. Кээ бирлерин мажбурлашат. Балдар мындай учурда ата-энесине айткандан коркот же уялышат. Мындай топтор энеси же атасы үй-бүлөсүн багам деп чет жерге кетип же энеси эртеден кечке жумушта иштеп, балдары кароосуз калганынан пайдаланышат. Айтымдарга караганда, аларды катарына тартуу максатында мектепте-ги жогорку класстын балдарына спайсты (маңзат) сатып, ресторандарга бекер алып барып, кальян чектиришип көндүрүшөт. Жаштарды жаман жолго тарткан мындай топторду жок кылууда укук коргоо органдары жеткиликтүү иш алып барышпайт.

Бир учурда дүйнөдө эң өнүккөн эл япондор болчу. Алардан кантип өнүккөнүн сурай келгенде “биз көп убакыт жабык өлкө болчубуз” дешет. Мүмкүн ошол учурда аларга биздегидей ашынган демократиянын таасири тийбегендир. Азыр япон маданияты да батыштын идеологиясынын үстөмдүгүндө калгандай. Түркмөнстанда демократия бизге салыштырмалуу чектелген. Алар менен сүйлөшө келгенде да жан дүйнөсү таза, дилгир адамдар экенин жана союз учурундагыдай духту байкоого болот. Биз демократияга баш-отубуз менен киребиз деп жатып, улуттук нарк-насилибизди жоготуп алган жокпузбу? Тилибизди канчалык өнүктүрөлү деген менен келечек муунубуз “киргиз” болгонун, жаштарыбыз реалдуу дүйнөгө караганда виртуалдык жашоодо өзүн эркин сезерин жана Шаханов айткандай муздак логикалуу, күйүмсүз болуп баратканын тана албайбыз. Маданиятыбызды жайылтууну көздөп, чет элдиктерге көргөзмөлөрдү уюштуруп, шырдак жана башка буюмдарыбызды көрсөтөбүз. А өзүбүз перстердин, гректердин дүйнөдө бренд болуп таанылган кымбат баалуу килемдерин сатып алабыз.

Ал  эми  жаштардын  маңзаттарга, спирт ичимдиктерине берилгенин аялдамада мас болуп отурган, уктап жаткандардан жана түнкү эс алуучу жайларда спирт ичимдиктерин ичип отургандардан байкоого болот. Жумушсуздуктун айынан айылдан иш издеп келип, аракка берилип, үй-жайсыз көчөдө калгандар да кездешет. Аларга бийлик дагы, коомчулук дагы кайдыгер. Жакында эле Ош базарындагы көпүрөнүн үстүндө бүрүшүп жаткан жаш баланы көрүп сестендим. Жанынан адамдар өтүп жатат. Баары кайдыгер. Кийими деле таза, бүрүшүп жатканын көрүп, ооруп калбады бекен десем, маршруткадагы жүргүнчүлөр капарына да илип коюшпады. Кокустан кимдир бирөө ооруп жыгылып калса деле эч кимиси жардамга келбечүдөй. Ал эми Кичи Жал районундагы 98-үйдүн айланасында дайым ичип отурган жашы 30-25тер чамасындагы 5-6 жаран менен укук коргоо органдарынын таптакыр иши жоктой. Алардын экөөсү үйгө бараткан жолдогу тротуарга жатып уктап калыптыр. Өтө албай дендароо болуп бир саамга туруп, артка кайрылып, машиналарды айланып өттүм. Кыргызстанга туристтер тынбай келет. Чет элдиктер мас болуп жаткан жаштарыбызды тартып алып, мына кыргыздар ушундай десе кантебиз?..