Кенебеген элибиз – кесепеттен качан кутулат?!

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Мындан 20 жыл мурун бир аяшыбыз эхинококкоз оорусуна чалдыгып, үй-бүлөдө чоң трагедия болгон. Оор операция, акчалай чоң чыгымы аз келгенсип, саргайткан сарсанаа. Бул кесепет өлкөбүздө кеңири тарап, жыл сайын 800дөн ашык адамга операция жасалып жатат. Жүздөгөн адамдар залал алып, айымдар болсо көпчүлүгү төрөттөн калат. Адистердин айтымында эхинококкоз оорусунан Кыргызстан жылына 15-20 млн. доллар зыян тартат. Себеби, ар бир операцияга дарыланууга кеткен чыгым 100 миң сомдон ашык каражатты түзөт экен. Демек, бул өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлүү оорусу.

Тегеректе жорткон жолбун иттер, демек, тооруйт элди илдеттер…

Талас облустук мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таштан Молдокуловдун облустук телерадиокомпанияда берген маалыматы боюнча, облуста быйыл 23500 ит дарылоодон (дегельминтазациядан) өткөрүлгөн. Анткени ит жана мышыктын организми мите курттарды алып жүрүшөт, заң менен алар жер жашылча, мөмөлөргө, чөптөргө жана буюмдарга жабышып, суу-ларга түшүшөт.

Адамдар эхинококкозду негизинен иттерден жана мышыктардан жуктурууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй үй иттеринин 18%ы жана көчөдөгү жолбун иттердин 26%ы эхинококкоз менен ооругандыгы тастыкталган. Оорунун 60%ы боорду, 20%ы өпкөнү, ал эми 10 пайызы мээни жабыркатат.

Талап  боюнча  ит-мышыктарды ар бир үч ай сайын же жылына 4 ирет дарылоодон өткөрүү зарыл. Т.Молдокуловдун  айтымында,  быйыл облус боюнча 1360 ит атылган. Бирок бул цифрага ишенейин десең Талас шаарында парктарда, көчөлөрдө ондогон жолбун иттер күн сайын жортуп жүрүшөт, аларга  көңүл  бурган жан  жок.  Өзгөчө үйүгүшкөн,  үйүр-үйүр  жолбун  иттер таштандыларда жайнап  жүрүшөт. Ошондуктан ветеринария кызматына,  мэрияга  жолбун иттердин бирин калтырбай  атуу боюнча тапшырма берүү зарыл. Экинчиден, ММК каражаттарынан  бала-чака  дебей  колду самын  менен  жуу керектигин  айтып,  кайдыгер  адамдарга итти мажбурлап байлатып, байлабаса штрафтарды салуу керек. Анан союлган малдын өпкө-боорлорун жеп салбай, заңдарын көөмп, өрттөгөндү ар бир адамга такай үйрөтүп туруудан тажабаш керек.

Тоотпос, кенебестерди эмне кылуу керек?

Мыйзам негизинде, ит, мышыктарын ветеринардык дарылоодонөткөрүүдөн баш тарткандарга 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат. Ушул убакытка чейин өз ыктыяры менен ит, мышыктарын дарылатып жүргөн бир да адамды жолуктуруу кыйын. Тескерисинче, көнүмүш менен “Кудай сактасын” деп кенебей, маалкатышат.

Адистер так жоопту айта албай тайсалдаштыбы?

Т.Молдокулов жана Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Жакып Айдаров көптөгөн кесипкөй маалыматтарды айтышты. Бирок өнүккөн өлкөлөр менен салыштырмалуу көрсөткүчтөрдү так айта алышкан жок. Себеби, өнүккөн өлкөлөрдө үй жаныбарларына ветеринардык көзөмөл, талап өтө катуу. Ал жакта иттерин, мышыктарын дарылатпай көчөлөргө коё берсе штрафты олчойто төлөйт. Демек, аталган кесепет жокко эсе. Айтор, кыргыз эли кенебестикти, таштап, санитардык сабаттуулугун жакшыртса, бала-чаканын, өзүбүздүн өмүрүбүз коопсуз болот!