Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Бизнеске тоскоол болгондорго чара көрүлөт»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


17-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү ири бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Мамлекет башчы түрдүү тармактагы ишкерлердин көйгөйүн, сунуштарын угуп алууга кенен убакыт бөлдү. Жыйында атамекендик бизнестин өнүгүп өсүшүнө карата мамлекеттин жасап жаткан жаңы багыттары айтылды. Кыргызстан өнүгүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алганына көп убакыт өтө элек. Стратегияны талкуулап, иштеп чыгууга бизнес чөйрөсү да активдүү катышкан. Анда атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн абдан ыңгайлуу экономиканы түзүү тууралуу бир топ талкуулар болгон. Ошого карабай ишкерлердин расмий бийликке айта турган көйгөйлөрү, коё турган талаптары аз эмес экен. Мисалы, КР Соо да өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеевдин айтуусуна караганда көмүскө экономиканы жеңе албай жатканыбыздын себептери арбын. Сурамжылоо жүргүзүүнүн натыйжасында ишкерлердин 66 пайызы мамлекеттик органдардагы коррупция себеп экенин ай-тышкан. Андан тышкары, мамлекет инвес-тордун жеке менчигин коргоого алсыз болуп жатат. Бизнес менен мамлекеттик органдардын соттошууларынын 80 пайызында ишкерлер жеңилип калууда. Соттошуп жаткан эки тараптын бирөөсү мамлекеттик орган болуп жатса соттун чечиминде канчалык акыйкаттык бар экени суроо жаратып келет. Ошондуктан, мамлекет менен бизнестин ортосундагы талашты көз карандысыз үчүнчү арби-траж карашы керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүнүн башында атамекендик бизнести өнүктүрүүгө көрүлүп жаткан чаралардын бир нечесине токтолуп кетти. Мисалы, мамлекет жаңы түзүлгөн бизнеске 3 жылга мораторий жарыялады. Салык процедурасын фискализациялоо системасын киргизди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27-12 пайызга төмөндөтүлдү, Кепилдик фонду аркылуу быйылкы жылы 535 ишкерге кепилдик берилген. Албетте, бизнеске көрүлгөн камкордуктардын катарын дагы санай берүүгө болмок. Ошонун баарына карабай, коррупциялык көйгөйлөр азайган жок. Анын бирин мамлекет башчы өзү айтып берди.

“Сиздер, ишкерлер сот системасындагы кемчиликтер тууралуу айтып жатасыздар. Мисалы, Ала-Букадагы тоо кен ишканасына Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери барып 10 күн текшерүү жүргүзүшкөн. Ал жерде жогорку кызматтагы адамдын коррупциялык ишин кармап жатпаса, УКМК текшерүүгө кандай тиешеси бар?. Кээ бир жерде өз ыйгарым укугун ашыкча пайдалангандар, бизнеске түрдүү тоскоолук-тарды келтиргендер бар. Жакында биз бизнес ке кедергисин тийгизген көрүнүштөрдү жоёбуз. Тос коол дук келтиргендер салык, бажы кызматтары же укук коргоо органдары болобу андайларды биротоло кетирип, кайра кызматка албоо керек”, — деп белгиледи.

Сот  системасын жана укук коргоо ор-гандарын реформалоо боюнча азыр жумушчу топ иш жүргүзүүдө. Келерки жылдын ян-варь айынан баштап, жаңы мыйзамдар, ко-декстер  иштей  баш-тайт.  Айрым  учурда экономикалык талаш-тартыштарды караган сот  процесси  узакка созулуп кетүүдө. “Жакында мага 2008-жыл-дан бери уланып келе жаткан сот процесси тууралуу кат келди. Бул сыяктуу бири-бирине шылтоо кылып, чечим кабыл албай жүргөн судьялар жооп берүүлөрү керек. Жабыркаган жарандын тагдырын, үй-бүлөсүнө тийгизген таасирин ким ойлойт?”, — деп билдирген Президент С.Жээнбеков, мындай окуяларды жо-юуга аз убакыт калганын ишендирди.

Жыйында  айрым  ишкерлер  бизнес үчүн социалдык төлөмдөрдүн оордук келтирип жатканын козгошту. Мамлекет социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн төмөндөтсө өндүрүштүн рентабилдүүлүгү кескин өсөрүн далилдөөгө да аракеттенгендери болду. Бирок, мамлекет башчы, бизнес жетекчилерин да жооп керчиликтүү болууга чакырды. “Салык, соцфонд төлөмдөрү ылдыйлатылса армияны, укук коргоо органдарын, мугалимдерди, врачтарды, пенсионерлерди ким багат?. Бизнес дагы өзүнүн социалдык  жоопкерчилигин сезиши керек. Учурда иштеген бир жаран, эки пенсионерди багып жатат” , — деп жооп берди. Бүгүнкү күндө коррупцияны жоюунун заманбап технологиялары киргизиле турганын жана Өкмөт мунун үстүндө чоң иш алып барып жатканы айтылды. Айталы, “Коопсуз шаар” долбоору 12 жылдан бери ишке ашпай кел-гени буга мисал болду.

Мамлекет башчы салыкчылардын ыксыз текшерүүлөрүнө да токтолуп өттү. Эгерде компаниялар салыкты мурдагысынан көп төлөп жатса аны эмне үчүн текшерүүгө алуу керек? Ал эми салык төлөө азайып бара жатса кеп башка. Учурда бизнестин укугун коргой турган Бизнес-акыйкатчы органын түзүлгөнү жатканын да айтты. Мамлекет башчы ишкерлердин толгон көйгөйлөрүн чечүү максатында алар менен тез-тез жолугууга убада берди.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке Президенттик Аппараттан, Өкмөт төн, Жогорку Кеңештен, Жогорку Соттон, бей өкмөт уюмдардын мүчөлөрүнөн ж.б. тараптын өкүлдөрү киргизилген. Мына ошол улуттук кеңештин алдында өнөр жайды жа-на ишкерликти өнүктүрүү жагдайын караган жаңы комитет түзүлө турган болду. Анда эксперттик топ да болот. Ишкерлер коюп жаткан маселелердин баары жаңы түзүлгөн комитетте каралат. Ал комитетке жогорку бийлик бутактарынын жетекчилери да, ири биз-нес ассоциациялары да киргизилмей болду. Ал эми комитеттин башында Президент Сооронбай Жээнбеков өзү турарын айтып убада берди. Анын иштеши үчүн донордук уюмдардан каражат изделе турган болду. Ошол комитетте кайсы мамлекеттик орган бизнеске тоскоолдук келтирип жатканы ачык айтылып, дароо чара көрүлөт.

(Уландысы бар)

Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Бизнеске тоскоол болгондорго чара көрүлөт»: 1 комментарий

Комментарии запрещены.