Төрөткананын дарыгерлери бала саткан жеринен кармалды

Бишкектеги 4-төрөтканада дарыгерлер башка жарандарга ымыркайды сатып, алардын ата-энесине баласынын төрөт учурунда чарчап калгандыгын айтышкан.

Аталган төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары баланы сатып, үчүнчү тараптан акча алып жатканда кармалган. Көп узабай баланы сатууга көмөктөшкөн дагы бир кызматкер кармалган. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу, башка бала сатууга шектелген мамлекеттик мекеменин дарыгери тууралуу толук маалымат ачыктала элек.

Аталган төрөткананын дарыгерлери ымыркай жарыкка келгенден кийин анын энесине балаң чарчап калды деп, мурда аборт жасалган ымыркайдын өлүү денесин көрсөтүшкөн.

Учурда бул факт боюнча төрөткананын дарыгерлерине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.