КРӨФ ишкерлерди колдоонун жаңы багыттарын ачты

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн кыргыз-россиялык компаниялардын бизнес форумунда аталган Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү туурасында кенен сөз болду. Эки күндүк бизнес форумга Россиянын мамлекеттик органдарынын, ири компаниялардын жетекчилери, топ менеджерлери катышты.

Бизнес форумдун максаты – ЕАЭБдин алкагында кыргызстандык жана россиялык ишкерлердин ортосундагы кызматташуу байланыштарын бекемдөө. Айталы, Россиянын “АвтоВАЗ” айыл чарба техникаларын чыгаруу заводу модернизацияланып жаткан жаңы трактор, комбайн, тоолуу аймактарга ыңгайлашкан автоунаалары ж.б. техникалары тууралуу завод-дун экспорттук сатуулар башкармалыгынын жетекчиси В.Рудаков айтып берди. Мындай техникалар биздин айыл чарба тармагындагы ишкерлерди кызыктырууда. Жакынкы келечекте Кыргызстан инновациялык технологиялардын жардамы аркылуу электр энергиясын үнөмдүү колдонгон, экологиялык продукцияларды чыгарууда чоң рынокто өз ордун тапкан мамлекет болуусу үчүн аракет көрүлүп жатат. Өнүгүүнүн негизги артыкчылыктуу тармактарынан болуп энергетика, транспорт, кен байлыктары, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, текстиль, туризм саналууда.

РФнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары В.Чекмазов бүгүнкү күндө Кыргызстан  менен  Россиянын  товар  жүгүртүүсү башка мамлекеттерге салыштырмалуу тез темп  менен  өнүгүп  жатканын  белгиледи. “2018-жылдын биринчи жарымында эле Кыргызстандын Россияга карата экспорту 41 пайызга өстү. Ал эми 2017-жылда жалпысынан бул көрсөткүч 47 пайызга өскөн болчу. Ошол эле учурда Кыргызстанга карата Россиядан импорттун азайышын республика экономикасы үчүн оң тенденция катары кароо керек.

Өткөн жылы ал 37 пайызды түзгөн болсо, быйылкы жылдын алты айында 10 пайыз эле болду. Ошол эле учурда Кыргызстандын үчүнчү мамлекеттерге экспорту РФга салыштырмалуу кыйла артта калды. Бул жагдай биздин эки мамлекеттин ортосундагы соода жүргүзүү балансынын Кыргызстандын пайдасына жакшырып бара жатканынан кабар берүүдө. Бирок, жетишилген ийгиликтер менен катар эле, өнөктөш эки мамлекеттин биргелешкен жаңы ишканаларды түзүү боюнча келишимдери жай жүрүп жатат. Эгерде Кыргызстандын аймагына жаңы ишканалар курулса, анын продукцияларын ЕАЭБдин аймагына алып чыгууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ошону менен катар Россия Кыргызстанга ар тараптуу жардамдарды берүүсүн уланта берерине ишендирип кете алам”, – деп белги-леди В.Чекмазов.

Кыргызстан инвесторлорго кедергисин тийгизген тоскоолдуктарды жылдан жылга максималдуу жоюп келе жатканы бизнес форумда жакшы эле айтылды. Инвестордун укугун коргоо, анын жеке менчигин коргоого алуу, чет элдик валюта менен кенен колдонууну камсыз кылуу, маморгандардын негизсиз кийлигишүүлөрүн жоюу, текшерүүлөрдү колдон келишинче азайтуу иштери колго алынып жатат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан сот системасын реформалоо, мыйзамдын диктатурасын орнотуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ишкерлерди мыйзамдык колдоо бир кыйла жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Өлкө ичинде 2019-жылдын 1-январынан тартып, сот бийлиги менен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жаңы кодекстер, мыйзамдар ишке ашырыла баштайт.

Бүткүл дүйнөлүк банктын баасы боюнча Кыргызстан 2017-жылы бизнес жүргүзүүдө жеке менчикти каттоону жөнөкөйлөштүрүү боюнча 8-орунга чыккан. Инвестиция мыйзамдарына  кирген  өзгөртүүлөргө  келсек, азыр ири инвестиция салуучу ишкерлер менен Өкмөттүн ортосунда 50 млн. доллардан өйдө көлөмдөгү долбоорлорду ишке ашыруу келишими түзүлө баштайт. Андан тышкары, келишим түзүлгөн алгачкы 7-10 жыл аралыгында салыктар боюнча өзгөрүүлөр болуп кетсе, инвестор баштапкы келишимде каралган салыктарды гана төлөй берет. Кыргыз сому башка валюталарга салыштырмалуу туруктуулугун кармап келе жатат. Ошондуктан сомду накталай жана которуу жолу менен колдонуу кимге болбосун абдан ыңгайлуу. Инвестор үчүн мындай жеңилдиктер аз эмес. Экономика  министринин  орун  басары Элдар Абакиров россиялык ишкерлерди тигүү, маалымат технологиясы, туризм, медицина,  айыл  чарба  азыктарын  кайра иштетүү, тоо кен ж.б. тармактарга инвестиция салууга чакырды. Аталган тармактарга салынган капитал 3-5 жылда өзүн жакшы актап, жогорку натыйжаларды берерин иликтөөлөр көргөзгөн. Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам долбоорун Өкмөт Жогорку Кеңешке жиберген. Мыйзам долбоору парламентте экинчи окууга коюлганы жатат. Россияда аталган мыйзамдын алкагында 1000ден ашык долбоорлор ишке ашырылыптыр. Ошондуктан россиялык ишкерлердин бизге келип, бул жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тажрыйбалары жетиштүү.

Учурда Кыргызстандын 60 өлкө менен визасыз кирүү келишими бар. Бул тизме дагы көбөйтүлүп, туризмге инвестиция салууга өбөлгө түзөт. Андан тышкары, Нарын эркин экономикалык аймагы аркылуу Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ал жактагы 200 гектар жерге индустриялык ири соода-логистикалык комплекси курулууда. Албетте, Россиянын өзүнүн да Кытай менен чектешкен аймактары бар. Ошондой болсо да, Нарын облусуна чектешкен Кытайдын аймагы аркылуу дагы россиялык компаниялар өз продукцияларын 1,5 млрд. калкы бар рынокко чыгара алышат. Өткөн жылы жалпы кыргыз-россиялык соода жүргүзүүнүн көлөмү 1,5 млрд. долларды түзүп, ал кыйла өсүү тенденциясын көрсөткөн.

2014-жылы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча эки мамлекеттин келишимине  кол  коюлуп,  ал  Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында кабыл алынган. Анын уставдык капиталы 500 млн. долларды түзгөн. Фонд негизги үч максатта түзүлгөн. Биринчиси, кыргыз-россиялык соода-экономикалык   кызматташтыгын бекемдөө, экинчиси, өлкө экономикасын модернизациялоо, үчүнчүсү, Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык чоң рынокко кирүүсүндө жеңилдиктерди түзүү.

Фонд 2015-жылдын сентябрь айынан баштап реалдуу иштей баштаган. Ушул үч жыл аралыгында фонд тарабынан жалпысынан 281, 5 млн. доллар көлөмүндө 1530 долбоор каржыланды. Анын ичинен 50 млн. долларлык каражат мамлекеттик ипотекалык программаны каржылоого жумшалууда. Фонд айрыкча айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына чоң колдоо көрсөтүп, каражатынын 66 пайызын жумшап жатат. Жалпысынан алганда фонддун каражаты Чүй облусу менен Бишкек шаарынын тегрегинен чыкпай калууда. Мындан ары фонддун каржылоосу республиканын аймактарын көбүрөөк камтый турган болду. 2018-жыл Президент С.Жээнбековдун жарлыгы менен “Аймактар-ды өнүктүрүү жылы” болуп жарыялануусуна байланыштуу, фонддун каражатын өлкө аймагына тегиз жайылтууга бардык мамлекеттик органдар аракет кылып жатышат.

Бүгүнкү күндө КРӨФ негизги эки багытта каржылоо жүргүзүп жатат. Бири — чакан жана орто бизнес үчүн 1 млн. долларга чейинки каражатты өзүнүн өнөктөш банктары аркылуу берип келүүдө. Азыркы учурда Кыргызстандагы 25 банктын ичинен 13 банк ийгиликтүү, туруктуу иштеп келе жатышат жана аларда КРӨФтүн кредиттик линиялары бар. Ал эми 1 млн. доллардан жогору көлөмдөгү бардык долбоорлор ири бизнес үчүн фонддун өзүнөн алынуучу кредиттер. Кредиттин шартында анчалык айырмачылыктар жок. Долбоорлордун баарына доллар менен 4-5 пайыз жылдык үстөгү менен берилет. Кредиттин жеңилдетилген мөөнөт – каникулдары 24-36 айга чейин деп белгиленген.

Быйылкы жылы КРӨФ чакан жана орто бизнеске берилчү кредиттердин берүү чегин 1 млн. доллардан ылдый түшүрдү. Анткени, аймактардагы ишкерлер анчалык көп каражатты алууга чамасы чарк. Быйылкы жылы фонд аймактарды өнүктүрүү максатында конкурстарды өткөрүп жатат. Конкурс айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына басым жасайт. Анда ишкерди колдоо механизмдери иштелип чыкты.

Эгерде долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып, кредит өз убагында төлөп бүткөрүлсө, жылдын аягында төлөнгөн кредиттин жартысын ишкерге кайра кайтарып берүү жагы каралууда. Ошондо ишкер үчүн кредиттин көлөмү болгону 2 пайызга айланып калат. Мындай мүмкүнчүлүктөн россиялык компаниялар да  пайдалана  алышат.  Бирок,  россиялык өнөктөштөр долбоорду Кыргызстандын аймагында ишке ашырышы шарт. Эгерде жаңы түзүлүп жаткан ишкана болсо ал Кыргызстандын ишкерлерине тараган жеңилдиктерден колдоно алат. Конкурска катышуу боюнча арыздар ушул жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.

Андан тышкары, фонд дагы бир конкурс өткөрүп жатат. Кандайдыр бир каржылык көйгөйгө туш болгон ири компаниянын аталган фонддон долбоор жазып алган кредитине фонд да өз үлүшү менен кирет. Бирок, долбоор натыйжалуу ишке ашып, ийгиликтүү  жолго  түшүп  алса,  КРӨФтүн үлүшүн компания өзүнө кайтарып алуу шарты каралууда.

Бизнес-форумдун алкагында “Росэксим-банк” АК менен КРӨФ ортосунда кредиттик келишимге жана “Русская кожа” мамлекеттик компаниясы менен “Империя Групп компаниясынын” ортосунда кызматташуу келишимдерине кол коюлду.