Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек ИКРАМОВ: «Тойлорго ашыкча чыгымды коротпой, токтото турсак жакшы болмок»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Быйыл Президенттин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Сиз шайланып келген аймактагы элдин абалы кандай? Элет жеринин инфраструктурасын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жасалып жатыптырбы?

– Бир ай эмгек өргүүдөн кийин, аймактардагы эл менен жолугушуп келдик. Негизинен эл арасында социалдык көйгөйлөр бар, алар таза суу, бала-бакча, мектеп жана жол маселеси. Социалдык объекттердин курулушунун баары каражатка барып такалат. Бирок ошондой болсо дагы Президенттин жарлыгын эл дагы, Өкмөт дагы колдоого алып, аймактардагы элдин турмушун жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Мен Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жаңыдан колдонууга берилген мектептин ачылышына катышып келдим. Мектептин ачылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү жетишкендиктердин бири болду. ФАП маселеси союз кезинен бери чечилбей келген болчу. Азыркы учурда ФАПтар бир эле жерде эмес, 4-5 айыл өкмөтүндө ачылып, ишке берилди. Жолдор оңдолуп жатат. Жаштарыбыз ден соолугун чыңдай турган атайын спорт залдар курулду. Быйылкы жылда Президент аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап, дээрлик бардык аймактарда курулуш иштери жүрүп жатканын көрүүдөбүз. Социалдык объекттердин курулушу каражатка байланыштуу болгондуктан, көп эмгекти,  убакытты  талап  кылат.  Мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын негизинде жа-на жеке жарандардын демилгеси менен улам жаңыдан курулган объекттер ишке берилүүдө. Президент мурда өкмөт башында турганда эле элет жеринин инфраструктурасын көтөрүү керектигин айткан болчу. Мына азыр ошол кездеги айтканы анын чыгарган жарлыгына төп келип, өлкөдө чоң объекттер курулуп ишке берилсе, кээ бирлеринде курулуш иштери аяктайын деп калды, негизинен элдин жашоо шартын жакшыртуу боюнча бардык багытта иштер жүрүп жатат. Албетте, жасалган ишке же айтылган бир демилгеге сынчы көп. Бизде элге пайдасы тийбеген, бир ишти өзү кыла албаган, же оозунан жакшы сөз чыкпагандар бар. Эл менен жолугушканда Президенттин аймактарды өнүктүрүүгө карата жарлыгына эл ыраазы экенин жашырышкан жок. Анткени буга чейин элет жерине мынчалык көңүл бурулган эмес. Бул жарлыкты аткаруу түздөн-түз Өкмөттүн жана ар бирибиздин милдетибиз. Быйылкы жылдагы жарлыктын аткарылышында Өкмөттүн да салымы чоң экенин белгилегим келет.

–  Элет  элинде  кандай  муктаждыктар бар? Туулган айылыңызга жеке демилгеңиз менен колдоо көрсөтө алдыңызбы?

– Көчкүнүн кесепетинин үй жайсыз калган жарандарга башка аймактан жер бөлүнүп берилген. Алар отурукташкан жерге таза суу тартуу, жол куруу, мектеп салуу, электр энергиясын тартуу жана башка социалдык маселелери боюнча Өкмөткө кайрылуу жасагам. Элдин эң бир көйгөйлүү маселелеринин бири бул – жол маселеси. Айылдын жолдорун оңдотуп бердим. Учурда башка айылдардагы жолдордун оңдолушу каралган. Ал жолдор буйруса кийинки жылда оңдолуп бүтөт. Мындан сырткары жеке демилгем менен көп жылдардан бери оңдолбой турган спорт зал курулуп, ишке берилди. Ал спорт залдын курулушу менен көп болбосо да жумуш орундары түзүлдү. Учурда 8 мамлекеттик машыктыруучу иштеп жатат. Жалгыз эле ал аймактын жаштарына эмес, башка аймактардан келген жаштарга да спорт менен машыгууга жакшы шарт түзүлдү. Анда республикалык, облустук, райондук деңгээлдеги мелдештер уюштурулуп өткөрүлүп жатат. Ал машыктыруучулардан республиканын бардык аймактарынан жаштар келип машыга алышат. Жогоруда айтылган ФАПтардын курулушу да жеке демилгем менен ишке ашкан. Аймактардан келген кат жүзүндөгү кайрылуулардын баарын карап чыгып, ар кыл жагдайлар боюнча маселелерин чечип берүүгө аракеттенем. Көчкүдөн кийин башка жерге отурукташкандар жок дегенде “8 класстык деңгээлдеги мектеп куруп берсеңиздер” деп суранып жатат. Бул жагдайды чечүүдө мамлекеттен качан каражат бөлүнөт деп эле карап отурбастан жеке фонддор, ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүп жатам. Жеке тараптардын колдоосу менен Көк-Көл айылында быйыл болбосо да кийинки жылда мектеп курулуп калат деген ойдомун.

– Өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Сооронбай Шарипович президенттик ишти жүргүзүп баштаганда эле Кыргызстанды өнүктүрүү тууралуу бардык багыттар боюнча элге кайрылуу жасаган. Кайрылууларынын биринде өлкөнү коррупционерлерден тазалайм деген. Ошол сөзүнө бекем турууда. Аны биз мамлекетибизде жасалып жаткан иштердин натыйжасынан көрүп жатабыз. Мына жемкорлукка байланышкан кылмыш иштеринин аркасында чогулган каражат топтолуп жатат. Ошол топтолгон каражат кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетпей тышкы карызыбыздын жабылышына же башка социалдык маселелерге жумшалса, муну менен кандайдыр бир деңгээлде жалпы элдин муктаждыгы же маселеси чечилет. Мындай иштердин жасалып жаткандыгы Сооронбай Шариповичтин мен ушул партиядан келгем же партиялашым эле дебестен өз элинин мүдөөсүн, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору койгондугунун, тазалыгынын белгиси. Албетте, бизде коррупция өтө тамырлашып кеткен. Буга каршы күрөшүү бир эле жылды талап кылбайт жана аны менен күрөшүү оңой-олтоңго да турбайт. Мына сырттан тартылган инвестициянын 70-80 пайызын өз чөнтөгүнө салып алгандар болуп жатат. Эртең бүрсүгүнү дагы ири коррупциялык башка жагдайлар ачылуу алдында турат.

– Коррупцияны канткенде жеңе алабыз, ага бөгөт боло турган жолдор барбы?

– Кайсы тармакты алып карабайлы коррупция бар экени белгилүү. Ал бала-бакчадан, мектептен тартып, жогорку окуу жайларда, салык, бажы, мамкаттоо жана башка тармактарда кездешет. Мында адамдык фактор болгондуктан адамдардын дили тазармайынча жеңүү кыйын. Ошондой эле мугалимдер жана башка мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы орточо жашоо тиричилигине жете тургандай болуш керек. Мындан сырткары ар бир адамдын дилинде мекенчилдик жана бийик адамгерчилик сапатты, духту ойготушубуз керек. Ал үчүн бизде идеология күчтүү болуш керек. Ал идеологияны мектептерден тартып, мамлекеттик кызматкерлерге чейин карманыш керек. Мамлекеттик кызматкерлердин арасында “бүгүн иштейм, эртең бул кызматтан кетем” деген ойдо “пайдаланып калайын, жеп калайын” деп жемкорлукка барып жаткандары да жок эмес.

Мен парламентке коррупция беренеси менен жоопко тартылган, мамлекетке зыян келтирген ири коррупционерлердин балдары, небересине чейин мамлекеттик кызматтарга алынбасын деген сунушту киргиздим. Талкууланып жатат. Келген инвестицияларды пайдаланууда мамлекеттик кызматкерлер элдин кызыкчылыгын ойлошпосо да балдарынын, неберелеринин тагдырына балта чаппайлы, келечекте баламдан мыкты мамлекеттик кызматкер чыгып калар деп жок дегенде баласынын тагдырынан коркор.

– Кесиптешиңиз мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган тойлорго мораторий жарыялоо сунушун  айтты.  Бул  сунушту колдойсузбу?

– Бир жылда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган 100дөн ашуун тойлор бар экен. Анын ар бирине эки миллион сом каражат каралыптыр. Эми ошол өткөрүлө турган тойлорго ашыкча чыгымды коротпой токтото турсак жакшы болмок. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун же Сагымбай Орозбаковдун маарекелерин белгилебей койгонго болбойт. Анткени ал руханий баалуулуктар аркылуу жаштарыбыздын руханий дүйнөсүн ойгото алабыз. Андыктан маареке өткөргөндө тай союп, дүр-дүйүм дасторкон жайбастан, жаштар арасында илимий конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруп, китептерди чыгаруу жагына басым жасасак.

Тойлорго мораторий десе көпчүлүк туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Мында мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн тойлор жөнүндө сөз болуп жатат. Жеке адамдар кыз узатып, же уулун үйлөнтүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша той өткөргөнүнө эч ким тыюу салбайт.

– Жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары канчалык? Жеринде каралып, чечиле турган маселелер боюнча алардын укуктары чектелген эмеспи?

– Айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү бийликтин кеңештери шайлап жатышат. Кээ бир жергиликтүү кеңештерде 20дан ашуун депутат бар. Ал эми ошол шайланган айыл өкмөт башчылары түздөн түз аларга көз каранды болуп, алардын кызыкчылыгын жактап калып жатат. Менимче айыл өкмөт башчыларын дайындоо жолу менен келгени туура. Дайындалардан мурда ал кызмат ордуна келе турган ар бир адам атайын комиссиядан өтүп, билими деңгээли, иш тажрыйбасы текшерилмек.

– Жардамдардын эсебинен жашаган айылдарды кантип дотациядан чыгарса болот?

– Ооба, өндүрүш ишканалары дээрлик жок, дотацияда отурган айылдар бар. Аларды дотациядан алып чыгыш үчүн акимдер пландалган иш мерчемдерин түзүп, аткаруу бийлигине жеткирип, чоң болбосо да чакан ишканаларды ачыш керек болчу. Азыркы учурда тиги же бул айылды дотациядан чыгарайын деп, иш алып барган аким жок. Мамлекеттен келе турган жардамдар райондогу айыл өкмөттөргө тегиз бөлүнүш керек. Мисалы, мал чарбачылыгы же дыйканчылык менен гана жан багып жашаган айыл өкмөттөр бар. Аларга мал чарбачылыгын колго алган фермалар же дыйканчылык багытында иш алып бара турган атайын ишканалар ачылса болмок. Дотациядагы айылдын эли жумуш менен камсыз болуп, ошол тапкан каражатын ар кыл маселелерин чечүүгө пайдаланмак. Мисалы айылдарда тоок баккан ишканалар ачылса, анын этинен, жумурткасынан пайда табышмак. Ушундай эле жол менен мал багып, эт, сүт азыктарын өндүрүп, андан да киреше тапса болот. Бир айыл өкмөтүнө башка айылдардан сүт тапшырып, аны иштете турган чакан фабрикаларды курса болот.

–Талаш тартыш жараткан Кызыл-Кыядагы цемент заводу Баткенден Ош облусуна өттү. Бул чечим туура деп ойлойсузбу?

– Эки облусту салыштырганда Баткенге караганда Ош облусунун үч миң жылдык тарыхы бар, экономикасы да жогору. Ал эми Баткен облусу элибиз эгемендик алган жылдардан кийин эле түзүлдү. Андыктан ал заводду Ноокатка өткөрбөй эле Баткен облусунда калтырса туура болмок. Чек арага жакын жайгашкан абалы оор, таза суусу жана башка социалдык жагдайлары чечилбей келген айылдар бар. Жок дегенде жергиликтүү эл ошол заводдун салыгынан түшкөн кирешени муктаждыктарына пайдаланышмак…