III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Чет өлкөлүк журналисттердин көзү менен

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу үчүн кыргызстандык 700гө жакын журналист, 56 чет мамлекеттен 604 журналист катышышты. Алар өкүлү болгон чет өлкөлөрдө 50 телеканал, 12 радиостанция, 67 маалыматтык агенттик, 48 гезит, 50 блогер Чолпон-Атадагы жана Кырчын жайлоосундагы спорттук мелдештерди жана маданий иш-чараларды байма-бай жазып, көрсөтүп, уктуруп жатышты. Биз окуялардын ортосунда жүргөн чет өлкөлүк журналисттер менен маектештик.

Байрамдүрдү ГУЖИКОВ

Байрамдүрдү ГУЖИКОВ, ТүркмөнТВ: «Кыргыз жергесинин кооздугу суктандырды»

–Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  жакшы өтүп жатат. Кыргызстанга биринчи келишим. Ысык-Көл тазалыгы жана чоңдугу менен мени таң калтырды. Эми, түркмөндөр кыргыздар менен бир тууган эл, ушуну өз көзүм менен көрдүм. Тилибиздеги окшоштуктарды байкадым. Жакшы таасир менен элиме кайтып бара жатам. Бул жерде көргөндөрүм көпкө чейин эсимден чыкпайт деп ойлойм.

Аскар БЕКОВ

Аскар БЕКОВ, Казакстандын Республикалык «Айкын» гезитинин веб-сайтынын шеф-редактору: «Кыргыз боорлорубуз менен биз да сыймыктанабыз»

–Кыргызстанга келип-кетип жүрөм. Бирок, Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу келдим. Оюндар өтө жакшы уюштурулуптур. Алгачкы эки оюндан тажрыйба топтолгон окшойт. Казакстандык журналисттерди чек арадан урматтоо  менен  тосуп  алышты. Оюндарга калыстар адил баасын берүүдө. Алгачкыда көкбөрү боюнча өз ара түшүнбөстүк болду. Бирок бул Көчмөндөр оюндарына көлөкөсүн түшүрө албайт. Кыргыз эли эзелки улуттук оюндарын сактап калган мамлекет. Айталы, мында болгон 37 оюндун түрүнүн 16сы кыргыздарга нукура таандык экен.

Мага салбуурун жакты. Жаа аткан мелдешти көрүп, менде ушул спортко кызыгуу пайда болду. Мен да ушул спорт менен машыксам кантет деген талап пайда болду. Кырчын жайлоосунда миңге жакын боз үй тигилиптир. Бул, биринчиден, кыргыз элинин ынтымакташып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, иш-чаранын жакшы өтүүсү үчүн өз салымдарын кошуп жатышканын көргөзсө, экинчиден, көрүүчүлөрдүн, асыресе, чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун жаратты. Биз өз элибизге келгендей болдук. Анткени казактын кийиз үйү менен кыргыздын боз үйү абдан окшош, айрым жасалгаларын эсептебегенде айырмасы жок десе да болот. Ушундан эле казак-кыргыздын бир тууган экендигин айкын билүүгө болот. Мелдештердин жүрүшүндө кыргыз боорлорубуз казак спортчуларын колдоп отурушту. Ушундай чоң алкактагы оюндарды өткөрүп жаткан кыргыз боорлорубуз менен биз да сыймыктанабыз.

Каримберди ТӨРӨМУРАД

Каримберди ТӨРӨМУРАД, Өзбекстан: «Көчмөндөр оюндары түркү тектүү элдердин олимпиадасы»

–Мынакей, ат оюндарына Бостеридеги стадиондо,  күрөштүн  ар  кандай түрлөрүнө мындагы спорт комплексинде, улуттук каада-салттарга Кырчын жайлоосунда күбө болдук. Оюндар жакшы уюштурулган. Өз тартиби ме-нен өтүп жатат. Мен көчмөндөр оюндарын кыргыздардын, жал-пы эле, түркү тектүү элдердин олимпиадасы дээр элем. Мага «Номад» амфитеатрында болгон этнофестиваль абдан жакты. Мындагы музыкалык номерлерден түрк тилдүү элдердин тамыры бир экендиги айкын байкалды. Көчмөндөр оюндарынын чоң пайдасы бар. Дүйнө эли кыргыз дөөлөтү (мамлекети) бар экендигин билди. Кыргыз мамлекети Көчмөндөр оюндарынын ата мекени болуп калды.

Ладислав ЦВЕТКОВ

Ладислав ЦВЕТКОВ, Болгария, тележурналист, фотограф: «Көчмөндөрдүн урпактарыбыз»

– Кыргызстанга экинчи  жолу  келдим. Былтыр спелеологдордун экспедициясына катышып, Кыргызстанда жөө жана авто унаа менен 3 миң км. жол жүргөнмүн. Көчмөндөр оюндарынын аркасында  Кыргызстанга  экинчи жолу келгениме сүйүнүп отурам. Чет өлкөлүктөргө мен айтар элем, мүмкүнчүлүгүң болсо Кыргызстанга келип, бул жердин кооз табиятын, кең пейил калкын көрүп кайткыла деп. Көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү – спорттук жогору көрсөткүчкө жетүү эмес, эзелки каада-салттарды даңазалоо, дүйнө элдерин жакындаштыруу болуп жатканы. Азыркыдай ааламдашкан доордо кичине мамлекеттердин, аз улуттардын өзүн-өзү жоготуп албай, үрп-адаттарын сактап калуусу маанилүү фактор. Бул өңүттөн алып караганда, Көчмөндөр оюндары чоң роль ойнойт.

Мага көкбөрү оюнунун динамикалуулугу аябай таасир берди. Аттан жыгылып калгандар майып болуп калдыбы деп коркуп отурганмын. Алар кайрадан аттарына минип, оюндарын улантып кетишти.

Болгариядан Көчмөндөр оюндарына богатурларыбыз келип, байыркы жөкөрлөрдүн согуш өнөрүн көрсөтүштү. Негизи, биз, болгарлар бир замандарда Борбордук Азиядан Батышка ат менен кеткен көчмөндөр урпактарыбыз. Бизди кыргыздар менен жылкыга болгон астейдил мамилебиз жакындаштырып турат. Ат биз үчүн улуттук символдордун бири.

 

Суданшу Гутва

Суданшу Гутва, Индия: «Көчмөндөр оюндарынын программасы ар тараптуулугу менен жакты»

–Кыргызстанга үчүнчү жолу  келдим.  Мага көчмөндөр  оюндарынын  программасы ар тараптуулугу менен жакты. Мында байыркы улуттук оюндардын бардыгы камтылыптыр. Тек гана кыргыздардыкы эмес, аалам калктарынын эзелки оюндары да бар. Мен жумушума байланыштуу көп өлкөлөргө барып жүрөм, бирок, мындай программаны биринчи ирет көрдүм. Бизнес менен да алпурушам. Максатым – Кыргызстан менен кызматташтыгымды бекемдөө.

Мехрибан КАСУМОВА

Мехрибан КАСУМОВА, Азербайжан Республикасы, СВС телеканалы: «V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Азербайжанда өтмөкчү»

–Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Боордош элди, ажайып көркөм өлкөнү көргөнүмө сүйүнүп жатамын. Албетте, биз атайын республикабыздын атынан келген соң, өзүбүздүн спортчулар катышкан турнирлерди  тартып  алууга  өзгөчө  көңүл бурдук.  Элибиздин  спортчулары күмүш, коло медаль алышып, алгачкы күндөрдө алтынга ээ боло албай жатышты. Биздин атактуу балбаныбыз Жалал Сулаймановдун азербайжандын гюлеш күрөшүндө рингге чыкканы журналисттерибиз жана операторлорубуз үчүн эң маанилүү учур болду. Өзүмдү кандай кырдаал болсо да, өтө сабырдуу кармоочумун. Беттешүү учурунда аны «жоготтум». Бардык оюм, кантсе да Жалал жеңсе экен дейм. Колу, бутум калтырап, муундарым бошоп, жүрөгүм түрсүлдөп, кыйкырып, күйүп-быштым. Жердешимди сүрөп, кыйкыра-кыйкыра үнүм да кардыгып калды. Айтор, балбаныбыз жеңип, басылдым. Өмүрүмдөгү эң эстен кетпес бактылуу көз ирмемдердин бири ушул болду. Операторлорубуз тарткан репортажды Азербайжандын СВС телеканалы түз эфирден берип жатты.

Көчмөндөр оюндары жакшы уюштурулганы байкалып турду. Ыктыярчылар журналисттердин бардык талаптарын оорсунбай кызмат көрсөтүштү. Бул оюндар дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн иш-чара болуп калды. Алдын ала келишилгендей, 2022-жылдын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Азербайжанда өтмөкчү. Түркиядан кийин эстафетаны биз ала турганыбызга аябай сыймыктанып жатабыз.

Джон МАЙКЛ

Джон МАЙКЛ, АКШ, Нью-Йорк шаары, эркин фото журналист: «Көчмөндөр оюндары шоу эмес, нукура улуттук спорт»

– Курама  штаттарда спорттук оюндар шоуга айланып кетет. Биз күбө болуп жаткан Көчмөндөр оюндарындагы мелдештер улуттук спорт катары кабыл алынууда. Бул өтө жакшы көрүнүш. Мага көкбөрү оюну абдан жакты. Мурда көрбөгөн элем. Бул оюн чоң кубат-күчтү жана аракетти керектейт экен. Мен айран-таң болуп, чоң толкундануу менен карап отурдум.

Анан армрестлингге (кол күрөш) деген кызыгуум артты. Бизде буга анча деле маани бербейт. Мунун чыныгы спорттун түрү экендигине көзүм жетти. Бул оюнга катышуу үчүн да талбай машыгуу зарыл окшойт.

Кыргызстанда биринчи жолу болушум. Жаратылышы, адамдары мага жакты. Пакиза дүйнөнү көргөндөй болдум. Кыргызстанда дагы бир топ күн калып, хайтинг (жөө жүрүш) жасасам дейм. Тоо арасында, таза абада, мөлтүр булактардан суу ичип жүргөн бир рахат эмеспи!

Амирхошанг ДАНАИ

Амирхошанг ДАНАИ, Иран Ислам Республикасынын улуттук радио-телеберүүсүнүн кабарчысы, режиссер, оператор, фотограф:  «Иранда бахтиар деген көчмөн эл бар»

– Мен  16  жылдан  бери Ирандын  Кыргызстандагы жана Казакстандагы журналист өкүлү катары иштеп келем. Кыргыз жана казак калкын жакшы билип калдым. Мүнөздөрү жайдары жана карапайым боордош эл. Ал эми Көчмөндөр оюндарына келсек, өтө жакшы уюштурулганы анык көрүнүп турат. Биздин өлкөдөн алты спортчу катышып жатат. Алар да түзүлгөн шарттарга ыраазы болушууда. Биздин иран элинде да көчмөн калк бар. Алар бахтиар тайпасы. Фарси облусун мекендейт. Кышында кыштактарда турушат. Жаз келгенде жайлоого чыгып кетишет. Анын үстүнө көчмөн элдердин бир тармагы азербайжандар да өлкөбүздө аз эмес. Ошондуктан, көчмөндөр оюну бизге да тааныш.

Джери ХИППЛЕР

Джери ХИППЛЕР, АКШ, Калифорния штаты, теле журналист: «Көкбөрүдөн көп кадрларды суктануу менен тартып алдым»

– Мен  мурда  спорттун бир  нече  түрү  менен машыкканмын – футбол, эркин күрөш жана башкалары менен. Мында күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдешүүлөр болду. Калтырбай көрүүгө аракет кылдым. Албетте, өзгөчө таасирдүү болгону – көкбөрү. Мурда укчумун. Өтө кызыктуу оюн экен. Көп кадрларды суктануу менен тартып алдым. Ал эми жергиликтүү тургундар – кыргыздар тууралуу айтсам, алардан кең пейилдүүлүктү, толеранттуулукту байкадым.

Сергей АНДРЕЕНКО

Сергей АНДРЕЕНКО, «Российские новости» федералдык гезитинин башкы директору: «Кыргыздар кичи пейил жана боорукер эл»

– Көчмөндөр оюндарына катышкан спортчулар ар түрдүү калктардын улуттук спортунун 37 түрү менен күч сынашышты. Цифранын өзү тастыктап тургандай, мазмундуу оюн болду жана өтө кызыктуу, экзотикалуу. Айталы, салбуурун, анын ичинде, тайган салуу, бүркүт менен аң уулоо, жаа атуу, ордо оюндары.

Мындай чоң иш-чараларда кемчилик болбой койбойт. Логистика жагынан аксагандай болду. Бирок, оюндардын жакшы өткөнү ошончо, бул кемтик түккө да турбайт. Мен үчүн эң кызыктуу оюн көкбөрү болуп калды. Чыныгы баатырлардын таймашы. Катаал, бирок, ошонусу менен өзүнө көңүл бургузду. Аттарга боорум ооруду. Спорт деген – спорт.

Бизге карата мамилени кеп кылсам, кесибибизге жараша же бир нерсени билгибиз келип, жергиликтүү элдин ки-мисине кайрылып, сүйлөшсөк да, алардын кичи пейилдиги, боорукердиги бизди таң калтырды.

Карим БЕКЗОТ

Карим БЕКЗОТ, Тажикстан, «Варзиш-Спорт» ТВ: «Фольклордук чыгармалардын тамыры бир»

– Көчмөндөр  оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгынын күбөсү болдук.  Адегенде  эле,  оюндардын ачылыш салтанатындагы композиция мага чоң таасир калтырды. Көчмөндөрдүн байыркы замандардагы оомалуу-төкмөлүү доору таасын чагылдырылган. Манас баатырдын дүйнөгө келип, чоңоюп, көчмөн түркү тайпаларын бириктирип, байманасы ташып турган учуру музыка жана бий аркылуу нак бейнелениптир.

Күндүз улуттук спорттун түрлөрү боюнча материалдарды топтоп атайын курулган маалымат борборлорунан теле берүүбүзгө интернет аркылуу жиберип жаттык, кечинде концерттик иш-чараларга бардык. Көчмөндөр оюндарына арналып, жаңы пайдаланууга берилген «Номад» тегерек  театрында  төрт  күн  бою  «Көчмөндөр  ааламы» театрлаштырылган коюлуусун көрдүк. Мында дүйнө элдеринин фольклордук чыгармаларынын тамыры тереңде, түбү бир экенин байкадык. Бул, асыресе, бир топ өлкөнүн өнөр чеберлери биригип, ооз комузда ойногондо айкын көрүндү.


Көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Атадагы борбордук спорт комплексинин алдында тебетей кийген чет өлкөлүк жаранга кайрылып, маектештик.

Сбигнев ВАТСЛАВИЧ

– Мага кыргыз тебетейи абдан жакты, этно базарга барганымда кийип көрүп, сатуучу берген күзгүгө карасам, мага аябай жарашып турат, айткан пулун берип, дароо кийип алдым, – деди өзүн Сбигнев ВАТСЛАВИЧдеп тааныштырган жигит.

– Биз жол тандабас чакан унаа менен 50 адам Польшадан ушул Көчмөндөр оюндарын утурлай келгенбиз, – деди байкер сөзүн улантып. Ушул жерде дагы бир чет өлкөлүк жаран менен баарлашып калдык. Ал Италиядан келген тоо лыжа спорту боюнча нускоочу Тизиано ХАННИ экен.

Тизиано ХАННИ

– Мен ат спорту менен алпурушамын, – деди ал, – ошондуктан көкбөрү, эр эңиш жана ат чабыштарды көрүп, оюнчулардын эч нерседен тайманбаган жүрөктүүлүгүнө тан бердим. Накта жигиттин  күчүн  сынаган оюндар деп ушуларды айт.