Кесиптештердин жаңылыштыгыбы же Москва чоң театрынын аты өзгөрүлгөнбү?

«Азаттык» сайтындагы жаңылыктар бөлүмүндө «Большой театрдын башчысы Путинге кайрылды» деген жаңылык чыкты.

Анда Москвадагы чоң театрдын директору Владимир Урин Президент Владимир Путинге күч түзүмдөрүнүн анын кесиптеши, таанымал театр режиссеруна жасаган мамилесин сынга алып, кат жолдогондугу тууралуу маалымат жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Урин 24-майда Москвадан кабарчылар менен болгон маегинде укук коргоо органдарынын Кирилл Серебренниковго каршы аракеттерин “туура эмес” деп атаган.

Россиялык тергөөчүлөр 23-майда Серебренниковдун Москвадагы батирин жана ал көркөм жетекчилик кылган “Гоголь- борбору” театрында тинтүү жүргүзүшкөн эле. Маданий ишмер өзү күбө катары суракка алынган.

Бирок кесиптештер жаңылыштык кетиргенби же «Большой» деген сөз которулбай койгонбу? Айтор,  Москвадагы чоң театрды «Большой театр» деп чыгарып жиберишкен.