Ала жазда башталган түтүк тартмай… Чаңы асманга сапырылган конуштар, кенебеген “Газпром-Кыргызстан”…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Мурдагы бийликтин тушунда “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын ашык-кеми жок 1 сомго баалап сатып алган “Газпром-Кыргызстан” Бишкектин жака-белиндеги калктуу конуштарга газ түтүктөрүн тартуу иштерин улантып жатат. Быйыл да ала жаздан баштап борбор калаанын түштүк-батышындагы Арча-Бешик конушуна газ түтүктөрүн тартуу иштери башталган. Шаардын конуштарын газдаштыруу, албетте, жакшы көрүнүш. Анда маселе жок. Бирок, конуштардын тургундары газ тартуу иштерине аябай нааразы экенин ачык эле айтып коюшубуз керек.

“Жаз айланып, жай өтүп, күтүрөгөн күз келип, алдыда тону жокко салам айт, өтүгү жокко өзүм барам деп кыш турат” деп кайсы бир акын жазгандай, мына берекелүү күз айы башталды. Арадан 8-9 айга чукул убакыт өттү. Арийне, газ түтүгүн тартуу иштери азырынча бүтө тургандай түрү жок. Айталы, ала жазда Арча-Бешик конушунун көчөлөрүндөгү жолдордун чет жакасын бойлото аңдар казылып, газ түтүктөрү тартыла  баштаганда,  конуш  тургундары “бул убактылуу кыйынчылыктар болсо керек, чыдайлы” деп, белчеден ылай кечсе да, унчугушкан эмес. Бир ай өттү, эки ай өттү, минтип күз келди, Арча-Бешик траншеялардын, уңкур-чуңкурлардын мекенине айланып, баягы ала жазда ылай-баткакка айланган көчөлөр эми чаңы буруксуп эле жатып калды.

Ала  жазда  казылган  газ  түтүктөрүн алып өтүүчү траншеялар дээрлик көмүлбөй жана жолдор тегизделбей, конуш тургундарына  буга  чейин  болуп  көрбөгөндөй, ыңгайсыздыктарды  жаратууда.  “Газпром Кыргызстандын”  газ  түтүктөрүн  тарткан өнөктөш компаниясы көчөнү бойлото тереңдиги 1 -1,5 метрге чукул узунунан кеткен аңдарды казып, аңга газ түтүктөрүн таштаган менен, аны көмүүгө эмнегедир шашыла тургандай түрү жок. Шашылбаганынан да, газ түтүктөрү үчүн аң казабыз деп жатып, үй-үйлөргө тартылган далай суу түтүктөрү жарылды. Подрядчик ишкананын жумушчулары  өз  ишине  “солдат  спит,  а  служба идет” дегендей ат үстүнөн мамиле жасаганына “Газпром Кыргызстандын” башы да оорубайт окшойт. Кыйналгандан эртели-кеч беш эли көчөнүн чаңын кечкен эл кыйналууда. Мына эми 1-сентябрдан бери ошол беш эли чаңды конушта жашаган мектеп окуу-чулары кечип өтүп, мектепке барып келип жатышат.

Эми жолдор тууралуу. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын конуштарды газдаштыруу долбоорунун алкагында жүргөн казуу иштеринен кийин ал конуштардагы жолдордун чаңы буруксуп, жөө кишилер үчүн өтө ыңгайсыздыктарды пайда кылды. Жолдон ары-бери машина өткөндө, жолдо бараткан жөө киши чаңдан көрүнбөй калат. Чоң кишилерге да эч нерсе эмес, мектеп окуучуларына жаман болду. Эртең менен мектепке кийип кеткен аппак көйнөгү кечинде беш эли чаң болуп келет. Ушундан улам, газ түтүктөрүн тартабыз, курабыз деп жатып, конуштардын жолдорун талкалап салган “Газпром Кыргызстан” компаниясына өтө нааразычылык пайда болот. Ушерден баса белгилеп кете турган нерсе, конуштардагы, анын ичинде Арча-Бешиктеги шагыл жолдорду Бишкек шаарынын мэриясы эмес, конуш тургундары өз чөнтөгүнөн акча чыгарып салышкан. Эми ошол жолдорду жакалай аң казып, жолдун чаңын асманга сапырган “Газпром Кыргызстан” ишканасы үчүн конуш тургундары азыр да өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, жол оңдогулары келбейт. Андыктан, аталган ишканага айтарыбыз, ишти баштадыңбы, аягына чыгар, болбосо конуш тургундарына ыңгайсыздык жаратып, жолун талкалап, баштабай эле койсо болмок деп айткыбыз келет. Бирок, эми болор иш болуп, боесу канган соң, “Газпром Кыргызстан” жолдорду мурдагы калыбына келти-рип, жарылган суу түтүктөрүн оңдоп берүүгө тийиш.

Ала жазда башталган түтүк тартмай… Чаңы асманга сапырылган конуштар, кенебеген “Газпром-Кыргызстан”…: 1 комментарий

Комментарии запрещены.