Бишкек коомдук транспортко жарыбай койду, жаңы мэр жаңыча мамиле кыла алабы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Коомдук транспорт маселеси дүйнөнүн эч бир мамлекетинде, дүйнөнүн эч бир шаарында Бишкек шаарындагыдай баш оору жаратпаса керек. Борбор калаада коомдук транспорт дегенде куду эле апокалипсис көзгө элестейт. Быйыл жазындагы маршрутка айдоочулардын эки күнгө созулган иш таштоосу Бишкек мэриясын шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу саясатын түп­тамырынан өзгөртүү керектигин дагы бир жолу эске салгандай болгон. Бирок, арадан жарым жыл өтсө да Бишкек мэриясында транспорт тармагындагы саясат өзгөрө элек, буга чейин шаар жолдорундагы тыгынды жана жүктү азайтуу, ошого жараша коомдук транспорт каттамдарын шаардыктар үчүн ыңгайлаштыруу багытында эч кандай саясат жок болгондой эле, жакын арада да болбойт көрүнөт.

Айталы мындан бир ай мурда мэрия шаардын жолдорунда №6-жаңы троллейбустук маршрут пайда болгонун кабарлады. Албетте, аралыгы 8-9 мүнөттөн 11 троллейбус каттаган каттам ачылганы жакшы көрүнүш. Бирок, кеп каттам ачылганында эмес, ал каттам шаардын жолдорундагы тыгындарды, жүктү канчалык азайтат, маселе ошондо эмеспи. Бул жагынан алганда, бул каттам “үйгө зарыл иши менен келген конокту алдап-соолап иттен чыгаргандай” иш болду десек туура болчудай. Дегенибиз №6 жаңы троллейбустук каттам 8-кичирайондон Батыш автовокзалына жана ошол эле жол менен артка каттайт, демек, жаңы ачылган каттам шаардын жолдорундагы тыгынды жана жүктү азайтууга багытталган эмес. Бир сөз менен айтканда, Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгы бул маселеге баш оорутууну каалабаганы көрүнүп турат. А мүмкүн каалабайт да. Болбосо, минтип “для галочки” каттам ачканы шаардыктарга гана эмес, Кудайга да жакпасы турулуу иш. Болбосо ошол эле №6 троллейбустук каттамдын бир башын Чоң-Арык айылынын башына алпарып, троллейбус линиясын Орто-Сай айылы аркылуу тартып, Совет көчөсү аркылуу Жибек-Жолуна чейин түшүрүп, анан Батыш автовокзалына багыттаса, бул каттам шаар жолдорундагы тыгынды жана жүктү азайтууга мүмкүндүк бермек. Анткени, Орто-Сай жана Чоң-Арык айылдарынан жүздөгөн мектеп окуучулары мектепке катташат. А эмне үчүн шаардык транспорт башкармалыгы мындай жасаган жок? Анткени, Орто-Сай жана Чоң-Арык айылдарына тартылган троллейбус линиясы жок, ошондуктан, шаардыктардын коомдук транспортко болгон муктаждыгын чечүүнү ойлоп койбогон мэрия №6 каттамды совет мезгилинде курулган троллейбустук линиялардын чегинде гана калтырып тим болгон. Мындай абал бир гана бул каттамда эмес. Ушул эле жылдын августунда “Аламүдүн-1” кичи району менен Фрунзе заводун бириктирген №2 жаңы троллейбустук маршрут пайда болду. Чынында, №2 троллейбустук маршрут мурда эле бар болчу жана башка каттамда каттачу. Эми ушул каттамды деле “Азамат” авторыногуна чейин созуп койсо болбойт беле деген ой пайда болот. Эгер бул каттам узарганда Ново-Павловка, Военно-Антоновка айылдарындагы, анын жака белиндеги конуштардагы окуучулар, шаарда иштеген айыл тургундары үчүн жагымдуу ыңгайлуулук түзүлмөк. Эң башкысы шаар жолдорундагы тыгынды жана жүктү азайтууга шарт пайда болмок. №5 троллейбустук каттамды алалы. Шаар мэриясы аны “Жал” кичирайонунан Циркке чейин каттатмай болдук деп кубанычы койнуна батпай сүйүнүп жатат. Биерде сүйүнө турганчалык эч нерсе жок, эгер бул каттамдын бир учун “Жал” кичирайонунан Түштүк магистраль аркылуу узартып, Чортеков көчөсү менен ылдый түшүрүп, №4 ооруканага алпарып, бир учун Булгаары заводуна созуп койсо, бул каттам шаар жолдорундагы тыгынды азайтууга мүмкүндүк бергени жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуулуктар жаралганы үчүн сүйүнсөк болмок.

Айтор, минтип троллейбус каттамдарын узартуу багытында жасай турган иштер көп экени бир караган көзгө деле көрүнүп турат, эң башкысы шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыздоо саясатын түп-тамырынан өзгөртүүгө капкачан мезгил келип жеткен.

Дегинкисинде, шаар бийлиги шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу жаатында бери дегенде 30-40 жылга артка калды. Бишкек шаары күн санап, ай санап өсүп жатат. Шаардын жака-белине 60-70тин тегерегинде жаңы конуштар түштү. Учурда, бул конуштардын бирине да шаардык муниципалдык коомдук транспорт каттабайт. Мэрия “шаардык коомдук транспорт паркын жаңылап жатабыз, мынча автобус, мынча троллейбус сатып алдык” деп жыл сайын болбосо да, жыл ара кабелтең мактанычтарын билдирип келатат. Бирок, акыркы 30 жылда жаңылбасак, троллейбустук линиялар бир да метрге узарган жок, мурдагы автобус каттамдары да дээрлик жоголду. Учурда болгону 10 каттамды тей-леген 120 автобус бар. А шаарга бери дегенде эле 800 автобус керек. Демек, мэриянын коомдук транспорт жаатындагы бул жоопкерсиздиги шаардыктарды шылдыңдоо дегендик эмеспи. Эгер бүгүн шаар жолдорундагы каттамдарда жеке менчик фирмалардын маршруткалары каттабаганда абал кан-дай болмок элестетүү кыйын.

Быйыл август айында Алматы шаарына барууга туура келди. Алматы акыркы 28 жылда таанылгыс өзгөрүптүр. Кыргызстандан баргандар Алматынын көчөлөрүнөн эл ташыган маршруткаларды көрө алган жокпуз. Бардык каттамдарда жаңы жана жарык, кенен автобустар жана троллейбустар каттайт экен. Эми жолдорунун кенендигин жана сапатын айт. Уңкур-чуңкур түгүл, жарака жок. Айтор, ушул турган Алматы менен Бишкекти салыштырып болбой турганын көрүп, кадыресе ич ачышты.

Кошуналардын борбор шаарлары өнүгүп жатканын көргөндө, Бишкекте коомдук транспорт маселеси апокалипсиске айланганын, мэриянын бул жаатта саясаты жок экендигин, кайдыгерлигин, ыкшоолугун, иш билбегенин ойлоп, аргасыз күйүп-бышасың. Москваны алалычы. Сергей Собянин 8 жылда Москваны таанылгыс кылып өзгөртүп салды. Акыркы 8 жылда Москва метросунда канчалаган жаңы станциялар ачылбады. Канчалаган жолдор салынбады.

Туура транспорт саясаты С.Собяниндин алгачкы кадамдарынан болгон. Жол тыгынынын узундугу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген Москванын тыгын маселесин чечүү максатын алдыга койгон. Анын 2011-жылы 2011-2012-жылдарда 2100 жаңы үлгүдөгү автобустарды сатып алуу тууралуу буйрукка кол койгону эле көп нерседен кабарлайт. 2012-жылы Москва метросунун 70 жаңы станциясын куруу жөнүндө планын билдирген. Кечээ жакында ачылган Москвада, Зарядьедеги концерттик зал инженердик өнөрдүн ажайып көрүнүшү эмей эмине?

Акыркы он жылды айтпайлы, акыркы 100 жылда Бишкекте ушундай ажайып курулуш курулдубу? Башкасын айтпаганда, Бишкек шаары мэрге жарыбай койду. Келишет-кетишет, артында жакшы сөз, көзгө көрүнгөн иш эмес, артында калдыраган калбыр, жаманатты кеп калтырышат. Акыркы 28 жылда кимиси жылуу сөз менен кетти. Бири да соо кеткен жок. Дээрлик көбүнө кылмыш иши козголду.

Бүгүн шаардыктар гана эмес, шаарга келген меймандар да А.Суракматов кандай иштейт болду экен, маселе чече алабы, же мурдагы шаар башчыларына окшоп, шаардыктардын көйгөйүнө кайдыгер карап, күндөрдүн бири күнүндө жаманатты сөз менен кетеби деп карап турушат. Андыктан, биз борбор калаанын мэрин бир ууч топтордун эмес, шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырат элек.