ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек АЖЫКУЛОВ: “Бюрократиянын бизнеске кеспети көп”

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Өкмөт инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу, стратегиялык долбоорлор үчүн бир кыйла жеңилдиктерди кароо, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу убадасын берип жатат. Жергиликтүү ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоого алган Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү дагы Өкмөттүн “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасына киргизилген долбоорлорду ишке ашырууга көрүлүп жаткан аракеттер. Бирок, бизнестин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөр али көп. “Күйүттүү аял кошокчу” демекчи, 12 жылдан бери 1000ге жакын ишкердин башын кошуп иштеп келе жаткан ЖИА –жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн айта турган көйгөйлөрү арбын. Алардын айрымдары тууралуу ЖИАнын төрагасы Темирбек Ажыкулов менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Темирбек, Өкмөт ишкерлерди колдоого алган жаңы кадамдарды жасап жатат. Мына ошол иштерге карата ишкерлер өзүнүн кошумча пикирин, сунуштарын айтып алсын деп чакырып жатабыз. Айталы, быйыл түзүлүүсү күтүлүп жаткан Бизнес-акыйкатчы органы ишкерге олуттуу жардам бере алабы?

–  Бизнес-акыйкатчы  институтун түзүүнү алты жылдан бери талкуулап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө өлкөдө орто жана чакан бизнес менен алектенген 400 миңге жакын жеке ишкер, 500 миңге жакын фермердик чарба бар. Жалпысынан 1 млн.го жакын адам же өлкө калкынын 20 пайызы ишкерлик кылат. Ушул контингент мамлекетке салыктарды төлөп, жүздөгөн жумушчу орундарын камсыз кылууда. Өлкө боюнча 10го жакын чоң жана кичине бизнес-ассоциациялар, Соода өнөр жай палатасы бар. Бирок, дээрлик баарыбыз Бишкекте жайгашып калганбыз. ЖИАнын жети облуста бөлүмдөрү иштеп жатканы менен бул абдан аздык кылат. Алыскы элетте жашаган ишкерлер өздөрүнүн көйгөйлөрүн биз же башка бизнес ассоциациялар аркылуу Өкмөткө жеткирип жатышат. Ушулардын баары биригип, болгону 3000ге жакын гана ишкердин көйгөйүн угууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Ал эми 400 миң ишкердин чети оюлбай жатпайбы. Ишкерлердин укук коргоо органдарына,  жергиликтүү  бийликтерге, текшерүүчү түзүмдөргө, кредит берүүчү финансы уюмдарына ж.б. карата Өкмөткө айтчу суроо талабы, даттануулары толтура. Ошондуктан бизнес ассоциациянын мүчөсү болбогон ишкерлер Бизнес-акыйкатчыга кайрылышы ыктымал. Бирок, баарыбыздын максатыбыз миңдеген ишкерлерге жардам көрсөтүү. Учурда Бизнес-акыйкатчынын укуктары жана милдеттери тууралуу Экономика министрлигинде мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Анын Өкмөткө да, ишкерлерге да көз каранды болбошу үчүн Европа өнүктүрүү банкы каржылап берүүсү боюнча маселе чечилүүгө бара жатат. Бул туура жол.

Бизнес-акыйкатчынын  башкы кеңсеси Бишкекте иштегени менен анын аймактарда дагы бөлүмдөрү ачылса деп жатабыз. Ал аймактарды кыдырып, ишкерлердин көйгөйүн угуп, укугун коргоп, жардам бере турган институт болот. Ишкерде жеке да, системалуу да көйгөй болушу ыктымал. Бизнес-акыйкатчы ошолордун баарын иликтеп, көйгөйлөрдү биротоло чечүү боюнча Өкмөткө сунуштарды берип турмакчы. Бирок, Россиянын Титов деген адам жетектеген Бизнес-акыйкатчысы адегенде көз карандысыз институт болуп ишти баштап, бара-бара Өкмөткө көз каранды болуп калган. Ушундай кемчиликке жол бербешибиз керек.

– Эми ишкерлердин көйгөйлөрүнө токтолсок.

– Ишкерлерди кысып иштетпей келе жаткан эң башкы көйгөйлөр мыйзамдарда. Мыйзамдардын бири экинчисине дал келбей калышы, карама-каршы учурлары абдан көп. Башынан эле ушинтип атка кыйшык отуруп алган соң, пара алгысы келген чиновниктер бул жагдайды өзү каалагандай бурмалап пайдаланып жатышат. Экинчи көйгөй – мыйзамдар бат-бат өзгөртүлүп, туруктуу иштебей жатышында.

– Мисал келтире кетсеңиз

– Мисалы, мындан үч жыл мурда Өкмөттүн токтому менен санитардык-коргонуу аймагы боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал боюнча кеңселер, кафе, рес торандар, унаа жуучу жай ж.б. турак-жай эмес имараттардын бардыгы калк жашаган жерден 50 метр алыс болсун деген талап бар. Бүгүнкү күндө шаарлардагы кафе, ресторан ж.б. коомдук кеңселер көп кабаттуу үйлөрдүн түбүндө жайгашып турбайбы. Мен билгенден 30-40 жылдан берки коомдук тамактануучу жайлар көп кабаттуу турак-жайлардын алдында жайгашып алышкан. Анда буларды эмне кылышыбыз керек? Бул токтомдун максаты эмне эле? – деген суроо туулат. Айталы, үйдүн жанындагы кафенин шишкебегинин түтүнү айланасында жашагандарга зыян келтирип жатса, азыр жыт соргуч жабдуулар толтура. Иш жүзүнөн алып караганда шаардын ичинде бардык коомдук жайларды үйлөрдөн 50 метр аралыкка куруунун зарылчылыгы жок, бул норманы автоунаага май куючу жайларга гана колдонсо болот.

2016-жылы өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ал боюнча имараттардын ортосуна өрт өчүрүүчү техника кенен кириши үчүн мурдагы мыйзамда 6-8 метрден калтыруу керек деп жазылган болсо, азыркысында имараттын бийиктигине жараша12-16 метр жер калтырылсын деп кабыл алынып калган. А чынында машине 6 метрлик аралыкта кенен кирип, имаратты айланып өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк жетиштүү. Мына ушул мыйзам күчүнө кирген эки жылдан бери көп кабаттуу үй курган ишкерлер чоң түйшүккө туш болдук. Долбоорду чийип, архитектура, жылуулук берүүчү ж.б. органдардан өтүп бүткөндөн кийин ушул өрт коопсуздугу боюнча департаментке келгенде иш токтоп калып жатат. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында көп кабаттуу курулуш үчүн 1 сотых жер 35-50 миң долларга чейин жетүүдө. Ошону үчүн ишкерге ар бир алты метр жер баа жеткис. Бишкек, Ош шаарларында ички мигранттардын эсебинен элдин саны көбөйүп, турак-жайга болгон муктаждык өсүүдө. Шаардыктарды көп кабаттуу батирлер менен камсыздоого мамлекеттин алы жетпей жатат. Ушул себептүү мыйзамдардын тез алмашып турушу бизнести белге чапкандай оор иш. Мисалы, инвестор келип, ишенимдүү иштеши үчүн Грузияда мыйзамдарды өзгөртпөө боюнча Конституциясына жазып алышкан.

Мурдагы Президент «Кыргызстан инвесторлор үчүн бейиш болушу керек» деп көп жолу айтты. Тилекке каршы, бизнеске уруксат документтерин берүүчү министрликтер менен ведомстволорго келгенде иш башкача айланып кетип жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Дегеле, Кыргызстанда жогорку бийлик органдары менен ортоңку деңгээлдеги структуралардын ортосунда бирдиктүү принцип, ишти аткаруу боюнча байланыш жоктой.

Өкмөттүн  жыл  айланбай  алмашып  жатышы  атамекендик  бизнестин өнүгүшүнө абдан чоң кедергисин тийгизүүдө. Бийликтин улам которулушу бизнеске уруксат кагаздарын берүүчү ортоңку деңгээлдеги органдардын чырагына май тамызып жатат. Себеби, ал жактагы кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн 30 жыл бою иштеп келе жаткан советтик кадрлар түзүшөт жана өз тармагын жетик өздөштүрүп билгендер. Бирок, алар мыйзамдын ишкерди кысып, жүдөтүп пара берүүгө мажбур кыла турган жагдайын чыгарып туруп алышат. “Эртең Өкмөт алмашат. Мен ордумда кала берем”, – деп, өзүн алмаштыргыс кадр сезип алгандар бизнеске көп жылдан бери тоскоол. Алардын ордуна тажрыйбалуу жаңы кадрларды даярдоочу учур келди деп ойлойм. Бизнес-акыйкатчы мына ушундай системалуу көйгөйлөрдү  Президент  Сооронбай Жээнбековго, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жеткирип, ачык сунуштарды бериши керек. Бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан 15 чакты эң орчундуу көйгөй бар. Аларды Соода өнөр жай палатасы, Эл аралык иш-керлер кеңеши жана биз – ЖИА бизнес ассоциациясы жыл сайын ишкерлерге сурамжылоо жүргүзүү менен аныктап келе жатабыз. Көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн уруксат кагаздарын 8 айдан 1 жылга чейин араң чогулткандар көп. Мисалы, Бишкектин «Тунгуч» кичирайонундагы 9 кабаттуу үйдүн курулушуна уруксат кагаздарын чогултуу үчүн ишкерлер 1,5 жыл чуркадык. Курулуш иштеринин созулуп кетиши ишкерлерди олуттуу чыгашага батырат. Аргасы түгөнгөн ишкер кагаз жумуштарын, акелеп-жакелеп акча берип бүтүрүүгө мажбур.

Кыргызстанда ведомстволор ортосундагы кызыкчылыктар бар. Министрликтер менен ведомстволор мыйзамдарын өз кызыкчылыгына карап жазып алышат. Аны башка ведомстволор колдоп кол коюп беришет. Анткени, өзү да ага барып, мыйзамдарына кол койдуруу үчүн колдойт. Мыйзам долбоорун сайттарына илип коюп жатышат. Бирок, талкуулап, кабыл алууга, сунуштарыбызды  берүүгө  келгенде  биздей активдүү иштеген ири бизнес ассоциацияларды чакырышпай, ассоциация аты бар «тил алчаак» адамдарды чакырышат. Энергетиктердин жаңы ишкана үчүн кубаттуулук жетишпейт деген шылтоосу даяр. Ишкерлердин аны далилдеши кыйын. Бирок, акча берсең дароо кубаттуулукту таап чыгышат. Президент, Өкмөт башчысы табиятында экономиканын өнүгүшүнө күйүп-бышып, жоопкерчиликти сезишет. Ал эми Ак үйдөн ылдый түшүп, ортоңку деңгээлдеги органдарга келгенде түрдүү тоскоолдуктар башталат.

Бишкектеги  ЕККУнун  бөлүмү 2013-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандын бизнес системасын жөнгө салуучу  мыйзамдардын  топтомуна иликтөө жүргүзгөн. ЕККУнун ошол долбоорунун жыйынтыгында Кыргызстанда бизнести жөнгө салуучу 2800гө жакын нормативдик-укуктук актылардын жыйындысы бар болуп чыкты. Элестетип көрсөңүз, ошонун ичинен 800гө жакыны бири экинчисине карама каршы келген мыйзамдар экен. Башкача айтканда, бир мекеменин кабыл алган мыйзамына экинчи мекеменики туура келбей калган учурлар бар. Мыйзамдар башаламан болгон жерде коррупциянын башын кайсы жакка бурам десе чиновник өзү билет. Биздей чоң ассоциациялар тажрыйбалуу юристке, бухгалтерге жакшы маяна төлөп берип иштете алышат. Ал эми алыскы аймактардагы чакан бизнестин ээлери кодекстин жаңысын же эскисин, кыргызчасын же орусчасын окушпайт. Элет ишкерлери жаңы маалыматтардан дээрлик кабары жок. Айталы, өтө оор жазылган Салык кодексин ийне-жибине чейин түшүнө бербегендиктен ишкерлер эсепчи адисти жалдашат. Мисалы, Түркияда чакан жана орто бизнес ке, базарда соода-сатыкта иштегендерге бир эле сатуудан түшкөн салыкты киргизип жөнөкөйлөштүрүп койгон.  Алар  ай  сайын  отчет  бе-рип отурушпайт. Ири бизнестеги иш-кер жеңилдетилген отчетторду берип турушат.

Бизде дагы бир чоң көйгөй бар. Быйыл Оштун Кара-Суу базарындагы ишкерлер Кытайдан контрабандалык товарлар өткөрүлүп жатканы тууралуу даттанышты. Ал жерде бир ишкер Түркиядан курулушка  керектүү  товарларды  бажы төлөмүн төлөп, алып келип, мыйзамдуу ташып жатат. Ал эми куду ошол эле товарлардын үлгүлөрүн Кытайга алып барып, дал өзүндөй окшоштуруп массалык түрдө чыгарышып, кайра ташып келип сатып жатышат. Сырты нукура товарга окшош, баасы эки эсе арзан болгону менен сапаты начар. Сапатсыз товарды Түркияныкы деп сатып алышып, кардарлар дагы алданышууда. Биз финполиция менен текшерткени барган учурда Кытайдын товары небак сатылып кетип, кампасы бош калыптыр. Тилекке каршы, андай товарларды кармоого укук коргоо органдар анча кызыгышпайт. Жашыруун өткөрүлгөн товарлар ички рынокто да көзөмөлгө алынбай калууда. Бизнес-акыйкатчы  мына  ушул  көйгөйлөрдүн  баарын  кароого  укук  алышы керек.