Өсөөр өлкө өнүккөндөрдү тартат, алардан үйрөнөт

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Өз алдыбызча мамлекет болгонубуздан бери 27 жыл өтсө да ички ири инвесторлор чыкпаганы өтө өкүнүчтүү. Албетте, бизде байлар жетиштүү. Тилекке каршы, алар акчаларын өлкө ичинде иштетүү менен Кыргызстанга да, өздөрүнө да пайда келтирүүнүн ордуна, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууну же миллиондогон акчаларды оффшорлорго чыгарып кетүүнү артык көрүшөт. Ошондон улам бийликке келген ар бир мамлекет башчысы каражаттарды сырттан издөө менен алек болот. Бирок, ошол чет элдик инвестициялар кандай пайдаланылууда? Мына ушул суроого жооп издөө менен акыркы мезгилде биздин өлкөдө активдүү иштеп жатышкан кытай инвесторлорунун жардамы менен ишке ашырылып жаткан инвестициялык бир нече долбоордун иштери менен таанышып кайттык.

  1. Кыргызстан – Кытай газ түтүгү

Долбоордон финансылык пайда чоң

2013-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда “Кыргызстан – Кытай” газ түтүгүн курууда жана эксплуатациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган жана бул долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, 2014-жылы 10-мартта “Транс-Кыргыз Газ Пайлайн Компани Лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясы түзүлүп, Гонконг шаарында катталган, 6-июнда компаниянын Кыргызстандагы филиалы түзүлгөн. Ал башкаруучу уюм болуп саналат жана долбоордун ишке ашырылышына жооптуу.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Венлунь ПАНЬ бизге бул долбоор боюнча кеңири маалымат берди. Алынган маалыматтарды окурмандарга жеткирип коелу.

Бул газ түтүгү Түркмөнстандан башталып Кытайга чейин жетүүчү 1000 км узундуктагы “Борбор Азия – Кытай” ири газ түтүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мына ушул газ түтүгүнүн биздин өлкө аркылуу өтүшүнө жетишүү биз үчүн өтө маанилүү болгон. Анткени анын курулушу жүргөн жана иштеген 35 жыл ичинде биздин өлкөбүзгө жалпысынан 2 миллиарддан ашуун доллар салыктар жана жыйымдар түрүндө түшмөкчү.

Жалпысынан бул мамлекеттер аралык долбоордун биздин өлкөдөн өтүүчү бөлүгүн жүзөгө ашырууга 1 миллиардга жакын доллар жумшалат. Газ түтүгүнүн узундугу 215 км., диаметри 1219 мм., эсептик  басым  12  Мпа,  долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына – 30 миллиард куб. Трассаны бойлой 9 крандык түйүн, 1 компрессордук станция, 1 газ транспорттоо башкармалыгы (анын ичинде контролдук диспетчердик пункт, ремонттук эксплуатациялык участок жана вахталык поселок) жана Бишкек диспетчердик пункту каралган. Бишкек диспетчердик пунктунун курулушу кийинки жылы башталмакчы.

Буларды тизмектегенибиздин себеби алардын баарынын курулушуна жана эксплуатациялоого кыргыз жарандары ишке тартылмакчы. Курулушу аяктагандан кийин ал Кыргызстандагы эң узун, диаметри чоң, модернизацияланган жана санариптик газ түтүгү болуп калмакчы.

Кооптонууга негиз жок

Бүтүндөй газ түтүгү боюнча жалпы  таанылган  америкалык “ASME” стандарты жана башка эл аралык стандарттар колдонулмакчы. Бул газ түтүгүнүн коопсуздугун жогорулатат. Аны менен катар долбоорду жүзөгө ашыруу процессинде жогорку бышыктыктагы болот түтүктөр жана жогорку  сапаттагы  антикоррозиялык  каптоолор  пайдаланылат.  Газ  түтүгүнүн башынан аягына чейин башкаруунун алдыңкы “SCADA” технологиясы колдонулмакчы. Ага ылайык, дистанттык зонддоо маалыматтарын колдонуу, газ түтүгүн санариптештирүү концепциясын киргизүү анын бардык циклин башкарууга жардам берип, газ түтүгүнүн жана курчап турган чөйрөнүн максималдуу коопсуздугун камсыздамакчы, ошондой эле аны туруктуу жана коопсуз эксплуатациялоого өбөлгө түзмөкчү.

Эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн компаниянын кызматкерлери газ түтүгүн бойлой текшерүүнү жана кайтарууну үзгүлтүксүз жүргүзүп турушмакчы, бул кандайдыр бир маселе келип чыкса, аны өз убагында анык-тоого жана четтетүүгө мүмкүндүк берет. Компания тарабынан атайын жабдуулары жана кесипкөй персоналы бар атайын ремонттук эксплуатациялык участок да түзүлөт.

Жер маселеси чечилди

Газ түтүгүнүн курулушу үчүн жалпысынан 881,46 га. жер каралган. Анын ичинен 35 жылдык пайдаланууга берилүүчү стационардык курулуштар, крандык түйүндөр жана газ түтүгүн бойлой жайгашкан таанытуу белгилери үчүн участоктордун жалпы аянты 51,87 га. 829,59 га. аянттагы жер участоктору курулуш иштерин жүргүзүү убактысында пайдалануу үчүн убактылуу берилген. Алардын 95%га жакыны курулуш аяктагандан кийин рекультивацияланат жана жер пайдалануучуларга кайтарылат.

Убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторуна курулуш убагында олуттуу деле таасир этилбейт. Анткени кыртыштын үстүнкү бети өзүнчө алынып коюлат да, кийин курулуш бүткөндө, кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген рекультивация  долбооруна  ылайык кайра төшөлмөкчү. Газ түтүгү жерге 1,2 метрге чейин тереңдикте көмүлгөндүктөн анын мал жаюуга же жер айдоого таасири болбойт.

Бул долбоордон жер ээлери да жемин жедиришкен жок. Анткени, Кыргызстандын Жер кодексине жана башка укуктук актыларына ылайык, көз карандысыз баалоочунун баалоосу боюнча жер участокторунун ээлерине компенсациялар толук төлөнүп берилген.

Жергиликтүүлөр да жемишин көрүүдө

“Транс-Кыргыз  Газ  Пайлайн Компани  Лимитед”  компаниясы  долбоорго  ишке  тартуу  үчүн жергиликтүү  кадрлардын  деңгээлин, билимин,  техникалык  көндүмдөрүн тыкан  иликтеп  чыккандан  кийин жергиликтүүлөрдөн кызматка алуу моделин иштеп чыккан.

Азыркы учурда тартылышкан кызматкерлердин бардыгы менен биздин өлкөнүн Эмгек кодексине ылайык эмгек келишимдери түзүлүү менен ишке алынган, адистигине ылайык кызматтарга  коюлушкан.  Ишке  алынардын алдында  алардын  баарына  контракттын шарттары, ишинин өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлөт. Алардын баары түшкү тамак, ишке келүү үчүн транспорт жана тиешелүү жөлөк пулдар менен камсыздалышкан.

Ошол эле учурда союз мезгилинен бери Кыргызстанда мындай долбоорго ылайык кесиптеги кыргыз кадрлары дээрлик болбогондугун да эске салалы. Ошондуктан алынган иштөөчүлөрдүн бардыгы газ түтүктөрү жөнүндө базалык билимдер боюнча тренингдерден өтүшкөн жана квалификацияларын жогорулатышкан. 2015-жылы сентябрда жана быйыл апрелде компания долбоорлорду  башкаруунун  алдыңкы тажрыйбасын үйрөтүү максатында 11 иштөөчүнү кезеги менен Кытайдагы окууларга жөнөткөн.

Долбоордун ийгиликтүү болушу жана жергиликтүү кадрларды ишке тартуу максатында компания 2017-жылы декабрда чет өлкөдөн максаттуу окутуу программасын баштаган. Газ түтүгүн бойлой жайгашкан райондордун мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнөн 30 окуучу тандалып алынып, Сиань нефть институтуна “Нефтинин жана жаратылыш газынын инженериясы” адистиги боюнча 4 жылдык окууга жөнөтүлдү. Алардын Кытайда окуусу жана жашоосу менен байланышкан бардык чыгымдарын компания өзүнө алды жана стипендия төлөп  берүүдө.  Мындай  окутууларга жумшалуучу жалпы сумма 2 миллиондон ашуун долларды түзөт. Эми алардын ичинен акырындык менен келечектеги топ-менеджерлер да чыгып калышынан үмүттөнүп туралы.

Компания долбоордун курулуу стадиясында жергиликтүү адамдарды иш менен камсыздоо максатында башкы подрядчик аркылуу базалык долбоорду адаптациялоо, жер участокторунун категорияларын трансформациялоо, геологиялык жана инженердик изилдөөлөр, топографиялык тартуу, кыртыш иштери сыяктуу тиешелүү иштерди жергиликтүү субподрядчикке берген. Анда толук бойдон кыргыз жарандары иштешмекчи. Жергиликтүү канча адам иш менен камсыз болоорун да алар чечишет.

Курулуш  иштери  аяктап,  эксплуатациялоо  башталгандан  кийин жергиликтүү иштөөчүлөр мындан да көп талап кылынмакчы. Алар газ түтүгүн эксплуатациялоо үчүн персонал, кайтаруу кызматы, материалдык техникалык камсыздоо сыяктуу структураларга тартылышмакчы.

Ошентип долбоор өлкөбүздөгү инженердик жана жумушчу адистеринин санын көбөйтүү менен келечекте эмгек рыногундагы ар түрдүү адистерге суроо-талаптын канааттандырылышына да салым кошмокчу.

Экология дайыма эсте

Тоо-кен долбоорлоруна салыштырмалуу бул долбоор экологиялык жактан таза болуп саналат. Курулуш процесси экологияга минималдуу таасир бериши үчүн баары алдын-ала эсептелген. Ал үчүн алдыңкы технологиялар, жабдуулар пайдаланылат. Долбоор боюнча жергиликтүү калкка толук маалымат берүү үчүн ал башталганга чейин эле долбоорлоочу компания Ош шаарында, Алай жана Чоң Алай райондорунда курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү баалоо боюнча өз-өзүнчө коомдук угууларды өткөргөн. Алар боюнча отчет мамлекеттик атайын орган тарабынан жактырылган. Компания өз ишинде колдонуп жаткан QHSE интеграцияланган башкаруу системасы (сапаттын контролу, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана курчап турган чөйрөнү коргоо) да эл аралык QHSE менеджмент системасынын сертификаттоосунан өткөн.

– Компания “Коопсуздук – биринчи орунда, приоритеттүүлүк – курчап турган чөйрөнү коргоо, сапат – баарынан жогору, адам – баарынын негизи” концепциясын бекем карманат, – дейт Вен-лунь ПАНЬ. – Ошондуктан биз курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык жана кыргызстандык нормаларды бекем карманабыз. Курулуш иштери убагында кыртышты алуу, кийин кайра жабуу боюнча бардык чараларды көрөбүз. Бардык иштерде коопсуздукту биринчи орунга коебуз. “Нөль зыян, нөль авария, нөль булгануу” принцибине негизделүү менен иш алып бармакчыбыз.

Социалдык жоопкерчилик дайыма көңүлдө

Компания өз алдына жергиликтүү калк  жана  бийликтер  менен тыгыз кызматташуу, коомдук пайдалуу иш-чараларга активдүү катышуу, мүмкүнчүлүгүнө жараша билим берүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, маданий долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

  1. Бишкектин жолдору кантип оңдолууда?

Кайрадан эле кытай гранты

Учурда борборубуздун көчөлөрүнүн жолдорунда кеңири масштабдуу реконструкция иштери (ремонт эмес, бул экөөсүнүн айырмасы чоң) жүргүзүлүп жатканына бардык бишкектиктер күбө болуудабыз. Арабыздан айрымдар жолдордун жабылганына нааразы болуп жатышса да, негизинен жолдордун оңдолуп жатканына шаардыктар ыраазы.

Биз Бишкек шаа-рынын  автомобиль жолдорунун  реконструкциясы  долбоор унун менеджери Синь  ЧЖАНГ менен  маек теш кенибизде ал буларды билдирди:

– Долбоор жал-пы наркы 478 миллион  кытай  юаны болгон гранттык каражаттардын  эсебинен  ишке  ашырылып  жатат.  Ал Бишкек  шаарынын  жалпы  узундугу  95,4  км  болгон 49 көчөсүн камтыйт. Андан башка шаар ичиндеги  2  көпүрөнүн  реконструкциясы  жана  8  жаңы көпүрө  куруу  каралган.  Келишимдин  мөөнөтү  2 жыл. Анан дагы 2 жыл кемчиликтерди четтетүү үчүн берилген.

Шаар ичинде автомашиналар көп жүргөндүктөн, биз курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жолдорду толук жаап  сала  албайбыз.  Ошондуктан  ишти  тиешелүү структуралардын жардамы менен бөлүк-бөлүк боюнча жүргүзүп жатабыз.

Андан тышкары, жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо  үчүн  көптөгөн  көчөлөрдө  көп  сандаган тоскоолдуктар бар. Алар жылуулук, суу, канализация тармактары, жолду кеңейтүүгө жолтоо болчу обьектилер. Андайларды жылдыруу, же алып салуу же көчүрүү керек. Көп сандаган ушундай кыйынчылыктардан улам иштерди аткаруунун жүрүшүндө долбоорго айрым өзгөртүүлөрдү да киргизүү керек болуп жатат. Негизи аларды четтетүү милдети шаардык структураларда.

Курулуш убагында көптөгөн коштоочу иштер бар экенин да белгилеп коюу керек. Алар коммуникацияларды алмаштыруу, ремонттоо. Андай иштерди шаардык тиешелүү кызматтар жүргүзүп жатышат. Биз жолдорду жапканда алар да ал участоктордо жарыша иштеп жатышат. Мэриянын, капиталдык курулуш башкармалыгынын жардамы менен көйгөйлөрдү чечип жатабыз. Бул жакшы көрүнүш.

Биз  көпүрөлөрдү  курууда  алардын  таянычтарын кактыруу үчүн техника Кыргызстанда жок экенин  көрдүк.  Анан  Казакстандан  атайын  техника алып келдик. Бир ай иштетип 88 таяныч кактырып алдык.

8 жаңы курулуучу, 2 реконструкциялануучу көпүрөнүн ичинен азыркыга чейин 9 көпүрө аяктап ачылган. Учурда бир көпүрөнүн гана үстү капталып жатат. Ушул айда аяктайт. Мына ушундай реконструкциядан улам Бишкекте тыгын азаят жана бишкектиктер сапаттуу жолдор менен жүрүп калышмакчы.

Жогоруда  айтылган  реконструкциялануучу  49 көчөдөн тышкары, жол каптоосун калыбына келтирүү боюнча долбоорго Манас жана Чүй проспектилери баш болуп 23 көчө кирген. Анын жалпы наркы 160 501 752 юань.

Сапаты союздагыдан кем калбайт

Акыркы убакта борбордо жолдордун ремонту-нун сапатына карата дооматтар да айтылып жүрөт. Мына ушундан  улам  биз кайрылганда бул долбоор менен иштешип жаткан лабораториянын инженери Азамат  КАЛЧАКЕЕВ мындай  пикирлерди  жокко   чыгарды:

–  Биз  реконструкция иштеринде жаңы асфальт, бетон каптоосун жүргүзүп жатабыз. Ал жаңы, анда шагыл 80 пайызга чейин. Мурда, совет мезгилинде тибине жараша шагыл 50 пайызга чейин, 50дөн 60 пайызга чейин болчу. Ал эми битум 5,5%дан 7 пайызга чейин. Биз аралашманын сапатын, туруктуулугун лабораториялык шарттарда аныктайбыз. 80 пайызга чейин шагыл болгондо асфальт каптоосунун туруктуулугу жогору, бекем болот. Бул аралашманы даярдоо үчүн асфальт, бетон заводун пайдалана алабыз, болгону турукташтыруучу  кошумча  –  була  кошулат.  Аны  кошкондо асфальт тык битум ысыкта эрип кетпегендей болот. Андан тышкары 10 пайызга чейин кум, 10 пайызга чейин минералдык компоненттер бар. Алар сууну өткөрбөй турушат. Ошондуктан жаңы асфальтталган жолдордун тез бузулуп калуусунан чочулабай эле койсо болот.

Иштин сапатына көзөмөл катуу. Биз күн сайын 2-3 жерден үлгү алып, лабораториядан текшерип турабыз, бардык параметрлер боюнча аныктайбыз. Азыр төшөлүп жаткан асфальт бардык физикалык, механикалык касиеттери боюнча заманбап стандарттарга жооп берет.

Дагы кошумчалай кетсем, мындай асфальт, бетон бизде алгачкы жолу колдонулуп жатат, ал буга чейин Россияда, Казакстанда колдонулуп келген. Ал азыркы биздеги жолдор-до  мурда  төшөлгөн асфальтка караганда 2-3 эсе көп убакыт-ка чейин сакталышы керек.

Курулуп  жаткан жолдордун сапа-тына карата “Чайна Роуд”  компаниясынын долбоорлорунун координатору Султан САРБАГЫШЕВда өз пикирин билдирди:

– Советтик стандарт боюнча төшөлгөн асфальт биринчи капиталдык ремонтко чейин 18 жыл чыдаш керек.

Ал ортодо эки утурумдук ремонт жүрүшү керек. “Чайна Роуд” заказчы тарабынан бекитилген долбоор боюнча иштейт. Бул жерде суроо кыргыз тараптан түзүлгөн долбоордун өзү боюнча бар. Биз асфальт кат-марын алып салабыз, негизин текшеребиз. Ал жарактуу болсо жаңы асфальт каптоосун төшөйбүз, кемчиликтери болсо, оңдойбуз. Долбоор менен 15 см. калыңдыктагы “жаздык”, анан 11 см асфальт бетон каптоосу каралган. Албетте, Бишкектегидей унаалардын көптүгүнөн улам жолдорго оордук көп түшкөн шарттарга бул аздык кылат. Бирок, подрядчик бөлүнгөн бюджетке жараша ушундай аткармакчы. Бул советтик стандарт боюнча туура. Из жүзүндө мындай шартта жол 15 жыл чыдашы үчүн 60 см. калыңдыктагы катмарды толук жаңылашыбыз керек эле.

Баса, Бишкектин борбордук көчөлөрүн “Чайна Роуд” 2000-жылы ремонттогон, алар 18 жыл чыдады.

Тездетүүнүн сапатка кедергиси тийген жок

Синь  ЧЖАНГ  долбоорго  ылайык  Айтматов көчөсүнүн  реконструкциясы  октябрда  аякталышы керек экенин да айтты. Бирок, заказчылардын суроосу боюнча көз карандысыздык майрамына чейин – 25-августта бүтүрүшкөн.

Ал мындай шашылуудан иштердин сапатына кедерги келтирилбегенин да кошумчалады. Болгону компаниянын иштөөчүлөрү жекшемби, майрам күндөрүнө карабастан иштешкен.

  1. Бактысын кытайлар ачкан Сол жээк Талды-Булак

Алтынды иштетүү ар кимдин колунан келе бербейт

Сол жээк Талды-Булак кенин иштетүү боюнча  лицензияны  алгач  казакстандык ишкерлер алышканы менен алар 2006-жылы апрелде “Алтынкен” ЖЧКсын түзүшүп, бирок, иштетүү ниетинин жоктугунанбы, же каражат табышпадыбы, айтор долбоор ишке ашпай келген. Компаниянын башкы офиси Бишкекте турган. Ал ортодо аны сатып алууга башка инвесторлор чыккан жок.

Кытай Эл Республикасы менен биздин өлкөнүн ортосунда кызматташуу активдешкенден кийин 2011-жылы 30-сентябрда Гонкондук тоо-кен казып алуучу “Цзы Цзин” компаниясы өзүнүн «Суберб Пасифик лимитед» туунду компаниясы аркылуу акциялардын 60%ын сатып алган. Учурда ишкананын акцияларынын 60%ы – “Цзы Цзин” ЖЧКсында, 40%ы – “Кыргызалтын” ААКсында. Тактап айтканда, Кыргызстан ишканада өз үлүшүнө ээ.

“Убакыт – акча” принциби менен иштеген «Цзы Цзин» компаниясы көп кечеңдетпестен, юридикалык тариздөөлөр аякталары менен 2013-жылы комбинаттын курулуш иштери башталып, а 2015-жылы ишкана сынамык ишке киргизилип, продукция бере баштаган. Азыркы учурда комбинат бардык инфраструктурага ээ, анда 996 адам иштесе, анын ичинен 943ү – кыргызстандык. 53ү – кытайлык жаран.

Заманбап ишканада заманбап мамиле

– Компаниянын кен ишканасы Кыргызстанда чоңдугу боюнча үчүнчү ишкана, – дейт анын башкы директору Хуа Хуэй ЧЖАН. – Кендеги руданын запасы 13 340 000 тонна, рудадагы алтындын запасы 77,7 тонна, алтындын курамы тоннасына 5,82 грамм. Күмүш жана жез да бар. Бизден чыгарылган алтын куймасынын тазалыгы – 99,95%. Суткасына 1900 тонна руда иштетилип, жылына 3 – 3,5 тонна баалуу металл алынат.

Компанияда курчап турган чөйрөнү коргоого абдан чоң маани берилет. Мисалы, алтын ылгоочу фабрикада колдонулган суу бүт бойдон жабык цикл боюнча пайдаланылат. Техникалык суу сыртка чыгарылып салынбайт.

Биздин компаниянын жетекчиликке алган концепциясы: “Жашоо – баарынан жогору, курчап турган чөйрөнү коргоо – биринчи орунда”. Ошондуктан ар жылы ишканага түшкөн акчадан 5-10 пайызы эмгектин коопсуздугуна, курчап турган чөйрөнү коргоого, жашылдандырууга, башка экологиялык иш чараларга жумшалат.

Бизде жалпы бакубаттуулукка үндөш мамиле жасоо концепциясы бар. Ага ылайык, инвестор катарында пайда алууну гана көздөбөстөн, бул ишканадагы бардык кызыкдар адамдардын пайда алуусуна жетишүүгө умтулабыз. Бул – иштөөчүлөр үчүн камкордук көрүүнү билдирет. Ушундай эле камкордуктан улам ишканада вахталык метод менен иштеген жумушчулардын иштөөсү жана эс алуусу, бош убактыларын өткөрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Биздин уюштуруучуларыбыз “Цзы Цзин” ЖЧКсы да, 40%ына ээ “Кыргызалтын” ААКсы да социалдык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Азыр компания сатылган алтындын ар бир унциясынан 75 долларды райондо түзүлгөн “Кемин келечеги” коомдук фондусуна фондуна которуп турат. Ал райондогу муниципалдык обьектилерди, социалдык инфраструктура обьектилерин колдоп турууга жумшалат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, ар жылы фондго 700 миңдей доллар которулат. Уюшулган күндөн азыркыга чейин жалпысынан 2 миллиондой доллар которулду.

Алтын чыгарыла баштагандан бери компания жылына 10-13 миллион доллар суммада салыктарды төлөп келүүдө. Жалпысынан 50 миллиондон ашуун доллар төлөндү. Ал райондогу эң ири салык төлөөчү.

Директордун айтымында, компания жылына 100 миңдей доллар суммада кайрымдуулук акцияларына жумшайт. 2011-жылы жергиликтүү жашоочулардан 400 студентти окуткан.

Компаниядан  пайда  муну  менен  эле чектелип калбайт. Ал райондо өндүрүлгөн көптөгөн продукцияларды сатып алат.

Алгач эл түшүнө бербеген

Убагында нефтини кайра иштетүүчү “Джунда” заводу курулуп жатканда жана алгач иштей баштаганда жергиликтүү калк менен ишкана жетекчилеринин ортосунда ар кандай түшүнбөстүктөр жаралган. Мына ушунун айынан бул мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишкананын иши үзгүлтүккө учурап кала жаздаган.

Бирок, жергиликтүү калк менен иштешүүдөн, эң башкысы – элдин калың катмарына ишкана  жана  андан өлкөгө жана жергиликтүү калкка пайда жөнүндө туура маалыматтардын берилүүсүнөн улам бул кемчилик жоюлган. Азыркы учурда жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн, ар кандай кайрымдуулук иштеринен улам эл инвестициялык долбоордун пайдасы чоң экенин түшүнүп калды.

“Джунда” заводу кытайлык мамлекеттик энгергетикалык жана химиялык “Шэньси көмүр химиялык корпорация” ЖЧКсы инвестициялаган  долбоор  болуп  саналат. Анын кубаттуулугу жөнүндө төмөнкү цифралар күбөлөп турат.

– Биздин завод учурда өлкө рыногунда керектелүүчү бардык күйүүчү майларды жана газ чыгарат, – дейт башкы директордун жардамчысы Марс Алиев. – 2014-жылы завод продукция бере баштаган. Ал жылы 65 280 т. нефть продуктыларын чыгарсак, жыл санап продукция көлөмү өсүп отурат. 2016-жылы – 252 522, 2017-жылы – 336 064, ал эми быйылкы жылдын 8 айында – 277 211 тонна продукция өндүрдүк. Өндүрүлгөн продукциянын ассортименти да кеңири – бензиндин түрлөрү, дизелдик отун, газ, мазут дегендей.

Аз болсо да “экспорттоочу” макамыбыз бар

Учурда заводдун жетекчилиги продукция өндүрүүнүн көлөмүн долбоордогу жылына 800 миң тоннага гана эмес, ишкананы андан-ары модернизациялоо менен кубаттуулукту 1 миллион тоннага жеткирүү аракетинде. Анткени, өлкөнүн нефть продуктыларын керектөөсүнүн учурдагы жылдык көлөмү – 1,5 миллион тонна. Эгерде завод 1 миллион тонна кубаттуулукка жетип калса, анда биздин өлкө анын ичинде ички нефть керектөөчүлөр экспорттук ташуулардан дээрлик көз карандысыздыкка жетмек.

Бул  үчүн  азыр  бардык  шарттар  бар. Сырье ташып келүүдө өлкөбүздүн ЕАЭБге мүчөлүгүнүн пайдасы тийүүдө. Анткени, заводдо кайра иштетүү үчүн алынуучу сырьенун 90%ы Россия менен Казакстандан бажы алымысыз ташылып келинет. Өзүбүздүн нефть өндүрүүчүлөрдөн жылына 70-80 миң тонна гана алынат. Ишканада жана анын инвесторунда ишкананы модернизациялоо үчүн каражат жетиштүү. Анын үстүнө аз болсо да нефть продукциясын экспорттоодон өлкөгө валюта түшүүдө жана өлкөнүн жалпы экспортунун көлөмү көбөйүүдө.

Мына ушул “Джунда” заводунун курулуп калганынан улам, Кыргызстан азырынча аз көлөмдө болсо да нефть продуктысын экспорттоочу болуп калганын көпчүлүк биле бербесе керек. Өндүрүлгөн нефть продуктыларынын 2%ы Тажикстан менен Беларуска экспорттолот.

Эртеңкини ойлогон бүгүн аракеттенет

Азыр “Джунда” заводунда өндүрүштү модернизациялоо  аракеттери көрүлүүдө. Анткени, келечекте нефть продуктыларынын сапатына жана классына талаптар жогоруламакчы. Ага чейин ошол талаптарга жооп берүүчү продукция чыгарууга жетишип калуу керек. Ал үчүн заводдогу жабдуулар жетиштүү. Анткени, алар заманбап жана алдыңкы жабдуулар.

Учурда заводдун продукциясына ар тараптуу көзөмөл жүргүзүлүп турат. Заводдун  өзүнүн  лабораториясынан  тышкары, аны менен катар ишкана өндүрүштү андан-ары кеңейтүү максаты менен ар жылы 20 мил-лион доллар ички инвестицияга жумшалууда. Жалпы өлкө боюнча май куюучу станциялардын тармагы түзүлүүдө. Учурда  Кыргызстан  боюнча  заводдун  40  май куюучу  станциясы  бар.  Аларда  заводдо өндүрүлгөн продукция рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү бааларда бензин, солярка, мазут жана газ сатылууда. Завод өлкөдө эң ири салык төлөөчүлөрдүн алдыңкы бешилтигине кирген.

Ишкананын өзүнүн күйүүчү май ташуучу автомашиналар паркы бар. Заводго тиешелүү ишканалар, инфраструктура түзүлүүдө. Натыйжада заводдун өзүндө 900дөй адам иштесе, кайтаруу агенттигинде 200дөй адам, чекене сатуучу жайларда дагы 200дөй адам, транспорттук  кызмат  көрсөтүүдө  200дөй адам эмгектенүүдө. Бул жагынан заводдон мультипликативдик натыйжа чоң экендигин көрүүгө болот.

Өлкөдөгү бардык ири ишканалар сыяктуу эле социалдык жоопкерчиликтүү ишкана катарында “Джундада” социалдык долбоорлорго чоң көңүл бөлүнгөн. Жазгы жана күзгү талаа иштери убагында дыйкандарга арзандатылган баада күйүүчү май сатылат. Өзү жайгашкан региондогу социалдык долбоорлорго колдоо көрсөтүлүп турат. Быйылкы Көчмөндөр оюндарына да завод 2 миллион сом бөлүп берди.

Убагындагы түшүнбөстүктөрдөн жана айрым кызыкдар адамдардын жеке кызыкчылыктарынын үстөмдүк кылуусунан улам жергиликтүү калк менен ишкананын ортосунда, өзгөчө ишкананын санитардык коргоочу зонасын түзүү үчүн жер участокторун сатып алууда айрым түшүнбөстүктөр орун ал-ган. Бүгүнкү күндө алардын баары чечилген. Анткени, жергиликтүү адамдар бул долбоордон өздөрүнө кандай пайда түшө турганына иш жүзүндө көрүштү. Көптөгөн жергиликтүү жашоочулар ишкананын өзүндө жана анын коштоочу обьектилеринде иштөө менен учурда жогорку эмгек акыларды алышууда жана ишканада жумушчуларга берилүүчү бардык жеңилдиктерден пайдаланышууда.

Мунун баарына журналисттердин тобу өзүбүз күбө болуп келдик.