Эстрада ырчысы Мерген ТУРГАН: «Мени ырчы катары тааныткан – Марат Алыбаевдин «Ак бантиги»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жаш кезде адам көп нерсени аңдабай, жаштыктын  деми  менен  ойноп-күлүп, чыгармачылыктын түйшүгү менен алышып, күйөрмандарыңдын алакан чапканынан каниет алып жүрө берет экенсиң. Улам жаш өйдөлөп, балдар чоңойгон сайын алды-артыңа назар салып, ойлоно баштайт тура. Ата-эненин: “Балам, балалуу болгондо билесиң”, – деген кеби ошондо эсиңе түшөт экен. Ошол эле убакта чыгармачылыкка да өзгөчө сүйүү менен, жоопкерчилик менен, эң аяр, аялуу дүнүйөң, байлыгың катары карап калат турбайсыңбы. Албетте, жаш кезде үй-бүлөдө да, чыгармачылыкта да көп сыноолор болду, кубандык, кейидик… Жыгылдык, турдук дегендей. Эми Кудайыма ыраазымын. Балдар өз-өз орду менен эс тартып, алды үйлөнүп, арты бой тиреп келе жатат.

Жубайым, балдардын апасы Бактыгүл да менин жан дүйнөмдү, чыгармачылыгымды түшүнөт. Ысык-суугума кабагым-кашым дебей, бар дүйнөсү сыртында. Апам өзгөчө жакшы көрөр эле келинин. Аял-Эне – үй-бүлөнүн туткасы эле эмес, дүйнөнү аруулап, сулуулап турган асылзат тура.

Чыгармачылыгым, Кудайга шүгүр, жакшы. Ушул күздө өзүмдүн 50 жылдыгыма, чыгармачылыгымдын 30 жылдыгына карата, Байдылда агайыбыз айтмакчы, ашуудан отчет берип койсомбу деп тилек кылып турам. Ортодо бир аз тыным болуп калганы чын. Үй-бүлөлүк ар кандай шарттар болду. Айрыкча, үч жыл мурун апамдын өтүп кетиши мага катуу сокку болгон. Башка балдарынан мени бөтөнчө жакшы көрчү. Менин турмушумда да, чыгармачылыгымда да акыл-кеңешчим, сынчым, жөлөк-таянычым эле. Атүгүл кээде:

“Ай, балам, ырчы деген элдин көз алдында жүргөн адам. Деги эле тамаксоосуң, кичине режим кармап, арыктасаң боло. Сахнага кантип чыгасың, уят эмеспи”, – деп калар эле. (Күлүп) Баягы так секирип жүргөн жаным, чын эле бийлей албай калгам. Негизи эле, апам айткандай, сахнага чыккан адамдын толук болгону кечиримсиз эле экен. Эл эстетикалык ырахат алалы деп билет сатып алышат да, барса эле талпайган ырчы чыгып алып ырдап жатса… – деп анан келбетке көңүл бура баштадым да.

Кээде: “Ай, балам, деги эле ак көңүлсүң, өзүңдөн дагы досторуңду биринчи орунга коёсуң. Алар дегенде бары-жогуңду унутуп далдаңдайсың. Ар кимдин өзүнө жараша эле болбойсуңбу. Достун да – досу болот,” – деп калчу. Аны деле этибарга албай бир чети эркелеп, бир чети эсирип дегендей: “Ий, апа, ушинте бербеңизчи,” – деп койчумун.

Апам кеткенден кийин ушунун баары эсиме түштү. Айткандай эле, баягы мен жанымды аябай чуркап, кызматын кылып жүрчү, ушул эле шоу-дүйнөдөгү досторум көңүл айтып келгенге жарабай коюшту да. Негизи мен майда-баратка маани бербеген, оңой менен таарынбаган адаммын. Бирок жамандыкта баары саналуу болот экен, өтө оор учурда жакын адамдарыңдын жакшы сөзүн күтөт экенсиң. Ошондо апам: “Мына, балам, менин айтканымды укчу эмес элең!” – деп дагы бир эскерткендей сезилди. Өмүрдөн өтүп кеткенде да менин көп нерсеге көзүмдү ачып, ак-караны ылгатып, бир катуу силкинтип койду.

***

1968-жылдын   25-июлда  Нарындын  Ак-Сай-Арпа  жайлоосунда  төрөлүпмүн.   Мен  ыйлаганда  атам бетин жаздык менен жаап алып: “ий, ушунун  үнү  баладан  башкача  бийик!”  –  дечү экен.

Мен алтыга чыкканда Нарын шаарына келгенбиз. Он бир бир туугандын алтын-чысымын. Атам –Турганбек, апам – Үмүт. Көздөрү өтүп кетти. Түпкү тегибиз – Кочкордун Кара-Суусунан. Бала кезимде Нарындын Ала-Мышык тоосуна чыгып алып ырдаганды жакшы көрчүмүн. Алдымда Нарын шаары алаканга салгандай көрүнүп турчу.

Менин көрүүчүлөрүм – бүт шаар деп элестетер элем. Нарын суусунун шар аккан жерлерине барып, суунун агымы, шары менен жарышып ырдачумун. Эл алдында биринчи жолу биринчи класста, жаңы жылда чыгып ырдап, сүрдөдүм бекен же туура эмес баштап алдымбы, үнүм жетпей калып, кызарып кеткеним али күнгө чейин эсимде. Андан кийин 7-8-класста линейкада ырдагам.

1985-жылдын 14- декабрында Нарын Музыкалуу драма театрда дебютум болгон. Ошондо алдыма – “чоң ырчы болом” деген максат койгом. Кудайыма шүгүр, ошондон бери сахнадамын. Мени ырчы катары – ыраматылык Марат Алыбаевдин “Ак бантик” деген ыры тааныткан.

***

“Дыңкы жеңенин” образы кандайча жаралды дейсиңби? 2008-жылы “Эл тараза, эл сынчы” деген чоң куудулдар менен ырчылардын сынагында Назира Жетигенова карындашым ушул долбоор менен “Гран-Прини” алып, бир аз кеми менен тогуз миң доллар жеңип алганбыз. Чыныгы, таза жеңиш болгон. Анткени, жеңүүчүнү эл тандаган. Ошондон бери Дыңкы жеңе элдин сүйүктүү жеңесине айланып калды. Эми да күйөрмандардын суроосу менен, анын үстүнө элдин маанайын бир көтөрүп коёлу деп клип тарттык. Ушул клиптен, деги эле Дыңкынын образынан кийин, көркөм тасмаларга катыша калып жүрбөймүнбү, ошондон улам мени: “Сенде ырчылык гана эмес, куудулдук жана актерлук да талант бар турбайбы”, – деп калышат. Жок, кандай болгон күндө деле мен өзүмдү актер катары эсептебейм, мен – ырчымын.