Акжол Махмудов Словакиядагы дүйнө чемпионатта коло медалды багындырды

Словакияда өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  коло медалды багындырды.

Спорттун аталган түрүнүн эла аралык федерациясы билдирген маалыматына ылайык, турнир Трнавда 17-сентябрдан  23-сентябрга чейин уланат.

Махмудов 77 кг чейинки салмактык категорияда кытайлык балбанды утуп, андан кийин АКШлык Камал Беейди 9:1 эсебинде жеңген.