Айнура ОСМОНОВА, Жогорку Кеңештин депутаты: «Аймактарды өнүктүрүү жылында мерчемделген иштер жүрүп жатат»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Айнура Шермаматовна, аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп келдиңиздер. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүктөлгөн милдеттерин жеткиликтүү аткарып жатканын баамдай алдыңызбы?

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын элди тейлөөсү жакшырып, көрсөткөн кызматтары канааттандыраарлык болсо, карапайым калктын да мамлекетке болгон ишеничи артат. Ал эми, кандай гана мамлекет болбосун жарандардын жашоосунун деңгээлин жогорулатуу менен алардын укугун, эркиндигин коргоо аракетин көрөт. Кыргызстан боюнча бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир жактуу баа берүү мүмкүн эмес.

Мен өзүмдүн жеке тажрыйбама таянып айта турган болсом, Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышында депутат болгон мезгилде шаардык бюджет комитетинин төрайымы милдетин аткарып жүрдүм. Барган сайын демократиянын принциптерине ылайык жумуштар жүрүп, тургундардын активдүүлүгү мурдагыга салыштырганда активдешкени байкалат. Шаар бюджети боюнча “Бюджеттик угуулар” уюштурулган кезде, шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө коомчулук жана аймактык башкармалыктар менен бирдикте ачык талкуулашып, маселе көтөрүшкөнү адатка айланып бара жатат. Чындыгында, биздин Баш мыйзам жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөндөй иш алып бара албай жатканыбыз, менталитетибиз да роль ойноп жатат жана коомчулук дагы да болсо жакшы активдеше элек деп түшүнөм.

Жогорку Кеңештин депутаты катары мага, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  тарабынан  тиешелүү  маселелер чечилбей, каралбай жаткандыгы жөнүндө тургундардын кайрылуулары келип турат.

Андай маселелер болгондо, мен колумдан келишинче, маселенин туура чечилишине аракет жасап келемин. Жергиликтүү тургундардын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн биринчи кезекте, жергиликтүү депутаттар көтөрүп, аткаруу бийлигине коюп жана Өкмөткө билдирүүсү шарт. Биздин жергиликтүү кеңештердин андай аракеттери солгун болуп жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан, кайдыгер эмес, өз аймагындагы тургундардын көйгөйлөрүн жүрөгү менен өткөрүп, чын дили менен кыйынчылыктарга моюн бербей чечүүгө умтулган, көсөм, тажрыйбасы бар инсан, депутаттык мандатка ээ болсо, көп маселелер мынчалык татаалдашпайт эле. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн сабатсыздыгы жана партиясындагы колдоочусуна “тил алчаактыгы” сыяктуу зыяндуу кесепеттерин тийгизген учурлар арбын. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерин аткаруунун үстүндө иштөө менен чектелип, эл ичинде ар ким өз турак жайын таза кармоосу, коомдук жайларда маданияттуулукту көрсөтүү (айланасын таза кармоо ж.б.) сыяктуу багытта ар кандай иш-чараларды жүргүзүү жолго коюлбай келет.

ЖӨАБ  жүктөлгөн  милдеттерин  жеткиликтүү аткарып жатканы же аткарбай жатканы боюнча, бүгүнкү күндө атайын баалоо критерийлери иштелип чыккан, ошол баалоого ылайык жыл ичинде кайсыл структурасы иш алып бара албай жатканы аныкталат. Биздин республика боюнча бир топ ЖӨАБда калкка кызмат көрсөтүү багытында гранттык долбоорлор ишке ашып жатат. Жакынкы аралыкта Кыргызстан дагы БУУнун Туруктуу өнүгүү саясатынын негизинде, 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты жана негизги басым адам потенциалын өнүктүрүү, социалдык-экономикалык өнүгүү менен тең катар соттук, демократиялык жана укуктук багыттар камтылган. Ошондой эле, биздин өлкө санарип алкагына толук өтүшү менен бардык эле мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты,  ыкчамдыгы,  ачык-айкындуулугу жакшырат.

– Өкмөттүн өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын жогорулатуу боюнча пикириңиз кандай?

– Акыркы учурда Өкмөттүн өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Дүйнөлүк тажрыйбада жана тарыхта иштин көзүн билген бир эле адам, бир идеянын алдында коомчулукту ээрчитип, болбой турган иштерди болтуруп, жасалбай турган жумуштарды бүтүргөн учурлар бар. Ошондуктан кандай гана деңгээлдеги кызмат болбосун татыктуу кадр келсе, жумуш жүргүзүп жатканы даана көрүнүп калат. Акыркы жылдары Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кенештерге партиялык система менен келген депутаттарды же ар кандай фракция ээлеп алган тармактарга “өз кишилерин” кызматтарга коюу ыкмасы, бүгүнкү күндөгү Өкмөттүн ишине тоскоолдуктарды жаратып жаткан көрүнүштөр орун алып жатат. Ал эми, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун жогорулатуу же кыскартуу жөнүндө да бир жактуу жооп берүү туура болбой калат. Анткени, мурдагы жана кийинки жоболорду салыштырып, талдап, ашыкча же кемин изилдеп чыгуу керек. Коомчулуктун талкуусуна сунуштап, келип түшкөн пикирлерди талдап, атайын жумушчу топ иш алып баруусу керек.

– Аймактардагы эл менен жолугушууда кандай көйгөйлөр көтөрүлдү?

– Быйылкы жылы Президент тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланып, мерчемделген иштер жүрүп жатат. Мен да, депутат болгондуктан аймактарга чыгып, эл менен жолугушуп, көйгөйлөр менен катар аткарылып жаткан жакшы иштерге да күбө болдум. Кесибим экономист болгондуктан, экономикага тиешелүү маселелерге көңүл бурганга аракет жасайм. Мисалы, Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду кардарларга насыяны 1 млн. АКШ долларында берет, фонддун негизги кардарлары коммерциялык банктар, чакан жана орто ишкерлер мындай чоң суммадагы кредит алалбай жаткандары жөнүндө көп кайрылышты. Мен ошол маселени койдум, аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүгө бул сумманы төмөндөтүш зарыл экенин, мындан ары 300 миң АКШ долларын алууга болот. Бирок, колдон келсе андан да төмөн түшүрүү керек деп ойлоймун. Аймактарда ишкердик өнүксө, жумушчу орундар ачылат, салык төлөмдөрү түшөт деген сыяктуу бир топ жакшы иштер аткарылат. Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүүдөгү максаты, экономиканы көтөрүү менен ишкерликти жандандыруу. Кыргызстанда ишкерлерге көмөк катары “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому түзүлгөн жана аймактарда “Ош”, “Жалал-Абад”, “Сарай”, “Кара-Балта”, “Каракол” жана “Кант” аталышында кепилдик фонддор иштеп жатат. Ушул кепилдик фонддорду активдештирүү керек деген талапты коюп келем, анткени насыя алып жатканда күрөө коюу мүмкүнчүлүгү жокторго жакындан жардам болмок. Ошондой эле, Жалал-Абад шаардык оорукана эгемендүүлүк орногондон кийин Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасы статусунда иштеп келе жатат. Шаар тургундарын тейлеп келген оорукана 7 район, 4 шаардан келип кайрылган бейтаптарды тейлөөгө аргасыз. Ошого, быйыл Өкмөт тарабынан колдоого алынып 100 орундуу заманбап имараттын курулуш иштери баштала турган болууда. Облустук биргелешкен оорукананын имараттарынын көбү эски жана жетишсиз экендиги тууралуу элдерден дайыма кайрылуулар болуп турат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымакчылык болсо, коомчулуктагы коррупция, жалкоолук, кайдыгерлик деген илдеттерден арылсак, биздин мамлекет көп жетишкендиктерге жетишет деп ишенемин.