«ХХI кылымдын кадрлары» эмнеге түрткүнчүк болгон?

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Бүгүнкү күндө кыргыз экономикасы ири капитал салуучу инвесторго кандай муктаж болсо, инвестиция тартууга жөндөмү, билими жетик, акылы тунук прогрессивдүү жаштарга да ошончо муктаж. Чехияда окуп, Германияда жашап келген мекендешибиз, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Кайрат Итибаев өз башынан өткөргөн окуялар тууралуу кеп салды.

–  Кайрат,  инвестиция  тартуу жаатында иштөөнү качан баштадың?

– Бишкектен жогорку окуу жайын кызыл диплом менен бүтүргөм. 2004-жылы “ХХI кылымдын кадрлары” президенттик программасы менен Чехиянын Карло университетине  өтүп,  2004-2007-жылдарга студент катары кеткем. Ал жакта коомдук жана социалдык саясат кесибине ээ болдум.

2005-жылы март революциясынан кийин Курманбек Бакиев президент болуп калды. Биз – 12 студент “ХХI кылымдын кадрлары” программасынын алкагында ар кайсы мамлекеттен, түрдүү кесиптер боюнча даярдоо курсун окуп келген болчубуз. Чогулуп алып, президенттин аппаратына кирдик. “Биз менен түзүлгөн келишим боюнча мамлекет окуубузду каржылап бериши керек, ал эми биз Кыргызстанга эки жылдан кем эмес милдеттүү түрдө иштемекпиз. А чынында баарыбыз эле биротоло Кыргызстанда калып иштөөгө даярбыз”, – деп жалдырап жибердик. Тилекке каршы, жаңы келген бийлик жетекчилери Акаевден мурасталган программаны колдобой турганын билдиришти. Мына, өлкөнү жетектегени келген аткаминерлердин жаш кадрларга карата саясаты… Арабызда жалаң эле байдын балдары эмес, мага окшогон катардагы үй-бүлөдөн чыккан жаштар да бар эле. Ак үйдөн чыгып алып абдан кайгырдык. Бир тобу: “Ата-энемди кыйнай албайм”, – дешип, каражаты жоктугунан чет мамлекеттеги окууларын улантпай калышты. Мен кара курсак үчүн эптеп каражат табармын деп, кайрадан Праганы көздөй сапар тарттым. Кыйналсам  да  иштеп,  окуп  жүрдүм.

2007-жылы  окууну  аяктап  Кыргызстанга келдим. Бизнес консультант болуп иштедим.  Үй-бүлөлүү  болуп,  батирге  чыгып жашадык. Чехияда менеджменттикке докторантуранын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Бир  топ  билимдүү,  активдүү  жаштар чогулуп, Кыргызстандын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартууну талкууга алчубуз. Жаштардын ошол тобу биригип, “Кыргыз-инвест” деген коомду түзүп, анын төрагалыгына Таалайбек Койчумановду шайлаганбыз. Мен аткаруучу директору элем. Гүлнара Каликова биздин мыкты юристибиз болчу. Соода өнөр жай палатасы менен кызматташчубуз. “Кыргыз-инвесттин” атайын кеңеши Россия, Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттер менен түзүлө турган долбоорлор тууралуу ай сайын доклад берчү. Соода өнөр жай палатасы чет элдик инвесторлор келгенде мени доклад жасоого чакырчу. Малайзиялык, индиялык инвесторлорго англисче, казакстандык же россиялык инвесторлорго орусча, түркиялыктарга түркчө  Кыргызстандын  капитал  салуу үчүн  кандай  шарттары,  мүмкүнчүлүктөрү  жана  долбоорлору  барын  айтып берчүмүн.

Чакан ГЭСтер, тоо кен өнөр жайы, кайра иштетүү, туризм ж.б. долбоорлорду даярдачубуз. Бирок, бизге мамлекеттик макам же мамлекеттин кандайдыр бир колдоосу жетишпей жатты. Ошондон улам Өкмөткө жаңы долбоорлорду жазып киргизе баштадык жана бизге колдоо көрсөтүүнү өтүнүп кат каздык. Көп өтпөй Максим Бакиев ЦАРИИ деген жаңы органды түзүп, ага өнөктөштөрүн, өзүнө жаккан консультанттарын топтоду. Каржы институттарынын дээрлик көбүн өзүнө баш ийдирип алды. ЦАРИИнин мыйзам жагынан алганда койгон максаты туура болчу. Бирок, аны өз бийлигин өлчөөсүз орнотууну көздөгөн кара мүртөз адам жетектегени коомчулукту да иренжите баштаган. Биз аларга да сунуштарыбызды бердик. “ЦАРИИ мамлекеттик орган катары кала берсин, а биз инвесторду тейлөөчү мекеме макамы менен иш жүргүзүп, инвестиция тартуу боюнча бири-бирибизге жардамдаш бололу”, – дедик. М.Бакиевдин орун басары Учкун Ташбаев төртөөбүздү кабыл алды. Менин докладымды кунт коюп угуп: “Силердин сунушуңар мага жакты”, – деген болчу. Ушул сүйлөшүүлөр 2010-жылдын 7-апрелинде, эртең мененки саат 10:00 саат чамасында Ак үйдүн алтынчы кабатында болгон. Үйгө түштөнүүгө барган болчумун. Ак үй алдында кандуу окуя башталып кеткенин угуп нес болуп калдым.

– Германияга жашап калышыңа эмне себеп болду?

– Ошол жылдары абдан кыйналдык. Келинчегим Германияда эколог кесибине окуп калгандыктан, анын окуусуна карап Гисин шаарында жашадык. Эки балалуу болдук. Ал төрөттөн кийин кыйналганда балдарыбызды мен багып, үйдө отуруп калууга туура келди. Жети айлык ымыркайыбыздын салмагы 1,4 кг. болуп, көп ооруп, ооруканага жатып жүрдүк. Жубайымдын окуусуна байланыштуу ал жакта жашап, Германиядан Чехияга докторантурамдын иштери менен каттап турдум. Кээде Кыргызстандагы жигиттерге литвалык фирмалар аркылуу ай сайын 5-8 машинеден жөнөтүп, үй-бүлөмдү багууга каражат таап алчумун. Германиянын эли жогорку маданияттуу, коррупциясыз өнүккөн укуктук мамлекет. Мисалы, автоунаа жол эрежесинен чыгып кеткен учурда жарандын дарегине айып пул төлөп коюңуз деген кагаз келет. Жолдо биздикиндей МАИ жок. Экономикасынын өнүгүшү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда. Камсыздандыруу системасы жакшы иштейт. Бизден ал жакка бала баккан 26 жашка чейинки чанда гана кыздар барышат. Жергиликтүүлөр ден-соолугу жакшы деп, жумушка жаштарды алууга кызыкдар. Агрардык секторго иштетүүгө өзбекстандык мигранттарды алышат. Германияга келгендердин болжол менен 2-3 пайызы гана мекенине кайра кетет. Колдон келишинче биротоло жашап, жарандык алып калууга аракеттенгендер басымдуу. Кыргыз жаштарынан медицина, IT тармагында эмгектенгендер бар.

2012-жылы келинчегиме мекенге кайтуу тууралуу оюмду айттым. Кырчындай жаштык чет мамлекеттерде өтүп, Кыргызстанга өзүмдүн кыялымдагыдай олуттуу пайда келтире албай жатканыма кыжырым келчү болду. Ал жылы экс-президент Роза Отунбаева алгачкы жолу “Мекендештер” форумун өткөргөн. Мен ошол форумга катышкандан кийин “Балдарымды гүлдөгөн Кыргызстанда өстүргүм келет” деген макаламды маалымат каражаттары басып чыгышты. Ошол жылкы мекендештердин алгачкы форумуна келгенде чөнтөгүмдө болгону 50 доллар бар болчу. Аны форумдун кирүү акысына берип катышып, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуунун ролу тууралуу доклад окудум.

Бишкекке көчүп келдик. Мен Жарандык авиация агенттигине кызматка кирдим. Айлык маянам 12 миң сом болчу. Бул маяна батирге чыгууга жана үй-бүлөмдү багууга жетмек эмес. Бүгүнкү күндө Чет элдик инвесторлор ассоциациясын жетектеп жатам. Инвесторлорго юридикалык жардамдарды беребиз, алар менен Өкмөттүн ортосундагы көпүрөлүк кызматты аркалап келе жатабыз.