1000ге жакын кайрылман көчүп келеби?..

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жер титирөө жергеталдыктарды козгоду

Тажикстандагы токсонунчу жылдардагы жарандык согуш андагы этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчө баштоого аргасыз кылган.

“Эстрада жылдыздары албарстылар менен толукталабы?”

Ошол жылдардан бери бул жакта отурукташып калган туугандарын пааналап, аз-аздан көчүп келе берип, ал процесс токтогон эмес. Ал эми жарым ай мурдагы Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында 7 баллга жеткен жер титирөө жергеталдык кыргыздарга катуу зыян келтирилген. Үйлөргө кеткен чоң жаракалардан улам, алар дээрлик жашоого жарабай калган. Ушул окуяга байланыштуу алардын Кыргызстанга жер которуусу кайрадан активдешип жаткан учур. Негизинен кайрылмандар республиканын түштүк аймактарына жана Чүй бооруна көчүп келип жатышат. Мисалы, Аламүдүн районунун Байтик айылына көчүп келген Айтбүбү деген аялдын айтымында, жер титирөөнүн күчү катуу сезилген аймактардын ар биринен эң аз дегенде алтыжетиден үй-бүлө көчүп келүүдө. Айтбүбү адегенде келини, эки небереси менен мындагы туугандарыныкына көчүп келүүнү туура көргөн. Анын болжолдоосунда бери жагы 1000ге жакын этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп келиши ыктымал. Ушундан улам Жайыл районунун Алексеевка айылына келип отурукташып жаткан тажикстандыккыргыздардын абалын көрүүгө бардым.

“Эл дарыя жээгиндеги чатырда жашашууда”

– Менин беш уул, үч кызым бар. Жерге-Талга бир уулумду бала-чакасы менен калтырып, андан башка баарыбыз көчүп келип жатабыз.

Бул батирде бир келин-уулум, неберем, кыздарым менен чогуу турабыз. Өзүмдүн келгениме бир жарым жылдай болду. Кара-Балта шаарынын чеке-белинде бир атанын балдарынан 18 үй-бүлө барбыз. Алардын алды мындан жети-сегиз жыл мурда көчүп келишкен. Ушул күнгө чейин эч кимибиздин баш калкалар менчик үйүбүз жок, – дейт 63 жаштагы Нажимидин Халиков. – Бир кызымдын жолдошу кайтыш болуп калган. Үч жетим неберени тарбиялап жатам. Өзүнүн там-ташы жок болгондуктан Жерге-Талда деле үч перзенти менен меникинде жашачу. Бул жакта батирге 2000 сом беребиз, светине, суусуна да кошумча төлөйбүз. Жакында дагы башка уул-кыздарым көчүп келишип, батир издей башташат. Бул айылдын эли тынч. Кыздарымдын бирөөсү нан бышырып иштөөгө орношту. Жаштарыбыз табылган жумуштарга жалданып иштеп кете беришет. Экөөсү Ысык-Көлдөгү кирпич заводуна иштегени кетишкен. Жергиликтүү эл талаа жумуштарына да чакырып кетип жатышат, – деп сүйлөп отурду.

Мечиттеги мушташ эмнени билдирет?

Нажимидин аганын келини Наргиза кечээки өткөн жер титирөөдөн кийин келгендерден. Ал: “Жер силкинүүнүн күчү абдан катуу болду. Кара-Сай, Кыштоо, Кашат деген айылдарда жалпысынан 200дөй түтүн барбыз. Бардыгынын үйлөрүнөн чоң-чоң жаракалар кетти. Анда жашоо өтө кооптуу. Бүгүнкү күндө андагы элибиздин 70 пайыздан ашыгы дарыянын каршы тарабына көчүп алышып, ачык жээктеги асман алдында эптеп күн көрүп жатышат. Тоолуу шартта жашоо да кыйын, кышкысын бир метрден ашык кар түшүп калат. Биз үч үй-бүлө болуп чогуу келдик. Мен тигүүчү болуп иштесем дейм. Азырынча кичинекей балам колду кармап жатат”, – дейт.

Тажикстандык кыргыздар ушулкүндөрү “туугандарыбызга барып баш калкалайбыз” деген түшүнүк менен элекөчүп келип жатышкандай. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Чүй облусунун башка аймактарына, анын ичинде Токмок шаарынын айланасына да бара башташты. Кыргызстандын расмий органдарына кайрылууга шашылбагандыктан, алардын так санын билүү өтө кыйынга турууда. Миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмү тажикстандык кыргыздардын бул жактагы лидерлери менен такай байланышта болгондуктан жаңы көчүп келгендердиөздөрү издеп таап, жардам берип жатышканына күбө болдум.

“Айланайындар, паспорт көйгөйүн айта баргылачы”

Тажикстандын тоолуу аймактарынан келген кандаштарыбыз Кыргызстандын ички мыйзамдарын, өз милдеттерин жана укуктарын билбегендиктен кыйналып калышууда.

Нажимидин аксакал да ушундай себептен улам, кыйналган жашоосун мындайча баяндайт. “Айланайындар, биздей зарлап турган бир боордошторуңуздарга эң алды менен паспорт алууга көмөктөшкүлө. Мен билгенден 6-7 жылдан бери кыргызстандын паспортун алалбай жүргөн тажикстандык этникалык кыргыздар абдан көп. Үмүттүн шооласын өчүрбөй жардам берүүнү Президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнөн сурашып жатат дегиле. Сокурдун тилегени эки көз демекчи биздин эң башкы көксөгөнүбүз – паспорт алып, аны каттоого койдуруп алуу», – деп, жалбара сүйлөгөн Халиков жалаң эле алексеевкалык эмес, жалпы эле Тажикстандан көчүп келип жаткан кыргыздар үчүн суранып жиберди.

Кайрылмандар менен аңгемелешип көрсөм, чынында булар кайсы мамлекеттик орган паспорт берери менен деле иштери жок экен. Алардын мындай абалынан акча жасагысы келген шылуундар дагы четтен чыгып жатыптыр. Кыргызстандын паспортун жасатып берем дегендерге 3000-4000 сомго чейин берип, же паспорттон жок, же акчадан жок куржалак отуруп калгандары да жок эмес.

Атасы бар бала сакал койбойт…

Алексеевка айылына көчүп келгендердин абалын билүүгө ушул күнү Миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова барып, аларга мыйзамдуу паспорт алуунун жолун, укуктарын түшүндүрүп жатты.

– Азыр сиздер чет өлкөнүн жараны болуп эсептелесиздер. Адегенде Бишкектеги Миграция кызматынын кеңсесине барып кайрылыңыздар. Биз сиздерге кайрылман статусун беребиз. Кайрылман күбөлүгүн алган соң балдарды мектепке, бала бакчага киргизүүгө, жумушка орношууга укук алууга болот. Ооруканага биздин жарандар сыяктуу эле көрүнөсүздөр. Андан тышкары, бажы бекеттеринен сиздердин жүктөр пошлинасыз өткөрүлөт. Бирок, жеке бирөөлөр сиздерге Кыргызстандын паспортун жасатып берем десе ишенбеңиздер. Сиздер кайрылман күбөлүгүн алган соң, эки-үч айлык мөөнөттө жөнөкөйлөштүргөн тартипте Кыргызстандын паспортун алууга болот. Бирок, дүйнөдөгү кырдаалды өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Чет элдиктерге паспорт берүүдө КР Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да тыкыр карап чыгууга эки-үч айдан көбүрөөк убакыт кетип калууда, – деди ал.

Тажикстандык кыргыздар тууралуу сөз кылып жаткан соң, булардын Кыргызстандын паспортун алуудагы кыйынчылыктарына токтололу. Көйгөйдүн баары биздин жерден эмес, тээ алыскы Жерге-Талдан башталарына көзүбүз жетти. Тажикстанда чет элдик паспорттун баасы абдан кымбат экенин айтышты. Биздин акчага которгондо 15 000 сомго чейин жетет. Бир үй-бүлөдөн үч-төрт киши чет элдик паспорт алса 60 000 сомго чейин чыгып жатпайбы. Бул алар үчүн оңбогондой чоң каражат. Себеби, табигый шарты абдан катаал Жерге-Тал, Мургабда негизги оокаты мал. Ал жакта чоң койдун орточо баасы болгону бизче алганда 1200 сомдун тегерегинде. Малды башка жакка айдап барып сатуу өтө чыгымдуу. Андан тышкары, картошка, өрүк, алма өстүрүшөт. Тилекке каршы, өндүргөн продукцияны алыскы тоолуу аймактан калктуу пункттарга чыгарып сатуу киреше алып келмек тургай, товардын өз кунун жечүдөй. Ал эми Кыргызстандын аймагына өтүп, соода-сатык кылуу татаалдашып кеткен. Ушуга байланыштуу алар Кыргызстанга жер которгондо ал жактын ички паспортун алып эле келе беришет экен. Эгерде Тажикстандын чет элдик паспорту менен келишкенде Кыргызстандын паспортун алуу бир кыйла жеңил болмок. Ошондуктан аларга Миграция кызматы: «Тажикстандын ички паспорту менен Кыргызстанда каттоого тура албайсыңар”, – дешти.

Какаганга муштаган…

Эки жыл мурда Халиковдун бир тууган иниси Алексеевка айылынан 7500 долларга үй сатып алган.

Ыймансыздыктын кыйраткыч күчүнүн алдында сот дагы алсызбы?!.

Ал бала-чакасы менен үйдү актап, тазалап кирип алып, бир-эки ай жашагандан кийин, башка бирөө тамдын документин көтөрүп келип, тигилерди сыртка чыгарып салган. Айтор үй эки адамга сатылган. Алданганын билген кайрылман статусундагы жаран соттордон акыйкат издеп жүргөн чагы экен. Ушул кезде ал үйдөн да, акчадан да дайын жок, батирден батирге көчүп жүрүптүр.

“Ушул боордошубуздун үнүн Бишкекке жеткире баргылачы. Байкуш, абдан кыйналып кетти. Аты Мидин. Төрт баласы, келини, неберелери менен – баары батирден-батирге көчүп-конуп жүрүшөт. Тажикстандык кыргыздар өтө момун, эмгекчил болушат. Булар таңкы төрттө туруп алып, кечке чейин иштей беришет. Муну билип алган айрым адамдар арзан иштеткилери келишет. “Тажиктер барбы?”, – деп, атайын сурап келишип, Кара-Балтанын наркы четине чейин алып кетишет. Бир күндө 300 сомго деле иштей бергендери бар”, – дейт токтогулдук Болот аттуу жигит.

Элден айланса болот, угушубузга караганда кайдыгер эмес активисттердин тобу “Тажикстандык боордошторубузга жардам берели, банктан эсебин ачышсын”, – деген сунуш берилгени боюнча кабар тарады.