Исхак Раззаковду үч жолу көргөм

Менин кесибим врач. Ошондой болсо тагдыр мени улуу инсан менен жолуктурганына Кудайга ыраазымын

“Эчкинин чычаңы менен деле актап алышпайбы”

1946-1947-жылдары күз айы болуш керек. Биздин айыл Сары-Камыш Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна карайт. Сабактан кийин 5-6 бала көчөдө топ ойноп жатсак, дүкөндүн тушуна “ЗИЛ” автомашинасы токтоп, андан эки көркөмдүү адамдар чыгышып, эки жакка көз чаптырып, сүйлөшүп жатышты. Аңгыча алар жанына чакырып алышты. Сталиндин шапкесине окшош шапке кийген киши ачуусу келген түр менен колун булгалап, “бир эчкинин чычаңын жулуп алып, тиги тамдарды минтип-минтип актап койсо болбойт бекен, аа” деди. Мен ал кишинин сөзүн түшүнбөй бушайман боло түштүм. Же айыл кеңешинин төрагасы, же колхоздун башкармасы болбосом, элдер үйлөрүн актайбы, жокпу менин ишим эмне дедим ичимен. Жанындагы киши: – Окуйсуңбу, – деп сурады, мен 10-класста окуй турганымы айттым. “Мектепти  бүтөөрүң  менен  Фрунзеге окуу га сөзсүз баргын”, – деди жанагы Сталин шапке кийген киши.

Биринчи киши Исхак Раззаков, экинчиси Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы Мамбеталиев деген кишилер экен. Мен кийин институтту бүтүп иштеп жүргөндө, эл аралап айыл-кыштактардын акталбаган, жепирейген түрүн көрүп арданчу болдум. Көрсө, Исхак акебиз кызматы боюнча ар кайсы республикаларда иштеген, көргөн адам катары “кыргыздар эмне үчүн ошолордон кем жашашат” деп намыстанып айткан турбайбы, кайран киши.

И.Раззаков:“Балдар, кичине чыдай тургула”

Экинчи сапар И.Раззаковду 1948-жылы Фрунзеден көрдүм. Анда медициналык институтта окуп жаткам. Биздин шорубузга 3 деген баа алган студенттерге стипендия төлөнбөсүн деген буйрук чыгып калыптыр.

Ал жылы Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 600дөй бала окууга киришкен экен. Орус тилин түшүнбөй стипендиясыз калдык. Акча жок ачкадан өлмөк белек. Документтерин алышып көпчүлүгү кетип калышты. Директорубуз Иса Коноевич Ахунбаев далбастап балдарга жалынып жүрөт, жок дегенде бир семестрге чейин чыдап бергиле деп. Бир тобубуз кетпей калдык. Ал киши жөн жатпай өлкө жетекчилигине барып жүрсө керек.

Бир күнү биздин институтка И.Раззаков келип аңгеме куруп, «Балдар кичине чыдай тургула, биз Москвага маселе коюп жатабыз. Иш оңунан чечилип калса кыргыз да, балдар  үчүн  жеңилдик  болот,  стипендия төлөнөт. Азыр акыбал оор, Россия, Украина,  Беларусиянын  согуштан  кыйраган шаарларын, завод-фабрикаларын калыбына келтире албай жатабыз», – деп дагы далай акыл-насааттарын айтып кетип калды.

Студенттерге толгон Фрунзе шаары

Үчүнчү сапар Исхак аке бизге келгенде студенттер менен баш ийкешип саламдашып коюп, Иса Коноевичти ээрчитип, клиникаларды кыдырып кетти. Москвадан оң жооп болбогонун директорубуздан уктук. Ал киши кеткенден кийин ыр-хор кружогуна катышкандарга айына 50-100 рублдан берип калды. Орус тилинен кошумча сабактар уюштурулду. Биринчи семестрдин аягына чейин тырышып жүрүп, орус тилин бир аз билип калыптырбыз, жаман тил менен койгулаштырып жатып, стипендияга да жетип калдык. Бир топ студенттерди Иса Коноевич өзү жетелеп экзамен берди. Билет алгандан кийин “билесиңби?”, – деп сурайт, билбейм десе, эмесе атаңдын жомогун деле айта бер деп, профессорго өзү жооп бере баштайт. “Билет экен. Болгону орусча жооп бере албай жатпайбы 2, – деп профессорго “4” деген баа койдуруп берип жатты. Кийин орус тилин түшүнүп калган соң камчы чаптырбай кеттик.

Исхак Раззаков бийликке келгенде пед-институт университетке айланды, политехникалык институт, толгон токой техникумдар, училищалар ачылды. Аялдар педтехникумунун, медучилищанын кыздары, музыкалык окуу жайынын студенттери өкмөттүн эсебинен тамак-аш, кийим-кече менен камсыз болду. Мына ушундай аталык камкордуктун негизинде Фрунзе шаары студенттерге толуп эле калды.

Бул кеменгер жетекчи бардык маселе күчтүү кадрлар аркылуу чечилерин мурун эле билчү турбайбы. Ушу кезде кыргыз эли Раззаковдой жетекчиге муктаж болуп турат. Эл болгондон кийин мындай киши табылат деген жакшы ишеним бар.

Окен МАМАТКАНОВ, Ооруктун жана эмгектин ардагери, санжырачы, врач, медицина илиминин кандидаты