ЖК жаңы министрлерди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш өкмөттөгү айрым кызматтарга талапкерлерди карап чыгып, макулдугун берди. Шамилбек Асымбеков өкмѳттүн аппарат жетекчиси, Марат Жаманкулов юстиция министри, Эмил Осмонбетов Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин тѳрагалыгына көрсөтүлгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылынган талапкерлердин жетиштүү иш тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Андан тышкары, буга чейин Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп иштеп келгени белгилүү болду.

Талапкерлер депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал эми Премьер-министр атайын жумушчу топ түзүлүп, Өкмөттүн жана анын аппаратынын жаӊы түзүмү долбоорлонуп бүткөн соң,  парламенттин кароосуна киргизиле турганын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында Асымбеков Шамилбек Үмөтовичти Ɵкмѳттүн аппарат жетекчиси – министри, Жаманкулов Марат Тургунбаевичти юстиция министри, Осмомбетов Эмил Кубатовичти өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин тѳрагасы кызмат орундарына дайындоого макулдук берилди. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эскерте кетсек, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов берген арызына ылайык 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Ал эми өкмөттүн аппаратынын буга чейинки жетекчиси Мурат Мукамбетов август айында иштен алынган. Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан 7-августта алынган. Анын жумуштан кетишинин так себеби көрсөтүлгөн эмес.