20-сентябрга карата аба ырайы

20-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градус жылыйт. Жаан-чачын күтүлбөйтт.