Искендер МАТРАИМОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: «Президенттин аймактарды өнүктүрүү жарлыгын элет эли кош колдоп кубаттап жатат»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Искендер Исмаилович, быйылкы  жылда  Президент  аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоодо. Эл менен жолугушуп келдиңиз.  Элет  жеринин  жашоосу жакшырганын байкадыңызбы?

– Президент бул жарлыкты жөн жерден чыгарган жок. Буга чейин өзү аймактарда жетекчилик кызматтарда иш-теп келген адам катары элет жеринин көйгөйлөрүн жакындан билет. Андыктан аймактарда чечилбеген маселелер көп деп ушул жарлыкты чыгарды. Бул жарлык өтө туура, өз убагында чыккан. Себеби айыл өнүксө анан өлкө өнүгөт. Кыргызстандын  элинин  көпчүлүгү айыл жеринде жашайт. Бирок айыл жериндеги жумушсуздуктан улам шаарга агылгандар көп болгондуктан, элетке көңүл буруп, жумуш орундарын түзүү менен бирге инфраструктураны жакшыртуу учур талабы болчу. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу элет элинин жашоо турмушу оңолуп калды. Эл дагы айыл жеринде жашоо оңой, кызыктуу экендигин түшүндү. Мындан сырткары элет жери ар кимдин туулган кичи ме-кени. Ошондуктан учурда айыл жерине барып, мал чарбачылыгы, дыйканчы-лык менен алектенип, эмгегинен баар таап жаткандар көп. Чакан ишканаларды ачып, өзүлөрүнө эле эмес, башкаларга да жумуш орундарын түзүп жаткан жаран-дарыбыз да жок эмес.

– Ошондой болсо да эл арасында чечилбеген көйгөйлүү маселелер болсо керек…

– Мен Кара-Суу районунан шайланып келгендиктен, ал аймактагы элдин көйгөйлүү маселелерин Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүп, чечип берүүгө аракеттенем. Биз эс алуу учурунда эле эмес, аларга дайым барып, облустук, райондук жана айыл өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган маселелери болсо, жеринде чечип берүүнүн үстүндө иш жүргүзөбүз. Кандай кайрылуу болбосун  баарын  иреттеп  жазып,  айыл өкмөттүк, райондук, облустук жана мамлекеттик деңгээлде карала турган маселелер болсо ар бирин багытына жараша чечип берүүнү көздөйбүз. Анткени эл өкүлү катары аймактардагы элдин көйгөйлөрүн чечип берүү биздин милдетибиз. Ал эми социалдык объекттердин курулушу боюнча көйгөйлөр бар. Себеби жылдан жылга кошумча айылдар өсүп, кеңейип жатат. Ошол жаңы айылдарга макам берүү боюнча эл масе-ле көтөрдү. Толук кандуу айыл деген макамга ээ болуш үчүн бир топ соци-алдык жагдайларды чечиш керек. Ал жерге жолдор салынып, электр энергиясы тартылып, таза суу киргизилип, калктын санына жараша мектеп, бала-бакча, ФАПтар курулуш керек. Бул жаг-дайлардын чечилиши түздөн-түз каражатка байланыштуу болот. Биз бул көйгөйлөрдү чечкенге болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Айылдагы  дыйкандар  өндүргөн жашылча-жемиштер, дан эгиндери жана мал чарбачылыгында иш алып баргандар эт, сүт азыктары менен шаардын элин камсыздап жатат. Керек болсо шаардыктарды  да  баккан  айылдын эли. Ошондуктан аймактарды өнүктүрүү  боюнча  Президенттин  жарлыгын  элет  эли  кош  колдоп  кубаттап жатат.

– Аймактарда мектептердин, бала-бакчалардын, медициналык мекемелердин  курулушу  жана жолдордун оңдолушу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз?

– Депутат болуп келгенден тартып, мен шайланган аймакта курулуп жаткан объекттердин бүткөндөрү ишке берилди. Курулуш иштери каражаттан көз каранды болгондуктан мерчемделген иш пландардын негизинде азыркы учурда да курулуп жатат. Негизинен республиканын бардык эле аймактарында курулуш иштери токтоп турган жок. Кайсы аймакты алып карабайлы мектептер, ФАПтар, бала-бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп жатат. Президент тарабынан быйыл жарыяланган Жарлык кийинки жылдарда токтоп калбайт. Муну айыл тургундары туюп, сезди. Азыр элет элинин турмуш шартынын жакшырганын алардын эки кабат үйлөрдү салып, көпчүлүгүндө автомашинасы болгонунан, жер иштетип, мал жандуу болгонунан деле байкасак болот. Биз союз кезинде бардыгын мамлекет жасайт деген түшүнүк менен жашап көнүп калганбыз. Азыр адамдар өз алдынча эмгектенсе, жеке өзүнө эле эмес, мамлекетке да пайдасы болорун билип калышты. Жеке ишкерлик менен иш алып баргандар үчүн мамлекет шарт түзүп берди. Жылдан жылга жалпы элдин жашоосу жакшырып келатканын тана албайбыз.

– Бизде бай адамдар көп болсо  да  жумушсуздукту  жоюу үчүн  союз  кезиндегидей  завод-фабрикалар  эмнеге  курулбай жатат?

–  Учурда  биз  дагы  завод-фабрикаларды курсак болот. Бизде мамлекеттик муниципалдык кызматтар өтө эле көп. Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан бизге мынча мамлекеттик кызматтын кереги жок. Кыргызда “Койчу көп болсо, кой арам өлөт” деген сөз айтылат. Мамлекеттик кызматтарда иштегендердин арасында айылда иштеп көрбөгөн, айылда кандай көйгөйлөр бар экенин билбегендер отурат. Айылда жашап келгендер гана элет жериндеги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун билишет. Алар гана айылдын инфраструктурасын көтөрө алышат. Анткени элет жерине эмне керек экендигин жакындан билишет. Алар айылдарга чакан ишканаларды жана завод-фабрикаларды курууда да өз салымдарын кошо алат. Бизде бай адамдар көп. Завод-фабрикалар курулуп, эл тегиз жумуш менен камсыз болсун десек, мамлекетибиздеги бюрократияны токтотушубуз керек. Муну ишке ашырууда мамлекеттик аппарат кубаттап, ага жардам бериш керек. А бизде өзү жасай албайт, жасаганды көрө албайт болуп жатпайбы.

– Жергиликтүү башкаруу органдары өз милдеттерин так, жеткиликтүү аткарып жатабы? Алардын ыйгарым укуктарын жогорулатууга кандай карайсыз?

– Биз союздун тарбиясын алганыбыз менен азыр демократиянын принциптеринин  негизинде  жашап  жатабыз. Мен айыл өкмөттөрүнүн шайлоо жолу менен келгенине каршымын. Себеби  каалайбызбы,  каалабайбызбы бизде уруу-урууга бөлүнүү деген бар. Айыл өкмөт башчы шайланган айыл өкмөттө кайсыл уруудан көп болсо ошолордун адамы шайланып калып жатат. Андыктан бул жагдайды да эстен чыгарбашыбыз керек. Натыйжада тажрыйбасы жок, билими жетиштүү эмес адамдар шайланып калып жатат. Менимче айыл өкмөт башчылардан тартып, акимдерди, өкмөттүн өкүлдөрүн дайындоо туура. И.Сталин бекеринен “Кадрлар баарын чечет” деп айткан эмес. Дайындала турган айыл өкмөт башчы атайын комиссиядан текшерүүдөн өтөт. Билиминен тартып, каерде, кандай кызматтарда иштегенине чейин иликтенип, анан барып дайындалат. Бүгүнкү күндө биз кадр маселесин жолго коюп, айыл өкмөт же райондун акими болобу, кандай мекеме болбосун кадрларды туура тандаганда гана өлкөдөгү жемкорлук, тууганчылык өзүнөн өзү токтойт. Таза, иш тажрыйбасы мол, билимдүү, адамгерчилик сапаты жогору кадр эч убакта жемкорлукка же паракорлукка барбайт. Ошондуктан жергиликтүү бийликтердин дайындоо жолу менен келгени жакшы, ал эми ыйгарым укуктары жетишсиз болсо аларды карап чыгуу керек.

– Өлкөдөгү коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер жана анын натыйжасы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Азыр Президенттин шайланганына бир жылдай да убакыт боло элек. Бирок өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык багытта иш алып барып жатат. Өзгөчө коррупция менен күрөшүүдө эрки бекемдигин, сөзүнө тургандыгын көрсөтө алды. Аны менен ага болгон элдин ишеними артты. Эгер ушундай жол менен мындан ары иш алып бара турган болсо, алты жылда бардыгын иретке келтирет деп ишенем. Учурда Бишкек ЖЭБи, тарых музейин реконструкциялоо жана башка коррупцияга байланышкан иштер тууралуу тергөө амалдары жүрүп  жатат.  Убагы  келгенде  кайсы жетекчинин же кимдин канча жегени өзү эле ачыкталат. Ал эми курулуп жаткан альтернативалык жол боюнча да ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерилип,  такталып  чыккандан кийин гана ал боюнча пикир айтсак туура болот.

– Жаштардын келечегине балта чапкан түнкү интернет клубдарды,  кумарканаларды  жаап салууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпейби? Аларга тыюу салынганы менен учурда иштеп жатканы белгилүү.

– Жалпы интернет клубдарын жаап салууга болбойт. Алардын кээ бирлери жөн гана маалыматтык кызмат көрсөтөт. Ал эми түнкү оюн интернет клубдары менен кумарканалар жабылышы керек. Алардын мамлекетке пайдасынан зыяны көп. Баланы чоңойтуп, ага туура тарбия бериш ата-эненин милдети. Бул жоопкерчилик ар бир ата-эненин моюнунда. Ал эми түнкү интернет клубдарын, кумарканаларды жабуу маселеси Жогорку Кеңеште каралып, аларга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Эгер түнкү оюн интернет клубдары иштеп жаткан болсо, демек ошол кабыл алынган мыйзамды укук коргоо органдары жеткиликтүү аткарбай жатат. Менин билишимче булардын ишмердүүлүгү боюнча текшерүүлөр болуп, укук коргоо органдары тарабынан рейддер жүрүп турат. Бул түнкү интернет клубдардын артында кайсы бир чиновник турат дегенге кошулбайм. Мыйзамдын негизинде тыюу салынган түнкү интернет клубдарды, кумарканаларды иштетүүнүн өзү мыйзам бузгандык.