Уурдабаганың эле –сенин салымың

А дейбиз, бу дейбиз, акыркы бир жылга жетпеген аралыкта өлкөнүн саясый-коомдук турмушунда көптөгөн окуялар болуп өттү.

Көрүп туруп, көз кубанат. Түркия, Казакстан менен сууп кеткен мамилелер оңолду. Алыстан мажар туугандар келип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы бийиктикке көтөрүлгөнү турат. Көчмөндөр оюндары бийик деңгээлде өтүп жатат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн катышуучулар жана көрүүчүлөр келгени ага далил. Буга чейин көчмөндөр оюну бизде өтүп келсе, эми Түркияда өтмөк болуп жатат. Бай өлкө болгонубузда, аны өзүбүздө эле алып калганда эмне. Ушуга бир аз ич ачышат. Айтор, кулак сүйүнүп уга турган, көз сүйүнүп көрө турган нерселер көп. Бирок, кейиштүү нерселер да жок эмес. Бул баягы эле канды кашайткан коррупция. Мамлекеттин казынасына кол салгандар че-тинен кармалып, күнөөсүнүн деңгээли аныкталып жатканы жакшы көрүнүш. Эгер, алар күнөөлөрүнө жараша жазаларын алышса, мамлекеттен уурдайм дегендер азаят эле.

Айтор, неси болсо да, мамлекет башчысынын кадамдары туура бараткандай. Ушул жышаналуу жөрөлгөлөрдү көрүп, мен Кыргызстандын жараны катары суу энергетикасы Кудайдын бизге берген байлыгы, сууну ысырап кылбай, кесир мамиле жасабай, туура пайдаланалы деп айтар элем. Кудайга шүгүр, өткөн кылымда республика аймагында көптөгөн суу электр станциялары курулду. 70-80-жылдарда, андан кийинки жылдарда курулган кубаттуулугу жогору ГЭСтерди айтпаганда, 1920-жылдарда, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курулган ГЭСтер бүгүн да толук күчүндө иштеп жатат. Мына ошолордун баарын бүлдүрбөй, жеке адамдардын колуна салып бербей, айрым топтордун гана кызыкчылыгына кызмат кылдырбай, келечек муундарга калтыруу биздин атуулдук парзыбыз гана эмес, атуулдук ар-намысыбыз.

Жаңылбасак, бүгүнкү күндө республикада жылына 18-20 млрд. киловатт саат тегерегинде электр энергиясы өндүрүлөт. Аны баарыбыз пайдаланып жатабыз. Эми ошол пайдаланган электр энергиясынын акысын өз убагында төлөп турсак, уурдап пайдаланбасак эле өлкөнүн энергетика тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымыбыз болмок.

Касым ӨМҮРАЛИЕВ, Бишкек шары