«Шоро» компаниясы бүгүн акысыз суусундук таратат

Кыргыздын салттуу тамактарын заманбап технологиялар менен өнүктүрүп келе жаткан «Шоро» компаниясы бүгүн 25 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирдди.

Маалыматка ылайык, мындай даталуу күнгө карата, аталган компания элге суусундуктарын акысыз тартуулайт. Бул компаниянын чейрек кылымдан бери чогуу келе жаткан кардарларына билдирген ыраазычылыгы. Акысыз суусундук таратуу акциясына «Шоро» компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери да катышат.

«Шоро» компаниясы ага-ини Табылды жана Жумадил Эгембердиевдин демилгеси менен 1992-жылы түптөлгөн.