Марат Джаманкулов юстиция министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Джаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.