Биз сыймыктанчу мекендешибиз…

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Эрежесиз уруш боюнча спорт чебери, 1986-жылы Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган, учурда Москва шаарында машыгып жүргөн жана жакында эрежесиз мушташ боюнча Москва шаарында өткөн эл аралык мелдеште биринчи орунду алган мекендешибиз Талгат СЕЙТАЛИЕВ (каймана аты – Брюс-Ли) менен маектештик.

– Талгат, рингде сенин шамдагайлыгыңды, уруштун алгачкы ирмемдеринде эле атаандашыңды чийинден чыгара тээп жыкканыңды көрүп сыймыктандык.

– Спортто ийгилик оңой-олтоң келе калбайт. Ал үчүн канчалаган жылдар бою машыгуу, эң негизгиси, спортко болгон кызыгуу, сүйүү керек. Биздин бала кезден берки кумирибиз болуп калган Брюс-Линин: “Мен он миң ыкма билген адамдан корпкпойм, бир ыкманы он миң жолу кайталаган адамдан корком”, – дегени бар. Анын сыңарындай, бала кезимде Брюс-Линин бул ыкмасын кино тасмадан көрүп, таасирленчүмүн да, ошону кайталаганга аракет кылып, далалаттана берчүмүн. Эми ошол ыкма менин ишенер ыкмаларымдын бири болуп калды.

Ильяс БАТЫРБЕКОВ: “Максаттарымды сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көргөзгүм келет”

– Спортко кайсы жашыңдан келдиң?

– Мен спортко, тактап айтканда, күрөшкө 4-класста окуп жатканымда келгем. Ошондон бери эле спорт менен жашап келем. Күрөш боюнча биринчи машыктыруучум да – атам. Андан кийинки машыктыруучум, мени сегиз жыл үйрөткөн – Чолпон агайыма, ал эми чоң спортко – “панкратион” боюнча чыгуума себепкер болгон Бегалы аттуу айылдаш агама терең ыраазычылык билдирем. Андан кийин “Гермес-Профи” клубунда кик-бокс боюнча Маралбек Давлеткулов агай кийин кулатуу боюнча СССРдин спорт чебери Жаныбек Орозалиев, андан соң Бообек Тотошев машыктырышты. Ар биринде аз-аздан машыгуу менен, Кыргызстанда өткөн чемпионаттарда беш жолу чемпион болуп, спорт чебери болгом. Андан кийин Евразия чемпиону болдум.

– Спортко кызыгууңа эмне себеп болду экен?

– Чоң атабыздын атасы, бабабыз Байсейит жүктүү төө көтөргөн балбан болуптур. Өз атабыз Нурдин Сейталиев СССР убагында күрөш боюнча спорт чебери болгон. Бала чагыбызда атам күрөштүн ыкмаларын үйрөтүп, бизди өзү менен күрөштүрө берер эле. Биз улам чоңойгон сайын кимибиз эмнеге шыктуу экенибизди байкап, ошого жараша багыт бере баштады. Мисалы, менден улуу Самат байкем зергерчилик, устачылык өнөргө ооп кетти. Колунан көөрү төгүлгөн көп тармактуу уста. Иним Бакыт – учурда студент. Ал дагы бокс менен машыгып, окуу жайлар аралык мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алып келе жатат. Бирок искусство тармагына көбүрөөк кызыгат.

– Ар бир жолу рингге чыгаар алдында эмнени ойлоносуң?

–Адегенде эле оюма Кудай келет. Дегеним, Кудайдан жол сурап, анан Манас атабыздын арбагына сыйынам. Анан, албетте, ишеним менен чыгам.

– Деги эле мындай спортко катышкан адамдарды кээде таш боор болсо керек деген ой келет?

– “Беш кол тең эмес” дегим келет. Ар ким ар кандай болсо керек. Бирок менде боорукердик сезим көбүрөөк. Кээде атаандашымды аяган учурларым бар. Анткени, спорт – бул чын дилден жек көрүү, айыгышуу эмес. Ринг убагында мушташканыбыз менен, андан чыккандан кийин бир туугандай эле сезимде болосуң.

– Үй-бүлөң тууралуу?

Жаш акын Айгерим Токтоналиева: “Ырымдан бир нерсе жашырган жокмун”

– Жубайымдын аты – Назгүл. Эки кызыбыз, эки уулубуз бар.

– Ата — энең, бирту у гандарың, жубайың жана балдарың сени менен кошо беттешке келип, күйөрман болгон учурлары барбы?

– Албетте, алар ар дайым менин эң жакын күйөрмандарым. Мелдешке чыкканымда ата-энем, бир туугандарым, жакын туугандарым, досторум, жакшы санаалаштарыбыз, жубайым бала-бакырабыз менен чогуу келген күндөр болгон.

Апамдын аты – Саадат. Анын: “Мен барбай калсам эле балам жеңбей калчудай боло берет”, – дегени бар.

– Москвада өткөн бул мелдешке кандайча катышып калдың?

– Москвага спорт чебери Алмазбек Раимкуловдун сунушу менен машыгуу жана тажрыйба алмашуу максатында келип, биргеликте машыгуудабыз.

– Спорттон кийинки убактарда эмне менен алектенесиң?

– Зергерчилик жана устачылык менен алектенем.

– Негизи мушташ спорту менен алектенгендердин көбү кийин “рэкет” болуп кетет дешет?

– Мен андай жолго баруудан алысмын.