Укук коргоо орган жетекчилерине ар-кыл иш-чараларды өткөрүүдө ишкерлерден каражат чогултууга жол берилбестиги тууралуу көрсөтмө берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 20-сентябрда, өлкөнүн укук коргоо орган жетекчилеринини катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде ар-кыл майрамдык жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө ишкерлерден каражат чогултууга жол берилбестиги тууралуу катуу көрсөтмө берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жакынкы арада Жалал-Абад облусунун ИИБ атынан бизнес өкүлдөрүнө Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык юбилейин өткөрүүгө карата финансылык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен каттардын жиберилиши боюнча орун алган факты – бул ички иштер органдарынын жалпы тутумуна көлөкө түшүргөн жол берилгис окуя.

Мындай сырттан караганда жакшы максатка шылтоолонгон опузалоочу өзүм билемдиктерге тыюу салынып, катуу жазаланат. Мындан ары бул сыяктуу фактыларга жол берилбөөгө тийиш», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине бул факты боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну тапшырды.