Бала сатууга шектүүлөр кармалып, ҮБДБ жетекчилери актанууда…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Сентябрдын алгачкы он күндүгүндө катталган, коомчулуктун төбө чачын тик тургузган бала сатуу окуясы Гиппократтын антын алган врачтардын антка караганда «кантка» көбүрөөк кызыктар экенин тастыктап, саламаттык сактоо тармагынан көңүлдү үч көчкөн журттай калтырып отурат.

Акыркы маалыматтарга караганда, бала сатуу боюнча шектелген врачтар кармалып, алардын экөө эч кайда кетпөө тууралуу тил кат алынып кое берилсе, үчөө СИЗО-1ге камакка алынган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктап, бала сатууга шектүүлөргө КЖКнын «адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Жалпысынан сегиз акушер-гинеколог бул ишке катыштуу делип шектелип жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Саламаттык  сактоо  министрлигинин өкүлдөрүнүн кабарлаганына караганда, шектүүлөрдүн бири №1-үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген. Бул боюнча аталган поликлиникада териштирүү иштери башталганы белгилүү. Арийне, балдарды сатуу фактысы менен байланыштуу №1-үй-бүлөлүк борборунун жетекчилиги алардын мекемесинин аймагында бала сатуу кылмыш иши болбогонун баса белгилеп жатышат. Бул түшүнүктүү, себеби бул медициналык мекемеде төрөт жайы жана аборт жасоочу жайы жок. Андыктан, акушер-гинеколог бул жакта иштеген менен, бала сатуу ишине башка жактан аралашышы мүмкүн. Демек, аталган борбордун бул ишке катышы жок деп чырылдаганында чындык жаткандай. Анда иштеген бала сатууга шектүү акушер-гинеколог бир эле убакта жеке менчик клиникаларда да иштеген. Азырынча кайсыл медициналык мекемеде бала сатылганы белгисиз. Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө №1 жана №18-үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, ошондой эле №4-төрөтканада иштегени тастыкталды, бирок №18-үй-бүлөлүк медицина борбору да аталган медициналык мекеменин бул кылмыштуу ишке тиешеси жоктугун айтууда. Жетекчиликтин айтымында, кылмышка шектелип кармалган адам 2003-жылдан бери иштеген менен, жеке менчик клини-када кошумча иштейт экен.

Интернет сайттарынын бири укук коргоо  органдарындагы  ишенимдүү  булак шектүүлөрдүн бири мындан беш жыл мурда да бала сатуу кылмышына шектелип, бирок анда иш жабылып калганын кабарлаганын жазып чыкты.

Ырас эле, 2013-жылы Ок тябрь ИИБнын кызматкерлери тарабынан баланы уурдоо боюнча кылмыш фактысынын бетин ачканы эсибизде. Анда бала сатууга тийиштиги бар шектүү адамдардын баары кармалышкан. Баланы уурдоо фактысы 4-төрөтканада катталып, бул факт боюнча перинаталдык борбордун медайымы, аталган төрөт кананын мурдагы врачы жана Асанбай кичи районунун тургуну жана дагы бир шектүү кармалган. Бала 1500 АКШ долларына бааланганы айтылган. Ким билет, азыркы кармалгандардын бири беш жыл мурда да бала сатуу менен кармалган болсо, мүмкүн биз сөз кылган факты менен байланышы бардыр деген ой кетет.

Жалпысынан ИИМ Кыргызстандын аймагындагы киши сатуу фактысы боюнча төрт кылмыш ишин иликтеп жатканы белгилүү. Анын экөө Бишкек шаарынын Октябрь районунда катталган, экөө Баткен жана Ош облусунда болгон. Октябрь районунда катталган бала сатуу фактыларында төрөгөн аялга баланы чарчап калды деген, а чынында жасалма документтерди жасап, балдарды сатышкан. Айтымда,  ушул  жолу  тергөөчүлөрдүн врачтардын жаңы төрөлгөн балдарды са туусу боюнча кабелтең далилдери бар. Атүгүл кармалгандардын биринин машинасынын жүк салгычынан чирип бараткан түйүлдүктөр табылган. Не дегенде да, бала сатуу бул өтө оор кылмыш гана эмес, Кудай алдында да чоң күнөө. Бала саткандардын биринин жаш баласы бар экенин укканда, башкасы башка, ал кантип бала сатууга дити барды экен деп ойлойсуң.

Бала сатуу окуясы боюнча кылмыш иши козголгондон кийин, Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик ооруканаларды жана жеке менчик клиникаларды текшерип, бала сатуу фактыларын иликтөө боюнча жумушчу комиссия түзүү каралып жатат.

Эске салсак, мыйзам боюнча «адам сатуу» беренеси боюнча кармалып, жасаган иши далилденсе, кылмышкер 8 жылдан 15 жылга чейин абакка кесилет.