Президент  Сооронбай Жээнбеков: «Бизнеске тоскоол болгондорго чара көрүлөт»

Нарынкл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

Президент  Сооронбай Жээнбековдун  ишкерлер менен жолугушуусунда кыркка жакын түрдүү тармактын же-текчилери көптөн бери топтолуп калган маселелерин айтып алышты. “Мага түшкөн кайрылууларды жалпылап, бардык ишкерлерге тиешелүү көйгөйлөргө токтолоюн, – деди Президент. – Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар  ишкерге  шарт  түзүп,  жардам бергендин ордуна ар кандай текшерүүлөр менен алардын ишине кийлигишкен учурлар уланып жатат.  Бул  бизнеске  абдан  тоскоол болууда. Мага айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн, тоскоолдуктардан  тажагандыктан  иштерин жыйыштырып, башка өлкөлөргө көчүп кетип жатканы тууралуу ма-алыматтар түшүп жатат” – деди.

Мамлекет башчы бизнестин казанында кайнап, бизнестин түйшүгүн тартып  келе  жаткан  ишкерлер чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн, аларга мамлекет кандайча жардам берүүсү керектиги  боюнча  сунуштарды угууну туура көрдү. Ташып жеткирүүлөр ассоциациясынын жетекчиси Г.Ускенбаева жалпы ишкерлерди “ыйлатып” келе жаткан салык кодексинин татаалдыгына токтоло кетти. “Бүгүнкү салык кодекси ишкерлер үчүн түшүнүксүз.

Ага киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияны күчөтүп, башаламандыкты туудуруп жатат. Салык кодексин жөнөкөйлөштүрбөсө болбойт. Чакан жана орто бизнестин аны  түшүнүп,  колдонуусу  өтө кыйын. Аны турмушта пайдалануу үчүн атайын адисти жалдаш керек болууда. Бул багытта революциялык чечим кабыл албасак болбой калды”, – деп айтты.

Туризм тармагынын көйгөйлөрү Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери чечиле элек. Эң башкысы, мамлекеттин туризм саясаты жетик иштелип чыкпагандыгында. Туризм тармагынын статусу 17 жолу, ал эми жетекчилери 23 жолу алмашылды. Туризм тармагы кайсы бир жылдары социал-дык түзүмдөргө, бирде экономикалык блокко өткөрүлүп, түрткүнчүк абалда келе жатат. Акыркы жыл-дары  туризм  департаментине  8 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Мунун жартысы ал жерде иштегендердин айлык маянасына кетет. “Туризм – түтүнү жок завод”, “Кыргызстан – туризмдин өлкөсү” деген ураандарды көтөрүп, артыкчылыктуу тармак катары карап жүрөбүз. Бул тармактын ишкерлери менен Өкмөттүн алакасы көп жылдардан бери жокко эсе.

“Биздин көйгөйлөрүбүздү маалымат каражаттарынан башка тармак укпай жатат. Кыргызстан туризми өнүккөн мамлекеттердин катарына кире албаган бойдон калууда. Айталы, Кыргызстанга болгону төрт эл аралык авиакомпаниянын каттамы ачылганы буга дадил. Бизге туристтерди алып келип жаткан өнөктөштөрүбүз быйылкы жылы жалгыз вертолётубуз кулап сынып калганда алар: “Сиздер биздин экстремалдык спортчуларыбыз кырсыкка кабылып калса кайсы унаа менен ташыйсыңар?“ – деп сурашты дейт, жыйындын катышуучусу В.Комиссаров. Өлкөбүздүн 95 пайызы тоолуу болгондуктан машине менен барууга мүмкүн болбогон жерлер көп.

Бүгүнкү күндө тигүү тармагында кадрлардын тартыштыгы чоң көйгөйлөрдүн бири. Тигүүчүлөрдүн Россияга жапырт кетишинен аталган  тармактын  ишкерлери  кыйналып жатышат. Бирок алардын Россиядан алган эмгек акысы бул жактагыдан көп эмес. Анда алар эмне  үчүн  кетип  жатышкандыгын иликтеп көрүшкөн. Көрсө, бул жактагы тойашка алып баруучу кыргыздын кошумчалары акча чогултууга мүмкүндүк бербейт экен. Ошондуктан  Россиядан  каражат топтоп келип, турак-жай сатып алуу үчүн кетип жатышканы дайын болду. Ушуга байланыштуу мамлекет тигүүчүлөргө алдын ала төлөмсүз ипотекалык кредиттерди берүү сунушу айтылды. Бир жамаатта орточо эсептегенде алтымыштай адам эмгектенсе ишкер баарынын турак-жай маселесин чечүүгө алы жетпейт. Мындай колдоону мамлекет салыкты убагында төлөп, ачык иштеген тигүү ишканаларына жайылтса деген пикирин Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы С.Асанов билдирди.