Улуттук ишкерлер клубунун төрагасы Сергей ПОНОМАРЕВ: “Бизнеске чыныгы камкордук башталды”

Мамлекет башчы менен болгон жолугушууда бизнес мыйзамга туура келбеген ыксыз текшерүүлөргө туш болуп жатканы айтылды. Жерибизде мунайзат же газ байлыктары жок. Өнөр жай тармагы көтөрүлө албай жатат. Экономиканын 40 пайыздан ашыгын чакан жана орто биз-нес түзүп келүүдө. Андай болгон соң ушул секторго чындап колдоо көрсөтүү керек эмеспи. Президенттин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдында Өнөр жай жана ишкерлик комитетин түзүү тууралуу пикири мага абдан жакты. Сооронбай Шарипович бизнести колдоону, мамлекеттик органдардагы бюрократиялык кесепеттерди жоюуну жеке өзүнүн көзөмөлүнө ала баштаганы көп ийгиликтерден үмүттөндүрүп жатат. Мен атамекендик бизнеске болгон чыныгы камкордук эми сезиле баштады деп ойлойм.