Эмгек кодекси сакталбаса, укуктук мамлекет болгонубуз кайсы?

«Кыргызстанда эмгек кодекси иштебейт, -деп билдирди «Кабар»агенттигинде өткөн
маалымат жыйынында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рысгүл Бабаева.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы буга чейин көңүл бурулбай келген укуктук жана социалдык өтө талылуу маселени кабыргасынан коюп жатат. “Азыркы учурда
тигүүчүлөр, соода тармагында иштегендер 12-14 сааттан иштейт. Бул жерде ачык эле иштөөгө мажбурлоо жүрүп жатат. Айлыкты болсо конверт менен беришет. Эмгек кодекси иштебейт. Атургай патентик система менен иштеп жатышса дагы айлыкты ачык беришпейт, ооруп калса ал күндөргө төлөнбөйт”,- деди ал. Ойлонуп көрсөк мунун ар жагында көп нерселер катылып жатканын байкайбыз. Көпчүлүк жеке менчик ишканалар Эмгек кодексин уруп да коюшпайт. Эл жумушсуздуктун айынан алар 18 саат иштейсиңер десе деле макул.Ал эми айлыкты ачык берели десе Соцфондго, салыкка көбүрөөк акча төлөп калышат. Буларга Эмгек китепчеси деле жазылбай, ал иштеген күндөрү текке кетет. Же болбосо “конверт” менен берилгендиктен айлыгынын жарымы гана “ак айлык” катары эсептелинип, соцфондго жарыбаган акча которулат. Анткени эмгек келишимин түзгөндөн жеке ишканалар, көбүнчөсү кафе- ресторандардын ээлери жаа бою качышат. Себеби, Эмгек кодекси боюнча социалдык жактан бир катар милдеттенмелер мойнуна илинип калышы мүмкүн. Анын ичинде бүткүл дүйнө кабыл алган 8 сааттык жумуш күнү да бар. Ошону менен бул жарылууга мезгили келген, ичи ириңге толгон шишиктей эле социалдык, укуктук татаал маселе. Бул маселени чечпесек көмүскө экономика гүлдөй берет, жарандарыбыздын укугу бузула
берет. Көңүл бурбасак болбойт го?!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу