Кашайган Бакиев саатты да жылдырбай безип кетиптир…

Балакеттүү Бакиев Кыргызстандын саатын алдыга жылдырган бойдон качып кетиптир. Аны байкабай жүрө берип, ачыктан-ачык кесепетин тартып жатыптырбыз. Бул тууралуу атайы Баткенден келген, кесиби тиш доктур Нурали Койлубаев айтып жатат. “Бул маселени жогорку жактарга “коюп эле жатам, кокуйлап эле жатам, уйкуңарды ачсаңар боло деп жатам, деле угайын деген бирөө жок”,- дейт ал.

Анан бу Нурали акебиз абдан кызык киши экен. Адатта журналист суроо берчү эле, тескерисинче мага суроо бере баштады.
— Уйкуңуз канып атабы?
— Ой, уйкумда эмне ишиңиз бар, келген жумушуңузду айтпайсызбы?
— Жумушуңуз эчеде башталат?,-дейт көшөрүп.
— Ммм…Элдей эле 9да башталат…
— Көрдүңүзбү тогузда экен…Небереңиз бала бакчага саат жети жарымга же сегизге барат да ээ? Уйкусу канбай, тургусу келбей ыйлап, араң барып жаткандыр…
Мурунку күнү эле акын-жазуучу Э.Өскөналиевдин “Кудай сүйгөн Куйручк” деген китебин окуп, ал кишинин олуялыгына аябай таасирлендим эле, бул баарын көрүп тургандай “көзү ачык” маектешим мени кызыктырып турду. Анткени бардык сөзү чын болчу.

— Редакцияга эмне маселе менен келдиңиз эле?

— Биздин саатыбыз 2006-жылы баягы Бакиев заманында табигый нормадан бир саат алдыга жылдырылган. Ошону менен унутулуп, кыргыз калкы бир саат турмуш-тиричиликке шашып жүрөбүз. Биологиялык саат деп коет. Адам менен табият байланышында мунун мааниси зор. Натыйжада жаш балдардын уйкусу канбай калып жатат. Бул балдардын ден соолугуна тескери таасирин тийгизет. Себеби уйкусу канбаган баласын ой-боюна койбой ойготкон ата-эне зордоп тамактандырат. Мунун баары стресс, неврозду пайда кылат. Ошону менен бала гана эмес, балдарын бала бакчага, мектепке жөнөтүп жаткан ата-энелер да стресске кабылып жатышат. Ал эми таң атпай ишке келген чала уйкулуу мугалимдерди, тарбиячыларды айтпай эле коелу.
Кептин баары элдер балдарын чыркыратып бала-бакчаларга сүйрөп баратышканы менен саатка маани бербей жатканында.
Бирок, бу чоңдорун куу! Жандарын бакканды билишет. Бардык мекемелер иштөө убактысын саат 9га же 9.30.га коюп алышкан. Уйкусун кандырып алышып анан чыгышат жумушка. Ал эми мектептер, бала-бакчалар таңкы саат 7ден баштап иштейт.
Ошону менен 2006-жылдагы алдыга жылдырылган сааттын азабын
балдарыбыз тартып жатышат. Аны ойлогон киши жок.

— Мына тамаша…А коңшу мамлекеттерде кандай?

— Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда саат артка жылбай калган. Өзбекстан, Тажикстан бизден бир саат артта жүрүшөт. Балдарын бизге окшоп таң ата электе мажбурлап тургузбайт. Шашпай уйкусу канганда ойгонгон балдардын ден соолугу таза, көңүлү көтөрүңкү болот. Ичтейи ачылып, тамакты да жакшы жешет. Сабакка, бала бакчаларга көңүлдүү барышат.
Ата-эне деле ошол. Ашыкпай, карбаластабай, уйкусу канбай бала бакчага, мектепке кеткен балдарын ойлобой, жакшы эс алып жумушуна жөнөйт. Мунун баары тамаша эмес. Биологиялык саат туура келбей, улуттун ден соолугуна доо кетип жатат деген сөз.
Дүйнөдө саат түгүл, секундага чейин чоң маани берилет. Тегин жеринен 1931-жылы Европада саат алкактары боюнча акыркы чечим кабыл алынган эмес. Анда дүйнө окумуштууларынын катышуусу менен ааламдын ар бир алкагынын убактысы, биологиялык сааты такталган.
Бул боюнча илимде талкуулар дагы эле уланып келет. Мен 1989-жылы Ереванда өткөн чоң форумда илимдин доктору К.Петросяндын саат боюнча окуган лекциясын угуп, адам үчүн биологиялык сааттын өтө маанилүү экендигине ынангам. Ал Советтер Союзундагы электр энергиясын үнөмдөө максатында саатты алдыга-артка жылдыруунун кесепеттери тууралуу далилдер менен айткан болчу.
Демек, саатыбызды бир саат артка жылдырып, биологиялык табигый саатка өтпөсөк, балдарыбыздын уйкусу канбай, өзүбүз деле жакшы эс албай азап тарта беребиз.

Нурали Койлубаевдин айтканында данек бар. Бул маселе боюнча Өкмөт ойлонуп көрбөсө болчудай эмес. Чын эле учурунда артка жылдырылбай, унутулуп калган сааттын биологиялык убактысын ордуна койбосок уйкубуз ачылбай, көзүбүздү ушалап коюп жүрө берет окшойбуз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”