Азамат БУРЖУЕВ: «Электрондук система мекемеге да, жарандарга да ыңгайлуу»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Мамлекеттик маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат БУРЖУЕВ менен маек.

– Азамат мырза, “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамле-кеттик ишканасынын ишмердүүлүгү туурасында айтып берсеңиз?

– “Түндүк” долбоорунун алкагында Мам-лекеттик маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин алдындагы “Электрон-дук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасы быйылкы жылдын апрель айын-да Өкмөттүн токтомунун негизинде ачылган. Борбор ачылгандан тартып мамлекеттик комитеттин алдында иш алып барат. Бул электрондук система Кыргызстанга Эстония мамлекетинен акысыз берилген. Ишкана мекемелердин өз ара маалымат алуусу боюнча иш алып барат. Азыркы мезгилде аталган электрондук системага 20га жакын мамлекеттик мекеме кошулган. Электрондук автоматташтырылган системага келечекте бардык ишканалар, мекемелер өтүшөт. Электрондук система аркылуу бардык маалыматтардын жүрүшү үчүн атайын адаптер жасалы-шы керек. Андан кийин гана мекемелер өз ара байланышып, керек маалыматты алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда 8 мамлекеттик мекеме бири-биринен зарыл маалыматты ала алышат. Салык, бажы, мамкаттоо кызматы, ФОМС жана башка мекемелер. Мисалы, кайсы бир жаран аты-жөнүн өзгөртсө, ал автоматтык түрдө салык кызматына, ИИМге, соцфондго барып түшөт. Бул система аркылуу аталган мекемелер жарандын өздүгүн тактаган маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты ала алышат.

– Электрондук өз ара аркеттенүү мекемелерде колдонула баштагандан тартып натыйжасы кандай болууда?

– Электрондук өз ара аракеттенүү мамлекеттик мекемелердин иш кагаздары менен иштөөсүндө абдан эле жеңилдиктерди алып келет. Жеке жарандарга да ыңгайлуу. Мунун жарандарга ыңгайлуулугун маалым катты алуудан улам билсек болот. Жарандар бир мекемеден экинчи мекемеге талап кылган маалым катты тапшырышат. Мисалы, жаран мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн салык кызматынан жана соцфонддон карызы жок экендиги тууралуу маалым кат алып келиш керек. Жаран ал мекемелерге барып убакыт коротуп, кезекке туруп анан алып келет. Биз муну автоматташтырылган системага киргиздик. Система сатып алууларга катыша турган жаран боюнча салык кызматынан жана соцфонддон маалыматты оңой эле ала алат. Каржы министрлигинин алдында мамлекеттик сатып алуулар багытында иш алып барган департамент бар. Алар керек маалыматты автоматташтырылган система аркылуу оңой алышат. Мисалы, алар кайсы бир ишкананын сатып алууга катышып жаткандыгын текшерүү үчүн ошол системага ал ишкананы “жазып, текшерүү” деген кнопканы басканда эле ал ишкананын карызы барбы же жокпу өзү эле чыгып калат. Ал жооп электрондук кол менен бекитилип, маалымат так көрсөтүлөт.

– Мындай электрондук система башка өлкөлөрдө да барбы?

–  Эстонияда  бул  долбоорду  ишке киргизүүнү 2003-жылы эле башташкан. Ал эми Орусияда 10 жыл мурда ишке киргизилген. Алар бул системаны өнүктүрүп келатышат. Бизде бул системанын учурдун талабына жооп берген жакшыртылган 6-версиясы иштеп жатат. Маалыматтык технология мезгилдин талабына жараша өзгөрүп, жаңыланып турат. Бул системанын 1,2,3,4,5-версиялары да чыккан. Мамлекетибизде 2-3 жылдын ичинде бардык мекемелер жаңы системага кошулат деп ойлойм. Алар кошулгандан кийин кайсы бир мекемеден керек маалыматты алууга жакшы шарт түзүлөт.

– Бул система республиканын башка аймактарында колдонулуп жатабы?

– Мекемелелер кошулгандан кийин бардык регион өзүнөн-өзү камтылат. Эгер салык кызматын ала турган болсок, бардык облустарда анын бөлүмдөрү бар. Алар Бишкектеги  борбордук  компоненти  аркылуу биздин системага кошула алышат. Андыктан биздин кызматкерлердин облустарга баруусунун кажети жок. Салык кызматынын борбордогу электрондук системасы аркылуу байланышып, керек маалыматты алса болот.

– Кайсы бир мекемеге сиздер тараптан берилген маалыматтын негизиндеги документ юридикалык күчкө ээ болобу?

– Биз кайсы мекемеге маалымат бербейли ал мыйзам чегинде такталган гана маалыматтар болот. Биздеги ар бир суроо-жооп электрондук кол коюу менен бекитилет. Андыктан биз мекемелерге берген маалыматтын негизинде берилген маалым кат же кайсы бир документ юридикалык күчкө ээ болот. Биз аркылуу берилген маалыматты сотто жана башка талап кылган мекемелерде колдонсо болот. Буга мыйзам уруксат берет. Ошондуктан мамлекеттик мекемелерди бул электрондук системага кошуп жатабыз. Жарандарга биз маалымат бербейбиз. Биз кайсы бир маселе боюнча маалыматты талап кылган мекемеге жиберебиз. Ал эми жаран эки-үч мекемеге кайрылып отурбай, бир эле мекемеден керек  маалыматын  ала  алат.  Биздин  борбор мамлекеттик мекемелерди бири-бирине маалымат алуу үчүн кошкону менен алар өз ара кандай маалымат алып жатканын көрө албайбыз. ИИМде картотекалар маалымат базасына киргизилип жатат. Декабрь айынан тартып  бул  системага  кошулса,  жарандар  кылмышка  тартылганы  же  тартылбаганы  тууралуу  маалыматты  да  ИИМге барып, кезек күтүп отурбастан жеңил эле сураган мекемеден электрондук өз ара аракеттенүү система аркылуу эле алып калышат. Андыктан “Түндүк” долбоорунун алкагындагы бул ишкананын ишмердүүлүгү  келечектүү  деп  айтсам  жаңылышпайм.