Депутат: «Жол коопсуздук маселесин чечпесек эл парламентке, өкмөткө ишенбей калат»

Жол коопсуздук маселесин чечпесек парламентке, өкмөткө эл ишенбей калат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Ал коомчулукта күн сайын жол коопсуздук маселеси көтөрүлүп жатканын белгилеп, бирок бул көйгөй чечилбей жатканын айтты.

«Бул маселени өкмөт билет, бирок коопсуз шаар долбоору ишке ашпаганын сот болуп жатат, каражат жок деп шылтоолоп келишет. Каржы министри кечээ 300 миллион сомду ипподромду курууга бөлүп жатканын айтты. Ооба, оюндар керек, туризмге пайдасы бар. Бирок учурда биринчи көйгөй жол коопсуздугу болуп турат. Коомчулук нааразы болууда. Кайда барсам ошол маселени көтөрүп жатат. Уят эле болуп жатабыз. Чыгашаны туура коротуу керек. Бул маселени тез арада чечишибиз зарыл», — деди ал.

One thought on “Депутат: «Жол коопсуздук маселесин чечпесек эл парламентке, өкмөткө ишенбей калат»

Комментарии закрыты.