Министр Эрлан Абдылдаев: «Дүйнөнүн 153 мамлекети менен дипломатиялык алака-катышыбыз бар»

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Тышкы иштер министрлиги – Кыргызстандын сырттан келген ким гана болбосун        эң биринчи ачаар эшиги, аттай турган босогосу. Ошол эле учурда алакандай элибизди ааламга таанытып алака түзүп, эл аралык мамилелерибизди чыңдап, колубузду узартып жаткан, чет өлкөлөргө чыккан жарандарыбызды, жүз миңдеген мигранттарыбызды канатына калкалаган дагы ушул министрлик. Бир сөз менен Кыргызстандын жүзү. Ага жараша жоопкерчилиги да абдан жогору. Белгилей кетсек аталган министрлик – дипломатиялык кызмат системасында, визалык тейлөө көрсөтүүдө, сырттагы жарандарыбыздын укугун коргоодо, алдыңкы электрондук маалымат технологиясын колдонуу менен ыкчам иш алып барып жаткан бирден бир мамлекеттик мекеме болуп саналат. Буга ушул жумада министрлик тарабынан журналисттер үчүн уюштурулган “Ачык эшик күнүндө” күбө болдук.

Тышкы иштер министрлигинин минтип эшигин кенен ачып, эмне иш жасап жатканын элге ачык айтып атканы колдоого ала турган саамалык. Жыл соңуна да жакындап баратабыз. Айрыкча быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жылында” тиешелүү министрликтер, ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү эмне иш аткарганга үлгүргөндүгүн ТИМ сыяктуу элге айтып берсе, андан кичирейип калышпас эле.

Кыргызстан Россияны “Миграциялык амнистия” жарыялоого чакырат

Алгач ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин иши менен тааныштык. Бул департаментке чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбыздын укугун коргоо, аларга консулдук кызмат көрсөтүү милдети жүктөлгөн. Айрыкча Россия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттарыбыз менен түздөн-түз иш алып барып жаткан, эгерде биздин жарандарыбызга байланыштуу кандайдыр бир күтүүсүз окуялар болсо, аларды укуктук колдоо жана алардын кызыкчы-лыгын коргоо үчүн чукул чараларды көргөн мамлекеттик мекеме ушул.

Учурда департамент Россиядагы “кара тизмеге” кирип калган жарандарыбызды бул тизмеден чыгаруу үчүн чоң иштерди алып барууда. 2017-жылы “кара тизмеге” кирген жарандарыбыздын саны 106 миң болсо, бүгүнкү күндө 70 миңи калыптыр. Башкача айтканда 36 миңге кыскарган.

Учурда ТИМ тарабынан Россиянын аймагындагы миграция мыйзамын анчалык орой бузбаган Кыргызстандын жарандарына карата “Миграциялык амнистияны” колдонуу тууралуу тиешелүү документтер иштелип жатыптыр.

Ардактуу консулдардыниши арбын

Кыргызстан соңку мезгилдерде Ардактуу консулдук өкүлчүлүктөрүн ачуу жолу аркылуу чет өлкөлөрдөгү консулдук географиясын дагы кеңейтүү багытында бир катар кадамдарды жасаган. Алсак, 2017-жылы Россиянын Томск, Түштүк-Сахалин, Уфа шаарларында,  Казакстандын  Костанай, Армениянын Бюргеван шаарларында Кыргызстандын Ардактуу консул өкүлчүлүктөрү ачылган. 2018-жылы туристтик мезгилде Кыргызстандан эмгек мигранттары көп келгендигине байланыштуу Түркиянын Анталья шаарында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун бөлүмү уюштурулган.

Быйылкы жылдын март айында Бишкек шаарында Эл аралык миграция уюмунун офиси менен ТИМдин ортосунда кызматташтык тууралуу Программага кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстан чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган жарандарын өз мекенине чыгарып кете алат. Ушул Программанын көмөгү менен Кувейттен жана Россиядан бир катар мекендештерибизди кайтарып алыптырбыз.

Паспорт алуу мөөнөтү кыскарыптыр…

Консулдук тейлөө көрсөтүү кызматынын сапатын жогорулатуу максатында заманбап электрондук технологиянын киргизилиши, ТИМдин колун кыйла узартып коюптур. Тагыраак айтканда, 2018-жылы “Паспорт”, “ЗАГС” автоматташтырылган маалымат системасы киргизилип, анын натыйжасында паспорт алуу жана жарандык актыга туруу мөөнөтү 3 айдан 2 жумага кыскарган. Же болбосо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызга Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, консулдуктарына кайрылуу менен паспорт алуу, никеге туруу маселелерин чукул мөөнөттө чечип алууга толук шарт түзүлгөн. Мындан тышкары жылдын аягына чейин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде “Жарандык” жана “Консулдук эсепке туруу” автоматташтырылган системалары ишке кирмекчи. Ага ылайык чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыз интернет аркылуу акысыз Консулдук эсепке тура алышат.

Электрондук виза ишти эртелетет

ТИМ 2017-жылдын 1-сентябрынан тар-тып чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук виза берүү системасын жүзөгө ашырган. Бул Кыргызстанга келүүнү каалаган биз-несмендер жана туристтер үчүн оң шарттарды түзгөн. Фактыга кайрылсак, 2018-жылдын сентябрь айына карата 28 миң адамга электрондук виза берилген. Ал эми Консул-дук кызмат департаментинин документтерди кабыл алуу борбору “Бир терезе” принцибинде иш алып барып, бир күндө 300гө жакын кардарларды тейлейт.

«Маариф» фонду Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш алып бармакчы

Журналисттер Пресс-турдун алкагында Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев менен жолугушуп бир катар суроолорубузга жооп алдык.

Министр Э.Абдылдаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси дагы 10 пайызга чечилгенин билдирди. Белгилүү болгондой эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесинин 85 пайызы че-чилип, 15 пайызы калган болчу.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда өз ара түшүнүшүү бар. Акыркы сүйлөшүүлөрдө айрым участоктор боюнча келишимге жетиштик. Кайсы участоктор экенин азыр айталбайм. Бирок 10 пайызына чейинки иштер аяктап, сүйлөшүү тобу тарабынан тиешелүү документтер жасалып жатат. Бул узакка созула турган процесс. Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча айтсам, быйылкы жылы вице-премьерлердин деңгээлинде эки жолу, комиссиянын деңгээлинде 3-4 жолу сүйлөшүүлөр болду. Жылыш бар”, — деди ал.

Соңку мезгилде Түркиянын “Маариф” фондусу тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Журналисттердин бул тууралуу берген суроосуна министр мындай деп жооп берди: “Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен “Маариф” фондусунун ортосунда кол коюлган документ-меморандумда  баары  так  жазылган.  Биз өзүбүздүн мыйзамдарга ылайык иштешүүгө даярбыз жана Түркия Республикасы менен гана эмес, бардык өлкөлөр менен маданий-гуманитардык, билим берүү тармактарында кызматташтыкты колдойбуз. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 153 мамлекети менен ар тараптуу дипломатиялык алака-катышыбыз, кызматташтыгыбыз бар”, — деди министр.

“Айта кетүүчү нерсе билим берүү тармагы абдан сезимтал тармак. Бардыгы Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына, өзгөчө билим берүү программасына ылайык жүргүзүлүшү керек. Кыргыз тарабы ушул багытта иштешүүгө даяр”, — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары министр Э.Абдылдаев Казакстанга кыргыз элчиси ушул жылдын аягына чейин дайындалары, ошондой эле улуу жазуучу жана дипломат Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чет мамлекеттерде бир катар маанилүү иш чаралар уюштурулганы жана жазуучунун мааракеси өзүбүздө эң жогорку деңгээлде белгилене тургандыгы жөнүндө да айтып өттү.а