«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1 жана – 2» долбоорлорунун жалпы жыйынтыктары

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1 жана – 2» ири долбоорлорун ишке ашырууга 2013-жылдан тартып 2019-жылга чейин убакыт камтылган. Алар Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду (ИФАД) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланууда. Долбоорлорду ишке ашыруу эки аймакта жүрүп жатат. Биринчиси Ысык-Көл, Нарын облусун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун камтыса, экинчиси Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыйт.

Жайыт пайдалануучу бирикмелерди колдоо

Долбоордун аракеттеринин бири – жайыт пайдалануучу бирикмелердин кичи долбоорлорун ишке ашырууга гранттык жардам  катары  1  миллиард  сом бөлүп берилген. Жергиликтүү коомчулук берилген каражатты кай-да жумшоо ну өзү чечкен. Ошол эле учурда, кичи долбоорлордун баасынын 25 пайызын өздөрү чыгарышкан – акча, жумуш же материал түрүндө. Эми бульдозер, экскаватор же трактор сатып алып, койлордун жүнүн кыркуучу көчмө пункттарын же сууга түшүрүүчү мончолорун курушуп – жайыттардын абалын жакшыртуу же малдын саламаттыгын көзөмөлдөө  зарыл  көйгөйлөрүн алар өз алдынча чече алышат. Мисалы,  Алай  районундагы  Гүлчө айыл аймагында 250 гектар жайыт-ты коруунун натыйжасында кышка тоют дайын болуп, миллион сом үнөмдөлдү. Мурда болсо чөптү мал тебелеп салып, сатып алууга туура келчү.

Айта кетүүчү нерсе, Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүктү алгандан бери жайыттардын абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бол-гон эмес. Бирок бир нече жылдын ичинде донордук жардамдардын аркасы менен көптөгөн каражаттар жумшалган.

Бүгүнкү  күндө  түзүлгөн  454 Жайыт  пайдалануучулар  бирикмелери бекем пайдубалга ээ. Жергиликтүү бийлик менен бирге он жылдан бери жайыттарды башкарып келишет. Долбоорлордун колдоосу менен Жайыттар департаменти тарабынан жыл сайын алар  үчүн  окутуулар  өткөрүлүп турат.

Жайыттардын чек аралары

Долбоордун  башкы  салымынын бири – жайыттардын чек араларын демаркациялоо жана картага түшүрүү болду. Мурда чек аралар так болбой, талаш учурларды жаратчу. Жайыт комитеттерине электрондук түрдө иштелип чыккан жайыт карталары таратылып берилген. Аларды колдоно билүүсү үчүн Google Earth программасы жана GPS-шаймандар менен иштөө боюнча окуулар өткөрүлгөн. Картага түшүрүү жайыттарды натыйжалуу башкарууга жана сарамжалдуу пайдаланууга – алардын абалын жакшыртып, малды жаюу графигин карманууга мүмкүнчүлүк берди.

Аба ырайын эрте кабарлоо системасы

Долбоорлордун  жардамы менен Кыргызстанда аба ырайын жана коркунучтуу гидро-метеорологиялык кубулуштарды эрте кабарлоо системасы киргизилет. Система аба ырайын реалдуу убакыт режиминде божомолдоп, маалыматты спутник, метеорологиялык  борбор,  автоматтык  метеорологиялык станция аркылуу фермерлерге жеткирет. Мына ушунун негизинде, фермерлер жайыттарды пайдалануу графигин жана агротехникалык  иш-чараларды пландоо, ошондой эле ветеринардык  алдын-алуу  жана  мал  кармоо  иш-чараларын  жөнгө  салуу

үчүн аба ырайынын божомолун 10 күнгө эрте алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эрте кабарлоо системасы аркылуу мал чарбачылыгынын жана жайыт чарбасынын климаттын өзгөрүүсүнө  даярдыгы  аныкталып, айыл чарбасынын климаттын  өзгөрүлүшүнө  туруктуулугу жана адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнүн айыл чарба өндүрүшүнө жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу күтүлөт.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо

Муктаж фермерлерди үрөн менен колдоо – Долбоор-дун өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кошкон дагы бир көрүнүктүү салымы. Күздүк арпанын 700 тоннага жакын күбөлөндүрүлгөн үрөнү Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түзүлгөн 104 Коомдук үрөн фонддоруна тапшырылып берилген. Фонддордун өнүгүшүнө  Жайыт  комитеттери жооптуу  –  болсо  Жайыт  пайдалануучулар бирикмелеринин институционалдык өнүгүшүнө шарт түзөт.

Ветеринарларды колдоо

Жайыт жерлеринин абалы жайыла турган малдын ден соолугунан да көз каранды. Андыктан Долбоор республиканын ветеринардык кызматын да колдоого алды.

Негизги басым жеке ветеринарлардын мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга жасалды – аларга гранттык негизде шаймандар топтому жана эки жакка чыгууда мобилдүү каражаттар – мотоциклдер берилди. Бардыгы Долбоор аркылуу 700гө жакын мотоцикл сатылып алынган. Өзгөчө кубандырган нерсе – мындай жабдууну алгандардын арасында айымдар да бар.

Жеке ветеринарларды мобилизациялоо жана колдоонун жыйынтыгында мал доктурлардын саны 2600гө жетти. Дал ушунча адис азыркы учурда Кыргызстандын Ветеринардык палатасында каттоодо турат.

Эхинококкоз менен күрөшүү

Жеке  ветеринарлардын жардамы менен эхинококкоз менен күрөшүү программасы жүргүзүлүүдө. Саламаттыкты сак-тоо министрлигинин маалыматы боюнча, эл арасында бул ооруну жуктуруп алгандардын саны бир аз азайганы байкалууда. Ветеринария илимий-изилдөө институтунун маалыматына караганда, иттердин эхинококк жуктуруп алуусу да төмөндөгөн.

Иттер тууралуу бардык маалымат Долбоор тарабынан атайын иштелип DOGs электрондук маалымат базасында сакталып турат. Аты, жынысы, иттин идентификациялык номери, ээсинин аты жана эң башкысы дегильминтизациялоо өткөрүлгөн күндөр – мунун баары аталган программада жазылат. DOGsтун жардамы менен Ветеринардык инспекцияга эхинококкоз боюнча  кырдаалды  көзөмөлдөө жана  анализдөө  жеңил  болуп калды.

Бруцеллез менен күрөшүү

ИФАД  жана  башка  донорлор тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун баары бири-бири менен өз ара байланышта. Бруцеллез  менен  күрөшүү  программасы «Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен башталып, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1» долбоорунун арты  менен  уланды.  Долбоорго тартылган аткаруучу уюмдардын биргелешкен  иш-аракеттеринин жыйынтыгында, дагы бир олуттуу натыйжага жетишүүгө мүмкүн болду  –  2017-жылы  калк  арасында  бруцеллез  менен  ооруган адамдардын саны дээрлик 5 эсеге кыскарган.

Ветеринар кадрлардын жетишпегендигин кыскартуу

Ветеринардык  кызмат көрсөтүү жеке менчик болуп калганы мал ээлерине белгилүү. Ал эми «Мал чарбасын жана рынокту  өнүктүрүү»  долбоорунун колдоосу менен ал мыйзамдуу негизге өткөн. Буга карабастан жаш ветеринар кадрлардын жетишпегендиги дагы деле көйгөй жаратып келет.

Долбоордун  жардамы  менен  2019-жылы  агрардык  университеттен  100дөн  ашуун  бүтүрүүчү  ветеринар  кесибине  ээ болуп  чыгат.  Алар  профессионалдык  жолун  өз  айылдарынан башташат.

Жаңы «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору

Айыл чарба азыктарын рынокко чыгаруу – көп баскычтуу жана убакытты талап кылган процесс. Долбоор өзү камтыган аймакта  мал  чарбачылык  жана өсүмдүк азыктарын өндүрүүдө кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүгө жардам  берет.  Жогорку  кошумча баасы менен азык-түлүктөрүн өндүрүү  дайыма  пайдалуу.  Андыктан, бул багыт таасирдүү болуп, Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан каржыланган  башка  «Рынокторго  чыгууну  камсыздоо»  долбоорунда өрчүтүлөт.

Бул  долбоор  Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация  министрлигинин  Айыл-чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, Мамлекеттик ветеринардык инспекция жана АРИС тарабынан аткарылып, агробизнес, айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн күчүн бириктирет.

Бирге умтулуу, алдыдагы милдеттерди  түшүнүү  жана  үзүрлүү эмгек гана алдыга коюлган максаттарга  жетүүгө  ишеним  берери шексиз. Муну «Мал чарбасын жана  рынокту  өнүктүрүү  »  долбоорлору  иш  жүзүндө  далилдей алды.