Акча десе адыраңдаган айдоочуларды ким тыят?

http://kyrgyztuusu.kg/?p=14982
Бишкек коомдук транспортко жарыбай койду, жаңы мэр жаңыча мамиле кыла алабы?

Шаардын  тургуну  катары Бишкек шаарынын коомдук транспорт маселеси мени да көп ойлонтот. “Айтыла турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” дегендей, бул макалада шаардыктардын орчундуу көйгөйү тууралуу ойлор айтылыптыр. Мен борбор калаанын жолдорунда ызылдаган маршрутка-лардын ордуна бардык каттамдар-да жүргүнчүлөр үчүн ылайыкталган заманбап, кенен, жарык жана жаңы шаардык муниципалдык автобустардын катташын каалар элем жана мэриядан ошону талап кылам.

Менимче, бул өтө деле көп кыйынчылыкты талап кылбайт. Болгону ал үчүн Бишкек шаарынын коомдук транспорт саясатын иштеп чыгып, борбор калаанын транспорт паркын жаңылоо гана керек. Бул – убакыт маселеси.

Эгер, мэрия бул багытта ырааттуу иш алып барса, ашып кетсе, эки-үч жылда коомдук муниципалдык транспорт  маселесин  чечип  кое алмак. Муну менен тар, кир, түтүн жыттанган, май сасыган маршруткалардан шаардын көчөлөрү арылып, шаардын жолдорундагы жүк азайып, тыгындар азаймак, эң башкысы шаардыктарды жана шаардын меймандарын тейлөө жакшырмак.

Эмне үчүн тейлөө маселесине басым жасап жатам? Анткени, акча десе атасына да ороңдогон айдоочулар маршрутканын салонуна мал салгансып, жүргүнчүлөрдү “жүктөп” алганы  аз  келгенсип,  маршрут-каларды  адыраңдатып  айдашат, атасындай-апасындай  кишилерге ороңдоп мамиле жасашат. Мектеп окуучуларын сөгүп-сакканы, кагып-силккени мындай турсун, кол көтөрүп жибергенин көрүп калып жүрөбүз.

Өткөндө эстен кеткис бир окуя болду.  Үйгө  бир  аз  азык-түлүк: эт,  май,  күрүч  алып,  Киргизия-Щербакова көчөлөрүнүн кесилишинде  203-маршрутканы  күтүп, балам экөөбүз 3 саат турдук. 4-5 маршрутка өттү. Бири да токтогон жок.  Маршрутканын  салонунда жүргүнчүлөр жык толуп алса бир жөн, бош эле токтобой өтүп жатышты. Акыры алтынчы болуп өтүп бараткан 203-маршрутка токтоду эле, маршруткага түшүп, эми “үх” деп алгыча болбой: “Эмне жүгүңөр бар, кайда барасыңар?” – деп сурады айдоочу. “Эт-аш, “Жал” кичирайонуна” десек: “Анда түшүп калгыла”, – десе болобу. Маршрутканын ичи толо элден уялганыбызды айтпа.

Эгер, 203-маршрутка жүргүнчү салгысы келбесе, анда бул каттамда  эмнеге  эл  ташыйт?  Эл  ташыбай эле үйүндө жата бербейби. Бул көрүнүш 203-каттамдын айдоочулары акчага көпкөнүн билдирет деп ойлойбуз. Булардын мындай көпкөнчүлүгүнө көп эле күбө болуп келата-быз. 203-каттамдын бир башы шаардык 4-оорукана  болсо, бир башы “Дордой” базары.  Кайсы  тарабына  болбосун жүргүнчүлөр  дайыма  жык  жүрөт.

Анан акча десе атасын тааныбаган айдоочулар “Дордой” тарапка  бараткан жүргүнчүнүн  ар биринен 12 сомдон алса, “Дордойдон” шаарга  бараткан жүргүнчүдөн  50 сомдон  алмай адаттары бар.

Кыскасы, бул каттамдын  айдоочулары  өз-дөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө  илип алышкан. Анан ушундан соң, шаарга 203-каттамга окшогон акчаны гана ойлогон, чиренген  каттамдардын  кереги барбы деп ойлойсуң. Бул боюнча  Бишкек  шаардык  транспорттук башкармалыгы тийиштүү чара көрөт деп ойлойбуз. Ырасында, мындай жагымсыз көрүнүш бир гана аталган маршруткага эле эмес, бардык жеке менчик коомдук транспортко тиешелүү. Андыктан, мэрия бүгүнтөдөн шаардык коомдук транспорт саясатын кайрадан карап чыкпаса, эртең кеч болуп калат.

Айтбек ЖУНУШАЛИЕВ, Бишкек шары

РЕДАКЦИЯДАН: Жакында эле шаарда куду окурманыбыз А.Жунушалиев баяндагандай  окуя №223-маршруткада катталды. Маршрутканын  айдоочусу эшикти  жаап  алып, пенсионерди түшүрбөй койгон. Бул окуя боюнча түшүндүрмө берген Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын: айдоочунун кылыгы адамгерчиликке жатпайт, бирок ал жолдо  жүрүү  эрежелерине ылайык аракет жасаган деген, айдоочуну сүттөн ак кылып көрсөткөн жактоочулугу таң калтырбай койбойт. Аталган башкармалык айдоочуга түшүнүк кат жаздырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлап  тим  болушуптур. Шаардык транспорт башкармалыгы ушинтип атасындай адамга маданиятсыз  мамиле  жасаган  адыраңдаган  айдоочуларды  коргоп отурса,  коомдук  транспорттогу мышык  ыйларлык  абал  оңолмок беле? Тескерисинче, оңколобойбу!

Акча десе адыраңдаган айдоочуларды ким тыят?: 1 комментарий

  • Октябрь 2, 2018 в 1:10 пп
    Permalink

    Жогоруда маршрутка айдоочуларына болгон доомат чыпчындык. Карыларды көрсө ичи бопбош болсо да алышпайт, себеби 5 эле сом берет да. «Кана пенсионныйың, көрсөт, болбосо түшүп калыңыз» дегендерди угуп-көрүп эле жүрөбүз. Каалаган учурда жаңжал кылып токтотуп коюшат, «кана, бизсиз кандай болор экен» дегенсип. Жаңы мерден суранабыз, шаардык транспорт жагдайын биринчи кезек жөнгө салгылачы?

Комментарии запрещены.