Мекенчил жазуучунун көйгөйлүү дастаны

Кийинки кездерде маданий, адабий чөйрөдө кыргыз жазуучулары жаңы замандын жүзүн чагылдырган чоң чыгармаларды, асыресе, романдарды жарата албай жатышат деген доомат сөздөр айтылып жүрөт. Анын чындыгы да бар. Калыптанган жана көндүм болгон коомдук система капыстан эле бүтүндөй талкаланып, анын базиси да, настройкасы да урап, алмашкан жаңы доордун баянын жаза салыш оңой-олтоң иш эмес.

Астын-үстүн болгон төңкөрүш замандын аки-чүкүсүн талдап-таразалап, түшүнүп баалаганга көп мезгил талап кылынат көрүнбөйбү. Дароо эле учурдагы окуялар, көрүнүштөр тууралуу болгонун болгондой жазып салса деле болот. Эмнеге болбосун? Бирок ал көркөм баян, көркөм дөөлөт боло албайт. Көркөм чыгармага типтүү каармандар, типтештирилген кейипкерлер керек. Алар жаңы заманда дароо эле пайда боло койбойт. Чоң чыгармалардын жазылбай жатканынын объективдүү себептеринин бири ушундадыр. Ал эми субъективдүү себептеринин бири — биздин жазуучулардын батылы барбаганынан деп ойлойм. Муну мен өз тажрыйбамдан улам айтып жатамын.

Ырас, жаңы замандын көйгөйүнүн чет жакасын чагылдырган чакан адабий жанрдагы ырлар, аңгемелер жазылып, жарыяланып жатканын билип, көрүп жүрөбүз. Өзгөчө, бу жагынан сезимтал акындарыбыз публицистикалык маанайдагы ырларды, поэмаларды арбын эле жазып жатканын айта кетпесек болбос. Так ошондой жаңы замандын көйгөйүн какшап жазган, бүтүндөй бир поэмалардын циклын жараткан эл акыныбыз – Меңди Мамазаирова. Анын “Тур, улуу Журт”, “Бир сабак”, “Энелер үнү”, “Элим, ай!” публицистикалык поэмалары окурмандарды кайдыгер калтырбаган, жүрөктү титиреткен көркөм дүйнө.

“Эр эмесмин,
Эрди тууган энемин.
Элим үчүн,
Эр өстүрүп келемин…” – деген ыр саптарынан кубанычты да, кайгыны да жүрөгүнүн элегинен өткөргөн, уул төрөгөн эне эле эмес, көркөм дөөлөт төрөгөн эне-жазуучу деп билүү абзел деп эсептейм. Эненин да, эненин аты менен көркөм дөөлөт жараткан эне-жазуучунун – Меңди Мамазаированын атуулдук ынанган ишеним – кредосу, жазуучулук мекенчил позициясы так ушундай.

Меңди – акын, прозаик, драматург жазуучу.  Ал  чыгармалары  менен  эл  оозуна алынып, даңазаланган жеке ысымдары менен аты аталган Тенти эже, Зуура эже, Мариям,  Субайылда,  Майрамкан,  Гүлсайра акын эжелериндей эле көрүнүктүү жазуучу инсан.

Жакында эле Меңди Мамазаированын “Аймаран”  аттуу  чоң  көлөмдүү,  550  беттен турган романы жарык көрдү. Китептин авантитулунда (биринчи барагында) автор китепти чыгарууга демөөрчү болуп берген “Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиевге ыраазычылыгын билдириптир, кыргыз китеп басмасынын чыгаан азаматы Тилек мырза өз каражаты жетпеген жазуучуларыбыздын китептерин чыгарууга дайыма демөөрчүлүк кылып келе жатканын айта кетели.

“Аймаран” романы жазуучу, акындын мурда жарыяланган көйгөйлүү маселелерди козгогон публицистикалык ой толгоолорунун, көп жылдык адабий даярдыгынын, тажрыйбасынын туундусу экенин окурмандар дароо баамдайт. Романдын курч окуялуу сюжети да, шар окууга ылайыкталган жазуу стили да баш көтөрбөй окууга мажбурлап турат. Адабиятчылар белгилеп жүргөндөй: “Акын-жазуучу чыгармаларын сезим менен чагылдырат, прозачы-жазуучу чыгармасын акыл туюм менен сүрөттөп баяндайт, драматург-жазуучу чыгармасында сөз менен каармандын кыймыл аракетин көрсөтүүгө басым жасайт”, – дегени синтезделип, ушул романдын стилдик өзөгүн бириктирип тургансыйт. Менин баамымда, баары бир прозаны, драматургияны поэзия үстөмөндөтүп алгандай сезилди. Көп пландуу, кеңири понарамалуу, татаал тагдырлуу ондогон каармандары бар чоң чыгарманын сюжетин баяндап берүүнүн кажети деле жоктур. Романды талдоо жагы сынчылардын, адабиятчылардын иши.

“Аймаран” – мен окуп чыккан кыргыз жазуучулардын кийинки жылдарда жарык көргөн  романдарынын  көрүнүктүүсү  да, окумалдуусу да экенин белгилей кетейин. Чоң сүрөткерлик менен жазылган эпизоддор, каармандардын жүрүм-туруму экрандагыдай, сахнадагыдай көз алдыга тартылып турат. Ушунусу жазуучунун чеберчилигин айгинелейт.

Бардык эле чоң чыгармалардын өзөгүн курч окуялар, татаал жагдайлар түзөт. Анын ичинде сүйүү, махабат темасы өзгөчө орунду ээлейт. Ансыз көркөм чыгарма да болбойт. Сүйүү адам баласынын ыйык сезими. Аны көркөм чыгармада сөз менен баяндап берүү өтө кыйын. Өзгөчө чеберчиликти, устаттыкты да, адептүүлүктү да талап кылат. Бул жагынан Меңди чебер сүрөткер экенине ынандым. Жан кумары менен дене кумарынын чегин, ажырымын билүү, сүйүү ышкысын чектен чы-гарбай – көшөгөнүн ичинде, жылаңачтабай сүрөттөп жазып берүү өзгөчө чеберчиликти, адептүүлүктү, ыймандуулукту талап кылат эмеспи. Сүйүү ышкысын атайын жазганым – окурмандардын көңүлүн жаңы романды окууга кызыктыруу үчүн көңүл бурдурайын деген ниетим.

“Аймаранда” автор өзү жазгандай: “Жер – жер боло электе, адам отту таап жылына электе, денелерине чүпүрөк тагына электен бери, жана да көчмөндөрдүн жоокерчилик заманында айтылган элдик уламыштар менен легендалар, анан да инжилдерде, диний китептерде кайталанып айтылган икаялар өз-өз ордунда, чыгарманын идеялык-көркөм деңгээлин көтөрүүгө кызмат кылууга ылайыктуу чебер пайдаланганын кыстара кетейин. Ошондой эле романда айрым метафизикалык  кубулуштардын,  кайыптык касиеттүү көрүнүштөрдүн сүрөттөлүп берилиши да кандайдыр бир деңгээлде чыгармага жаңычылыкты киргизүүгө жасаган автордун далалаты болсо керек деп ойлоого болот.

“Аймаран”  деген  сөздү  чечмелей түшүндүрүп кетпесем да болбос. Анткени, бул сөз биздин сөздүктөрдө жок, сөз баккандардан сураштырып көрсөм, эл ичинде да айтылбайт дешти. “Аймаран”, менин оюмча, автор өзү атайылап ойлоп тапкан, өзгөчө маани берген сөз. Ал сейрек кездешүүчү мээр чөптүн өзгөчө бир түрү. Гүлдүү чөп. Ал пейили, дили таза адамга гана көрүнүп, табылат экен. “Аймаран” – тазаланууга шыпаа болчу дары чөп”, – деп түшүндүрөт романдын каармандарынын бири, кайып-касиеттүү Ариет Ата дагы бир, чыгарманын өзөгүн кармаган Тумар Нурадиловна Муратовага (Ушерде романдагы каармандардын ысымы да алардын ким экенине кызмат кыларын айта кетели).

Романдын аяккы аккорддору өтө поэтикалуу бүткөнүн белгилей кетели: “Мекенден башка мекен жок, эй!” – деген бүтүм менен аяктайт.

“Аймаран” романы, менин ынанган пикиримде, мекенчил чоң жазуучу, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Меңди Мамазаированын окурмандарды, элибизди тазаланууга чакырган чыгармачылык бийиктиги.

Мелис АБАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу

Мекенчил жазуучунун көйгөйлүү дастаны: 1 комментарий

  • Октябрь 2, 2018 в 4:42 пп
    Permalink

    » АЙМАРАН » романы жөнүндө бир ооз сөз…

    Кийинки жылдары , Кыргыз адабиятындагы пайда болуп жаткан ийгиликтер саналуу эле ..Ар кайсы тармакта алдыңкы сапка чыккан эже , карындаштар көп эле… Ал эми көркөм адабият жаатында ат салышкан аял заты бизде көп болсо да , талыкпай чыгармачылыгын улантткандар аз учурайт .. Улуулата айтсак , кийинки кезде прозада Меңди Мамазаирова , Кален Сыдыкова , Бактыгүл Чотурова , Жыпар Исабаева ж.б төбөсү көрүнүп келаткан Кыргыз кыздары көп эле.. Анын ичинде , башкалардан универсальдуулугу менен айырмаланган Меңди Мамазайирова бул күндө , Зуура Сооронбаева сыяктуу өзүн прозаик катары да , даана көрсөтө алды… Айрыкча , » Аймаран » романында , » Мекенден башка , Мекен жок » -деп , азыркы күндө дүйнөгө таруудай чачылып бараткан кандаштарга » КЕТПЕГИЛЕ , ЖЕРИҢЕРДИ ТАШТАБАГЫЛА ! дегендей , » АЙМАРАН » романы аркалуу чакырык таштап , ЭНЕ катары , ,Добулбас уруп , алдын ала эскертип жаткандай сезилет…

Комментарии запрещены.