Сүйүнбай Эралиев. Ырга айланган өмүр

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз улуттук адабиятын айтабызбы, же дүйнөлүк адабиятты алалыбы, адабият дүйнөсүндө кайталангыс таланты, миң сырлуу чыгармачыл өнөрканасы менен башкаларга үлгү болуп, жол көрсөтүп, улуу-кичүү муундагы калемдештеринин устатына айланып, өзүнүн мектебин түзгөн калемгерлер сейрек кездешет. Андай уңгулуу калемгерлердин улуулугу мында: алар көркөм ой жүгүртүүнүн күчү менен сөзгө өлбөс-өчпөс өмүр беришет, сөзгө жан киргизишет, жөнөкөй эле сөз менен миңдеген жүрөктөрдү багындырышат. Кеп жебеген акылды ийге келтиришет. Азоолорду ооздукташат, чалпоолорду ордуна коюшат. Алардын чыгармаларын окуп отуруп, сөздүн күчүнө, кептин касиетине, ойдун кудуретине ары тамшанып, ары таңгалып бүтпөйсүң.

Акын Сүйүнбай Эралиев да өзүнүн чыгармачылык өнөрканасы менен көзү тирүүсүндө поэзиянын классиги атанган, өзүнүн поэзия мектебин жараткан жаратман акындарыбыздын бири эле. Анан да ал – адамды бир караганда көрө билген даанышмандыгы, ар кимге анын түшүнүгүнө жараша мамиле жасаган эстүүлүгү, бир көргөн адамы менен жеңил тил табыша билген жөнөкөйлүгү, адамдык бийик парасаты менен жүздөгөн-миңдеген адамдардын эсинде калды.

“Жүз жылдар мындан кийин да,
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар,
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да,
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала.
Шуудурап турат үшүнтүп,
Биз жокпуз аттиң бир гана…”.

Акындын ушул ырын окуган адам ал кишинин көсөмдүгүнө, даанышмандыгына тан бербей, таңгалбай кое албайт. Жөнөкөй сөздү канаттуу ойго ширеп, окуган адамдын акыл-эсин ай-ааламга, ай-жылдарга чабыттаттырып, акыл-эсти алоолонуп күйгөн оттой жалбырттаткан саптарды жаратуу жеңил эмес. Ырас, ырды уйкаштыруу көп эле адамдын колунан келет, а сөзгө канат бүтүрүп, сөзгө жан киргизип, акыл-эсти солк эткизген көркөм ой жүгүртүү карапайым кишинин эмес, өзүн акынмын деп эсептеген ар бир адамдын колунан келе бербейт. Мындай канаттуу саптарды сөздү аздектеген, сөздү баалай билген, сөзгө текебер мамиле кылбаган, эң башкысы көкүрөгү жарык, жан дүйнөсү аруу, акыл-эси ордунда, интеллектуалдык деңгээли бийик акын гана жаза алат. С.Эралиев мына ошондой касиетке ээ, анын акындык бийиктиги да, акын катары улуулугу да, адамдык парасатынын кол жеткистиги да дал мына ушунда.

Оболу, Сүйүнбай Эралиев табият талантты ченебей берген тубаса акын жана да элдик салттуу поэзияны мыкты билген, элдик адабиятты кенен түшүнгөн, акындар поэзиясынын өкүлдөрүнө “ашырбай да, кемитпей да баа бере алган” кара кылды как жарган калыс угарман, окурман. С.Эралиевдин элдик поэзияга карата: “Ил-гертен кыргыз жери ырдын жери болуп келген. Таң булбулу окшоп таңшыган канча бир акындар өтпөдү. Көбүнүн аты-жөнү белгисиз калды. Көбүн биз билебиз, бирок алардын ырлары да үзүлүп-бөлүнүп, бул күндөргө араң жетип олтурат. Кантсе да алардын баары биз үчүн асыл мурас.

Аларды биз бөтөнчө камдуулук менен этиеттеп жыйнап, өзүбүз жана бизден кийинкилер үчүн пайдаланууга тийишпиз. Алардын үнүн угуп олтурсаң, биздин бабалар өлүмгө денелерин эле берип, ырларын эртеңки муундар үчүн деп атайын сактап калган сыяктуу. Ал ырлар адам жанынан бүткөн сыйкырдуу сүрөттөр окшоп, ошол доорду, андагы тиричиликти көз алдыга тартып турат. Алар ошонусу менен бизге кымбат. Мен мисалы, өз ырларыма алым-сынбай тытсам тытып салышым ыктымал, бирок бабалардын мурастарына жоопкер-чилик менен ыйык кароого милдеттүүмүн.

Элдин өткөндөгү көркөм аң-сезими, дүйнөнү түшүнүүсү жана баалоосу да ошол ырларда сакталып калган. Адам баласынын табиятынын дагы бир купуя сырын далилдеген ырчылык, төкмөлүк өнөр жөнүндө мындай, же андай деп түшүндүрүштүн өзү да кыйын. Бийик искусство ар кандай түшүнүктөн жогору эмеспи. Башка элдерде мындай өзгөчөлүк жок. А бизде бар. Ошо барына шүгүрчүлүк. Анткени, ал элдин табигый шыгы, ыр кумардуулугу жана ыр жандуулугу менен байланышкан”, — деген баасы не деген керемет акыйкат баа. Ал мына ушул “Ооз ачылар менен ойлор сөзгө, болгондо да көркөм сөздөргө, анан ыргактарга, анан куюлушкан уйкаштарга суудай агылып жүрүп олтуруунун өзү эмне деген керемет, эмне деген сыйкырдуулук!

Бүткүл дене эрип, ырга айланып кеткендей” көркөм дүйнөнү, андагы көркөм боекторду өзүнүн оттуу ырлар түнөгөн көкүрөгүнө бекем сиңирип эле албастан, аны өркүндөтүп, жаңы боек, жаңы түс берүү  менен  улуттук  поэзиянын  жаңы бийиктигин жаратып, улуттук поэзияны дагы бир тепкичке өйдө көтөрүп салганы менен өз замандаш акындарынан бир төбө жогору турат. Анын “Ак Мөөр” поэмасы акындын тубаса талантын жана талашсыз ыр чебери экенин далилдеген өзүнчө бир кайталангыс бийиктик болуп калды. Бири-бирине куюлушуп, жуурулуп, сөздү ийкемге келтирип, ырга жан киргизген уй-каштыктар, сөз кудуретинен жасалган кайталангыс көркөм боектор, окурманды селт эттирип, өзүнө жалт караткан салыштыруулар, каармандардын, табияттын, адамдын жан дүйнөсүнүн абалын агын ак, карасын кара кылып, ажайып тил менен тарткан сүрөттөмөлөр акындын нукура сөз чебери, сөз устасы, сөз багбаны экенинен кабарлап турат. Чыныгы талант, кайталангыс сөз чебери деп Сүйүнбай Эралиевдей касиеттүү талантты айтсак жарашат.

Ал ар дайым өзүнө сын көз менен карай алган, өз ийгиликтерин да, өз кемчилигин сезип, кемчилигин улам кийинки жазган чыгармаларында түзөп жүрүп отурган. Ал өзүнүн жазган ырларына, жеткен бийиктигине маашырланып, көңүлү ток болуп отуруп албастан, акындык дараметин билип, өзүндөгү мүмкүнчүлүктөрдүн кенен экенин сезип, улам кийинки бийиктикти багынтууга белсенген. Өзүнө, өзү жа-раткан ырларга төңкөрүш жарыялап, өзү менен өзү күрөшкөн.

Алп акын өжөрлүк жана көктүк менен тынымсыз изденген. Ошентип, акындын акындык жолунда күтүлбөгөн бурулуш болду. Сүйүнбай Эралиев кыргыз улуттук поэзиясына революция жасады. Улуттук поэзияны, салттуу жаңы ыр түзүлүшүн жаңы ой, жаңы мазмун менен байытып, улуттук ыр кыртышына батыш ырына мүнөздүү уйкашсыз ыр түзүлүшүн чебер кыйыштырган багбанга айланды. Акындын “Жылдыздарга саякат” поэмасы баштаган эркин ырлары ошол түйшүктүү ишинин туундусу.

Эң башкысы, С.Эралиевдин экспери-менти ийгиликтүү ишке ашкан. Ал өзүн бул поэмасы аркылуу планетардык масштабда кенен жана терең ойлоно алган акылы тунук, ой жүгүртүүсү сергек акын катары көрсөтө жана дүйнөлүк кадыр-баркка ээ болгон эркин ыр устаттары ойчул акындар Рабиндранат Тагор, Уолт Уитмен, Пабло Неруда, Габриэла Мистраль, Назым Хикмет ж.б.лар менен теңеше алган. Бир сөз айтканда, С.Эралиев өзүнүн ойчул поэзиясы аркылуу кыргыз улуттук поэзиясын, улуттук көркөм ой жүгүртүүнү дүйнөлүк поэзиянын деңгээлине көтөрө алды. Ошол эле учурда дүйнөлүк поэзияны да улуттук поэзияга мүнөздүү кайталангыс салыштыруулар, көркөм ойлор менен байыта алды. Ошентип, бир сөз айтканда кыргыз улуттук прозасын дүйнөлүк деңгээлде көтөргөн алп жазуучу Чыңгыз Айтматов болсо, кыргыз улуттук поэзиясын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн алп талант Сүйүнбай Эралиев десек эч жаңылышпайбыз.

Акындын поэзия дүйнөсүндөгү дагы бир багынткан бийиктиги, жасаган эрдиги деп анын улуттук поэзияны Батыштын үлгүсүндөгү ак ырлар менен байытып, эркин ырдын чоң устатына айланган соң, ал кайрадан салттуу ырларга кайрылып келип, кайрадан салттуу ырлар аркылуу улуттук ырга революция жасаганын айтсак болот. Акындын “Кызгылт багымдат”, “Кыштак кечтери” мына ошондой ыр китептерден. С.Эралиевге чейин да, Сүйүнбай Эралиевден кийин да кыргыз поэзиясы андан бийиктиктерди багынта элек. Кыргыз адабиятында көптөгөн талашсыз таланттар бар, бирок алардын бири да С.Эралиев жеткен бийиктикке жеткен эмес, С.Эралиев багынткан  бийиктиктерди  багынткан эмес,  кыргыз  ыр  түзүлүшүнө,  улуттук ыр түзүлүшү аркылуу дүйнөлүк поэзияга жаңычылдык киргизе алышкан эмес. Бул карандай факт.

Академик Абдыганы Эркебаев “Сүйүнбай Эралиевдин адамдык жана акындык эрдиги” аттуу макаласында: “…Сүйүнбай Эралиев – өтөгөн өмүрү, жүрүм-туруму, жасаган иши, чыгармачылык эрдиги аркы-луу элине өрнөк болчу адам. Аны эч бир ойлонбостон, тартынбастан туруп азыркы жана кийинки кыргыз адабиятынын классиги десек болот. Эң биринчи иретте ал өзгөчө тубаса талантка ээ. Мунун айкын далилдери – анын ченемден тыш сөз туюму (ансыз акын болуш кайдан?), кынтыксыз кылдат сезимталдыгы, кадиксиз табити (айрыкча сөзгө, добушка, шыбыртка, ыргакка болгон) кыргыз тилин миң түрлөнтүп кубулта алганы, чыныгы сүрөткерлик көзү, бардык нерсенин ченемин так баалап сактаганы.

Экинчиден, башка көптөгөн кыргыз акындарынан айырмаланып, С.Эралиев дайыма талбай окуган, тынымсыз билим алып, аны бапестеп өстүргөн, кыргыз фольклорун, Чыгыш менен Батыштын адабиятын, философиясын чындап өздөштүргөн…

…С.Эралиевдин  поэзиясы  интеллектуалдык  кудуретке,  философиялык  тереңдикке,  бийик  парасатка  ээ. С.Эралиевдеги суктанчу, үлгү алчу үчүнчү баалуу сапат – тыным билбес эмгекчилдик, изденгичтик, улам жаңычылдыкка, өрдөн өргө умтулуу, өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы үчүн бел чечпей күрөшүү”, – деп акынга болгон сый-урматын билдирсе, дагы бир академик Осмонакун Ибраимов акындын адабиятта, айрыкча поэзияда төңкөрүш жана чоң адабий секирик жасаганын айта келип, С.Эралиевдин “70 жылдык чыгармачылык жолун адабиятыбыздагы абдан салмактуу жана баасы жогору бөлүгү. Сүйүнбай Эралиев чынында да классик акын, чынында да улуу акын. Эмне үчүн? Эң негизги себеп Сүкөбүз кыргыз поэзиясын, улуттук ыр маданиятын жаңы багытка, жогоруда айтылган модернизм багытына бурган акын болду. Биздин поэзияны түп көтөрө жаңылаган, көнүмүш болуп калган формалардан, эскирип, кайталанып бараткан уйкаштардан, ритмдерден, темалардан кайт кылган акын катары эсте калды”, – деп акыйкат баасын берет.

Академик агалар айткандай, Сүйүнбай Эралиевдин ырга айланган өмүрү чындыгында да поэзиянын улуу жана ыйык жолуна түшкөн ар бир чыгармачыл адам үчүн өрнөктүү. Ал өзүнүн кайталангыс таланты менен Эралиевдин поэзия мектеби аталган мектеп түзүп кетти. Чыгармачыл жаштар Сүйүнбай Эралиевге окшоп ар дайым изденүү жолунда болуп, жаңы уйкаштыктарды издеп, жаңы мазмун, жаңы формаларды эксперимент жасап, тынымсыз өсүү жолунда болсо, өжөр жана көк, күрөшчүл акынга түздөнсө, анда кыргыз улуттук поэзиясы жаңы бийиктиктерди багынтмак, жаңы ыр мектептери жаралмак, жаратман акындар пайда болмок.