Назаркул ИШЕКЕЕВ: «Тил жоголсо – улут жоголот, улут жоголсо – мамлекеттүүлүк жоголот…»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


“Айрым маалыматтар дүйнөдө жети жарым миңден ашык тил бар десе, айрым маалыматтарда бул эсепти беш жарым миңден ашык деп айтышат. Эми ошончо миңдин ичинен 194 улуттун гана мамлекети болсо, ошолордун арасында биз барбыз. Бул – зор байлык. Бул баалуулукту ар бир кыргыз, ар бир инсан түшүнүүсү керек…

…Мамлекеттик тил майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мекендештер!” (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев)

– Мамлекеттик тил катары  кыргыз  тилинин  акыбалы  кандай? Өзүнүн статусуна жооп бергидей жашап жатабы?   Эгерде  жок  болсо, эмне үчүн? Кай жерлерде кандай кемчиликтер бар жана аны оңдоонун жолдору  барбы?  Ушунча жылдан бери көйгөй-лөр эмнеге чечилбей келе жатат?

– Бул аябай татаал суроо. Буга жооп бере турган жагдай – элдин колунда. Мамлекеттүүлүк – мамлекеттик тилден башталат. Демек, кыргыз тили – өлкөнүн жүрөгү. Анткени, ал элге табият тарабынан берилген касиеттүү нерсе. Улуттун, мамлекеттүүлүктүн, эрктүүлүгүнүн асыл баалуулугу. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, жыйырма тогуз жылдан бери бул багытта бир топ эле иштер, алга жылуулар болуп жатат. Бирок биз каалагандай, биз кубангандай эмес. Ал өлкөнүн бардык чөйрөлөрүндө негизги баарлашуу каражаты катарында толук иштей албай жатат.

– Эмне үчүн?

– Мунун объективдүү, субъективдүү себептери бар. Биз советтик тоталитардык коомдо жашадык. Ал мезгилде бир тилге өтө артыкчылык берилген.Мына ошондой оор кырдаалда бул тоталитардык бийликке бир гана киши каяша айта алган. Ал – Чыңгыз Айтматов.Советтер Союзунун курамындагы майда элдердин тегин коргоп калыш үчүн, орусташуудан сактап калуу үчүн Фрунзе шаарында болгон илимий практикалык конференцияда: Азыркы тилдин абалы жана ал жок болуп кетиши мүмкүнбү? Орус тилдүүлөрдү көтөрүүнүн маани маңызы кандай? Бишкек шаарынын билим берүүсү кандай? Жалгыз кыргыз тилинде мектептин болушу бул улуттук баалуулук боло алабы? — деген сыяктуу маселелерди көтөрүп терең философиялык, лингвистикалык  ойлорду  ачык  айткан. Ошондуктан ал киши кыйла жапа чеккен. Анан ал кишинин көрөгөчтүгү, даанышмандуулугу – ошол татаал кырдаалда жол тапкан. Ал киши айткан кош тилдүүлүктүн негизинде иштер бир топ алдыга жылган. Бирок маанилүү өзгөрүүлөр болгон эмес. Баягыдай эле, орус тилинин үстөмдүгү кала берген. Ошентип турган кырдаалда кайра куруу саясаты келди, улуттук резонанс пайда болду. Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилди.

Экинчиден, тилди чечүүнүн тоталитардык жана демократиялык жол деген эки булагы бар. Биздин айрым коңшу өлкөлөрдүн акыбалы бизден да оор болчу, алар соңку чейрек кылымдын ичинде тоталитардык жол менен жана мамлекеттик маалымат булактарын жигердүү пайдалануу менен бул маселени чечип алышты. Биз демократиялык жолду тандап алдык дагы либералдык жолго түштүк. Натыйжада, алигиче биздин тил маселесине болгон көз караш бирдей нукка, улуттук баалуулуктардын өстөнүнө түшпөй жатат. Ошол эле бийликте отурган кызматкерлерибиздин айрымдары мамлекеттик тилди жакшы билбегендиги, жаза албагандыгы абдан курч маселе. Бирок аларды күнөөлөшкө да болбойт, анткени алардын мезгили ошондой болгон.

– Андан бери отуз жыл өтпөдүбү?

– Отуз жыл өтсө дагы, алар өздөрүнүн жандүйнөсүнө ыңкылап жасап, улуттук баалуулуктардын мейкиндигине кайтып келбей жатышат. Үчүнчүдөн, кыргыз тили бүгүнкү күндө мамлекеттик муниципалдык мейкиндикте иш кагаздарын жүргүзүүнүн толук калыпка түшкөн форматына ээ болбой жатат. Доор алмашканда, система алмашканда жаңы терминдер, жаңы түшүнүктөр келип чыгат. Ошонун баарын калыпка салыш керек.

– Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу барбы?

– Жолу ошол – булардын баарын бирдейлештириш керек.

– Ким?

– Иретке келтире турган – Өкмөттүн алдындагы Терминком деген атайын мекеме бар. Башта Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын карамагында болчу, кийин кандайдыр себептер менен биз каржылап калганбыз. Ошону азыр академияга кайра өткөрүп бердик. Кудай буюрса, акырындык менен терминдерди бирдейлештирүү жолго коюла баштады.

– Бишкек мэринин мамлекеттик сынактан өтүүсү коомчулуктун бүйүрүн кызытып жатпайбы, буга сиздин оюңуз жана жообуңуз кандай?

– Бул сынак – Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча мекемесине таандык. Биз  комиссиянын  курамына  жыйырмадан ашык мүчөнү сунуш кылганбыз. Алардын  ичинен  тандап  алып,  сынак өткөрүштү.

– Кечиресиз, Кыргызтест эмне үчүн иштеген жок?

– Анткени, Бишкек жана Ош шаарынын макамы жөнүндө мыйзам бар. Сынак ошол мыйзамдын негизинде өттү. Ал эми Кыргызтест 2017-жылдын апрель айында түзүлүп, ал боюнча азыр баамдоо жүрүп жатат. Биринчиден, ал юридикалык күчкө 2019-жылдан баштап ээ болот. Экинчиден, кыргыздын татыктуу жигиттерин колдошубуз керек. Анын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек. Мисалы, кыргыздын көптөгөн мыкты инсандары, жетекчилери жакында эле үйрөнүшпөдүбү. Кыргыз өкмөтүнүн экс-башчысы Апас Жумагуловду алалы, экс-президент Роза Отунбаеваны алалы. Адегенде кандай эле, эми сөздүн уйкашын, синонимин тандап, кырааты менен сүйлөп жатышпайбы.Ошондуктан мен азыркы мэрди жакындан тааныбасам дагы элим-жерим деген атуулдарыбыздын бири болсо керек деп ишенем. Өзүнө-өзү сын көз менен  карап,  ийгиликке  жетишерине ишенем.

– Деги эле ишкана-мекемелерде мамлекеттик тилдин акыбалы, жалпы чиновниктердин мамлекеттик тилди билүүсү кандай деңгээлде?

–  Өкмөттүн  токтомуна  өзгөртүү кирген.  Ар  бир  мамлекеттик-муниципалдык кызматка алынып жаткан адам мамлекеттик тилди билиши ке-рек. Өкмөттүн 557-токтому боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер 2019-жылы мамлекеттик тилди А-2 – баштап-кы деңгээлинде билиши керек. Андан кийин 2020-жылы В-1 деңгээлинде би-лиши керек. Ал эми 2021-жылы В-2 деңгээлде билиши керек. В-2 деңгээлде президенттикке талапкерлер сынак беришкен. Ошол кезде бардык мекеме, ишканалар, сот бийлигинде дагы, аткаруу бийлигинде жана мыйзам чыгаруу бийлигинде дагы мамлекеттик тилге өтүшү керек. Бул деңгээлдер эл аралык  деңгээлдерге  ылайык  иштелип

чыккан. Сынак объективдүү, калыс болсун, адам фактору катышпай туруп, бардык жыйынтыкты технология , компьютер өзү чыгарсын деп, Кыргызтестти түздүк. Ошентип, мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жакшы нукка бурулат деп ишенем, анткени иш башталды. Биз азыр ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Ааламдашуу термини бүгүнкү күндө социалдык, экономикалык, маданий, жалпы турмуштук философиянын феноменине айланууда. Бул процесс бизге үч тараптан таасир этип жатат. Биринчиси, ааламдашуунун таасири менен өзүнүн улуттук тилинен, эс тутумунан, салт-санаасынан, маданиятынан ажырап, кол жууп, ошол эле мезгилде башка маданияттын таасиринде калып, бирок ал жакка да толук сүңгүп кете албаган, ортодо калган чоочун муундар пайда болду. Бул – өтө коркунучтуу. Ошондуктан, ата-эне мектеби, үй-бүлө институту, бала бакча. Билим берүүнүн бардык  тутуму  бел  чечпей  иштеши керек. Бөтөн  өлкөдөн  алынган  баалуулуктар кандай насыйкаттарды жасап жатат? Ошондуктан улуттук насыйкат үйдөн башталыш керек. Эне тил – эненин сүтү менен келет.

Экинчиден,  ааламдашуу  –  улуттун өзү-өзү  издөөсүнө  ыңгайлуу  шарттарды түздү. Мен ким элем, ким болдум? – деген суроо пайда болду. Ошонун алкагында жанагыдай чоң иш чаралар жүрүп жатат. Мухтар Шахановдун бир жакшы ыры бар: Казакстандын учу-кыйырына көз жетпеген бир талаасында, кыштын кычыраган 50 градус суугунда бир өсүмдүк жап-жашыл болуп кербезденип өсүп турат. Анын аты – жантак. Ушул эле өсүмдүк мээ кайнаткан 50 градус ысыкта да жапжашыл болуп, кер-безденип өсүп турат. Анын аты –жантак. Анткени бул өсүмдүк өзүнүн тамырын узак аралыктарга жайып жиберип, натыйжада мезгилдерге баш ийбей, менменсип турат. Ал эми ошонун жанында эле камгак деген өсүмдүк бар дейт. Шамал каякка айдаса, ошол жакка томолонуп учуп жүрөт. Тамырынан да ажырап, жер кыртышынан бөлүнүп калган… – дейт. Биз мына ушундай муунду тарбиялап алуудан коркушу-буз керек.

Үчүнчүдөн, ааламдашуу доору бизге башкы баалуулук катарында, чечүүчү фактор катарында материалдык байлыкты алдыга чыгарат. Бул да өтө коркунучтуу  тенденция.  Материалдык байлык чечүүчү факторго айланганда инсан да, этнос да алсызданууга учурайт. Ошондуктан ачылышында Президентибиз жакшы ой айтты: “Көчмөндөр маданиятынын цивилизациясынын философиясы – бул руханий маданият менен материалдык маданиятты тең салмакта алып жүрөт”, – дейт.Ошого жетишибиз керек. Улуттук маданиятыбыздын төл башы болгон эне тилибизди тумарыбыздай тутунушубуз керек. Жолдо, коомдук унааларда жаштардын көбү башка тилде сүйлөшөт. Зээниң кейийт . Эмне үчүн биздин жаштар эне тилин мода кылышпайт. Коңшу өлкөлөрдө бул көйгөй жок. Алар өз эне тилинде сүйлөө менен сыймыктанышат. Башкалардан талап кылышат. Алар союз маалында эле ошондой болчу. Биз ошондой мекенчилдик кыртышка чыга албай жатабыз.

– Буга ким күнөөлүү?

– Көбүбүз күнөөлүүбүз. Үй-бүлөдөн, энеден  баштап,  билим  берүү  тармагынын туу башында тургандар, ар бирибиз. Анан да бир кызык агым бар, мамлекеттик тил десе эле улуттук комиссиянын, кыргыз тилчилердин иши деп ойлошот. Тил деген – элдики. Ага ар бирибиз жооп беришибиз керек. Үйдө баласы билбей  калса,  кызы,  небереси  билбей калса, ошол ата-эне күнөөлүү. Бул – улуттук баалуулукка кол салуу менен барабар. Мен  мекендештеримдин  мекен-чилдик  көз  карашына  терең  ишенем. Ата-бабадан  калган  улуу  мурасты  – тилди урпактарга өткөрүп берүүбүз керек.  Тил  –  тарыхтын  да,  маданият-тын  да   башаты.  Тил  –  өткөнүбүздүн, бүгүнкүбүздүн, келечегибиздин дөөлөтү. Тил жоголсо – улут жоголот, улут жоголсо – мамлекеттүүлүк жоголот. Бул – кашкайган чындык.

– Эң эле жөнөкөй көрнөк-жарнактардагы каталар, талаптар аткарылбай келе жаткандай? Бул кимдин катасы?

– Бишкек шаарынын мурдагы мэрлеринин бири Кеңеш Кулматов мэр болуп келгенге чейин мэрияда көрнөк-жарнактар боюнча департамент бар болчу. Ал киши келгенден кийин белгисиз себептер менен бул департамент жоюлуп кетип, ошонун кесепетинен башаламандыкка жол ачылып кетти. Улуттук тил комиссиясынын колунда муну жөнгө салган мыйзамдуу рычагы жок. Көрнөк-жарнак боюнча айып салуучу бирден-бир мекеме Монополияга каршы агенттик иштечү. Ошол эле Кулматовдун учурунда бул маселе абдан курч коюлуп, Президенттин аппаратынын бөлүм башчысынын катышуусунда жыйын өтүп, Бишкек шаарынын вице-мэри, депутаттар, курулуш архитектурасынын башчысы катышып, ушул маселени талкуулаганбыз. Бирок жыйынтык болгон эмес. Андан кийин Албек Ибраимов мэр кезде бул маселе кайрадан көтөрүлүп, ал киши: “Мен жакында Бишкек шаарынын структурасын бекитем, ошондо департаментти кайра калыбына келтирем”, – деп убада кылган, бирок убада дагы аткарылбай калды. Мына эми жакында депутаттар демилге көтөрүп, мый-зам бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүү киргизип беришти. Президент кол койду.

Эми, мындан ары айыл өкмөтүнүн башчысына, акимге, шаарлардын мэрлерине ж.б. бардыгына көрнөк-жарнак боюнча мыйзам бузууларга айып пул салууга толук жол ачылды. Ал эми биздин милдетибиз – көрнөк-жарнак боюнча кай жерде көйгөй болсо, ошону көзгө сайып көрсөтүп беребиз, кат жиберебиз, Бишкек шаарынын жана өзүбүздүн сайттарга салабыз.