25-сентябрга карата аба ырайы

25-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көлдө жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда күн ачык болот. Күндүз Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24,

Баткенде түнкүсүн 6… 11, күндүз 22…27,

Ош менен Жалал-Абадда, түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу ыктымал, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…27 градус болот.