Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлөт

Бүгүнтөн тарта 29-майга чейин өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

26-28 жана 29-майда күндүн күркүрөшү менен коштолгон жаан-чачын болуп, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кароого кыйынчылык жаратат.

Бул күндөрү нөшөрлөгөн жаандан жана абанын температурасынын жогорулашынан улам дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам министрлик адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайы тууралуу маалымат берди.